Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Сындаганда катырган, эми иш жүзүнө келгендечи?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Парламент депутаты Акылбек Жамангулов туптуура 30 жашка толгондо өлкөдөгү эң кирешелүү мамлекеттик ишканалардын бири — «Мегаком» компаниясынын генералдык директору болуп дайындалды.

Анын дайындалганынын өзүндө суроо жок. Эмгек жолун 15 жашында Балыкчыдагы “Көк-Ойрок” ликер-арак заводунда адис болуп иштөө менен баштаган анын иш тажрыйбасы кынтыксыз экен. Мүмкүн бул мамлекеттик компанияны мындан да өнүктүрүп жибереттир?

Бирок, бир суроо гана түйшөлтпөй койбойт. Ал быйыл 14-июнда парламенттин сессиясында «Мегаком» компаниясынын жетекчисинин эмгек акысы 20 миң доллар экенин, компанияда 1500дөн ашуун адам иштесе, алардын орточо эмгек акысы 65 миң сом болсо, 10 топ-менеджердин эмгек акысы жалпы эмгек акы фондунун 10%ын түзөөрүн, алардын ар бири 10 миң доллардан ашуун айлык акы, ага кошумча жеңилдиктерди алаарын айтып сындаган.

Эми, өзү жетекчиликке келгенде, компаниядагы бул оош-кыйышты оңдойбу, же чоң айлыктын кыныгына кызыгабы?

Ал ортодо көп жылдан бери Японияда жашап жана иштеп келе жаткан Даниэль Кадырбеков япониялык NTT Data Enterprise (NTT – Nippon Telegraph and Telephone Corporation) компаниясынын аткаруучу директорунун эмгек акысы «Мегаком» компаниясынын экс-генералдык директору Азат Базаркуловдукунан аз экенин айтып чыкты. Ал цивилизациялуу өлкөлөрдө компаниялардын жетекчилери өздөрүнө ыксыз чоң эмгек акы коюп алуу этикага жатпайт деп эсептешерин эске салды.