Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Кулматовдун “патриоттуулугун” сот аныктамакчы

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Өткөн бийлик убагында Бишкектин экс-мэри, экс-башкы банкир, экс-башкы бажычы, экс-губернатор, экс-кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун директору сыяктуу кызматтардын башын кармаган, кийин кылмыш иш козголуп, учурда камакта турган Кубанычбек Кулматовдун уулу Каныбек соцтармакта атасы жөнүндө үн катыптыр.

Анда ал 5-ноябрда атасынын УКМКнын тергөө изоляторуна отургузулганына беш ай толгонун, атасы чыккынчы эмес экенине сыймыктана турганын айтыптыр. Анан дагы сегиз жыл ичинде бир адамды (Атамбаевди – М.Т.) көкөлөтүшкөн көптөгөн адамдар азыр аны сатып кетишкенин, а атасы уяты бар экендигинен улам сатпаганын, ошондуктан анын патриот экенин билдириптир.

Албетте, Кубанычбек Кулматов жана анын уулу бир адамга берилип кызмат кылууну патриоттуулук деп түшүнүшсө, бул — алардын деңгээлинин көрсөткүчү. Тилекке каршы, биз, кыргыздар, ушундай экс-чоңдордун мамлекетке кандай зыян келтиргенине калыс баа берүүнүн ордуна, жеке өзүбүзгө кандай жакшылык кылганына жараша баа берүү өнөкөтүнөн айрыла албай келебиз. Мына ошондуктан өлкөбүз да ушундай абалда…

Ал эми К.Кулматовдун “патриоттуулугу” соттук териштирүүлөрдөн билинет деп туралы…