Муратбек Бегалиевдин ааламды айланган турнеси

Белгилүү композитор Муратбек Бегалиев дүйнөлүк чыгармачылык турнеге аттанганын Калый Молдобасанов атындагы консерваториянын Илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Жамбы Жусубалиева кабарлады.

Турне ноябрь айынын башында Ташкент, Самарканд жана Хива шаарларында өтө турган V Эл аралык музыкалык фестивалдан башталган. Анда М.Бегалиевдин симфониялык чыгармалары ойнолуп, Ашрафи атындагы консерваторияда мастер класс өткөрдү.

Андан соң Астанада жылына өтүүчү “Шабыт” аттуу конкурска чакырылды. 66 мамлекет катышкан фестиваль – конкурс Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев тарабынан негизделген.

Бул эл аралык фестивалга композитор М.Бегалиев менен казакстандык прима скрипкачы, “Казак эл баатыры” А.Мусахожаева 21 жылдан бери үзгүлтүксүз төрагалык кылышат. Ушул эле жылдары Кыргызстандан да отуздан ашык таланттарыбыз лауреаттыкты жеңип алышкан. Анын бардыгы тең Кыргыз улуттук консерваториябыздын бүтүрүүчүлөрү.

Ал эми Башкортостандын Уфа шаарында өтө турган “Эл аралык II заманбап музыкалык фестивалында” Муратбек Бега лиевдин хордук жана симфониялык чыгармалары жаңырат.

Загир Исмагилов атындагы жогорку окуу жайда өтө турган “ХХI кылымдагы улуттук композиторлук мектептер” аттуу илимий-практикалык конференцияга да катышат.

Кийинки   жүрүш  Вьетнам  жергесиндеги Ханой шаарында боло турган ”The 3 Asia-Europe New Music Festival” аттуу форумга катышат. Анын ачылыш салтанатында М.Бегалиевдин “Festive Overture” деген чыгармасы ойнолот. Ал Азия жана Европа уюштуруу комитетинин комиссиясы тарабынан тандалган. Борбордук телевидениеде да түз эфирдик жолугушуулар күтүлүүдө.

Ал эми турненин кульминациясы Нью-Йорк шаарында болот. Улуу патриарх жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Америка жергесинде да салтанаттуу майрамдалат экен. Ага катышуу үчүн атактуу Колумбия университети, Америка жана кыргыз жаштар коому Кыргызстандан үч белгилүү адамдарды чакырышыптыр. Алар Р.Отунбаева, Б.Шамшиев жана М.Бегалиев.

Чоң деңгээлде илимий конференцияда сөз сүйлөп, улуу прозаик Ч.Айтматовду эскеришет.Ар бири өз тармагындагы кесиптештери менен жолугушат. М.Бегалиев композитор, музыковеддер жана анын чыгармаларын аткарып жүрүшкөн аткаруучулар менен да жолугушуп,келечек пландарын талкуулайт.

Тиленбек АЗЫК