Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Жан – таттуу, жандан да мандат таттуубу?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

2-ноябрда Боршайлооком качкын депутат Аскарбек Шадиевдин ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган.

БШКдан билдиришкендей, экс-парламентарий өз ыктыяры менен “Бир бол” фракциясынын курамынан аны чыгаруу жөнүндө 24-октябрда эле арыз жазган. Ал ортодо 5-ноябрда А.Шадиев  арыз  жазбаганын  айткандыгы жөнүндө маалымат пайда болду. Буга жооп кайтарган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов анын калп экенин айтып чыкты.

Бул окуяда кызыгы – өзүнүн өмүрү үчүн кооптонгонун айтып, өлкөгө келбей турганын билдирген экс-депутаттын мандатынан ажырагысы келбегени. Бул, эмне ал үчүн жанынын таттуулугунан да (ошону үчүн качты да) мандатынын таттуулугун көрсөтүп турганыбы?..