Парламентте өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти

Жогорку Кеңеште Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өттү.

Антты тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров беришти.

Жаңы министрлерди алдыда көп сыноолор күтүп тургандыгын айткан Мамлекет башчысы: “Эгер аз уктап, көп иштесеңер максатыңарга жетесиңер. Бүгүн берген антыңарды эсиңерден чыгарбагыла”, — деди.

Эске сала кетсек, 12-октябрда өз каалоосу менен иштен кеткен Эрлан Абдылдаевдин ордуна Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине 17-октябрда Чыңгыз Айдарбеков дайындалган. Ал эми кызматтык сапарларга байланыштуу чырдан улам иштен кеткен Таалайкүл Исакунованын ордуна 25-октябрда эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп  Улукбек Кочкоров келген.

Ошондой эле 26-октябрда маданият, маалымат жана туризм министри болуп Азамат Жаманкулов дайындалды. Ага чейинки министр Султан Жумагулов 8-октябрда 59 жашында каза болду.