18 жашында жайраган өмүр…70 миң сомго бааланган кылмыш иши… Ыйман кризиси…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылында жүрөк титиреткен окуя болуп өттү. Бөрү-Баш айылынын 18 жаштагы тургуну асынып алды. Күлкү десе күлкүгө тойбой, жашоо десе жашоого тойбой турган куракта өз өмүрүнө өзү кол салган жигиттин атасы баласынын өлүмү үчүн милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатат.

Кабыргасы миң жеринен сөгүлүп, кайгыга муунуп турган атанын айтымында, ушул жылдын 19-октябрында милиция кызматкерлери уулун мал уурулукка шектүү катары кармап кетишкен. Жөн гана шектүү катары кармашса, уурулукка тиешеси бар-жогун сурашса, маселе жок эле. Атасы Н.Асанбеков милиция кызматкерлери баласынын башына пакет кийгизип, кыйнап өлтүргөнүн, колуна кишен салып, желим бөтөлкөгө суу куюп алып, бир күндө эки-үч жолу эс-учун жоготкончо  сабашканын  канкакшап  айтып, президентке кайрылган.

ИИМдин  басма  сөз  кызматы  Н.Асанбековдун уулу мал уурулукка шектелип кармалганын  (19-октябрь),  күнөөсү  далилденгенин  жана  мал  уурулукка  шектүүнүн асынып алганы боюнча маалымат түшкөнүн (22-октябрь) тастыктады.

Баш-аягы төрт күнгө созулган окуянын соңу минтип 18 жаштагы жигиттин өлүмү менен аяктаган. Белгилүү болгондой, учурда  ИИМдин  ички  иликтөөлөр  кызматы Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана жетекчилигинин иш-аракеттериндеги мыйзамдуулук маселесин териштирүү ишин баштады. Мал уурулукка шектелип кармалган жигитке карата милиция кызматкерлеринин аракеттери канчалык мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин убакыт көрсөтөт.

Каза  болгон  жигиттин  атасы  Н.Асанбековдун айтымына караганда, милиция кызматкерлери уулуна карата козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн 70 миң сом сурашып, эгер аны бербесе балага баңги зат таштап, камап саларын айтышкан экен. Албетте, бул жагдай да териштирилип-тескеле турганы талашсыз. Болгону өлгөн жигитти эми кайра кайтара албайбыз.

Биерде маселе мында. Милиция кызматкерлеринин тиги же бу кылмышка шектүү адамдарды кармап келишип, аларга адам баласы кылбай турган мыкаачылыкты көрсөтүп, уруп-согуп, кыйнап көрсөтмө алган Ак-Суу районундагыдай окуя алгачкы эмес. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун отчетун барактап көрө турган болсоңуз, андай фактылардын миңин табасыз. Кыйноо фактылары өзгөчө ИИМ органдарында көбүрөөк катталары да жана кыйноо объектилери өздөрүн коргой албаган, мыйзамды жакшы билбеген кырчындай жаш жигиттер экени да талашсыз. Бул үчүн шектелген адамдарды кыйнаган милиция кызматкерлери кызматынан кол жууган фактылар да аз эмес. Бирок, ошого карабай кыйноолор жана адамгерчиликсиз мамилелер токтобой келет. Мунун себеби эмнеде?

Келгиле ойлонуп көрөлү, эмне үчүн милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөргө адам баласынын колу барбай турган кыйноолорду көрсөтүшөт? Эмне үчүн шектүүлөргө карата мыкаачылыкка барышат? Кылмыштын бетин ачуу, кылмыштуулук үчүн күрөшүү үчүнбү? Биздин оюбузча жок. Эгер, милиция кызматкерлери чындап эле кылмыштуулук үчүн күрөшө турган болсо, береги Ак-Суу районундагы окуяны эле алсак, анда алар мал уурулукка шектелген Э.К. кылмыш ишин жаап коюу үчүн 70 миң сом сурашмак эмес.

Маселенин мыйзамдык эмес, моралдык-этикалык жагын алсак, адамдарды кыйноо аркылуу, мыкаачылыкка баруу аркылуу акча  өндүрүп,  үй-бүлөсүн  баккан  адамдар, мейли алар милиция кызматкерлери болобу, же башкалар болобу, үй-бүлөсү, жанынан артык көргөн баласына кан аркылуу келген нан берип, кан аркылуу келген туздун даамын таттырып жатканын ойлойт болду бекен?

Бизге бир досубуз Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын коррупция менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн үч милиция кызматкери беш саат бою кантип “канын соргонун” айтып берди эле. Угуп отуруп, милиция кызматкерлеринин мерездигине, акча дегенде бардык айла-амалга, пастыкка барган маңкурттугуна тобо кылып, жакабызды кармаганбыз.

Айтор, ички иштер органдарынын беделине аброй апкелбеген фактылар четтен табылат. Эгер ИИМ өзүнүн кадыр-баркын арттырууну ойлосо, айталы Ак-Суу районундагы окуяны министр К.Жунушалиев өз көзөмөлүнө алып, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алышы керек. Бул окуяда уурулукка шектелген Э.К. күнөөсү миң жолу  далилденсе  да,  ал  мыйзам  чегинде жазасын алышы керек эле, ал үчүн өз жанын өзү кыя турганчалык кыйноо көрбөшү керек болчу. Кыскасы, бул окуянын чын-төгүнү, милиция кызматкерлеринин иш-аракеттеринин  мыйзамдуулугу  тез  арада териштирилип, бүтүндөй милиция кызматкерлерине үлгү болчудай чара колдонулат деп ойлойбуз.

Эмне  үчүн  коррупция  менен  күрөш күчөгөн сайын, коррупция “киттеринин” жана “чабактарынын” “ставкалары” өсүп жатат? Эмне үчүн? Анткени, акча дегенде, өз атабызды сатып жибергенге макул болгон моралдык-этикалык пастыкка, кризиске келип калдык. Бул ыймандык кризис. Акча үчүн бири-бирибизге карышкырдай кол салган пастыкка жеттик. Бул бир гана ИИМге жана анын кызматкерлерине эмес, бул бүтүндөй кыргыз коомчулугуна мүнөздүү тенденцияга айланып баратат.