Ишкерлер бир айдан соң баа көтөрүлөрүн айтышты

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Таластагы дыйкандардын негизги киреше булагы болгон төө буурчактын сатып алуу баасынын төмөн болушу Өкмөттүн облустагы өкүлү М.Мураталиевди атайын жыйын өткөрүүгө аргасыз кылды.

Жыйында Кара-Буурадагы ишкер Харум жана Смет кызыл чаар сортундагы төө буурчактын килосун 30 сомдон кабыл алып жатышканын, кымбат болгондо 37 сомго чейин кабыл алгандарын, ал эми атаандаштар учурда 28-29 сомдон сатып алгандыктан, экспортко жөнөтүүгө кыйынчылык туулгандыгын айтышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл М.Мураталиев Смет жана Харумга рахмат айтып, 28 сомдон сатып алып жаткан ишкерлерди сурады эле, көпчүлүгү жалтактап, болгону бир ишкер жигит гана ордунан көтөрүлдү. Залдагы дыйкандар быйыл түшүм начар болуп, күндөн күнгө баа төмөндөп жатканын, ортомчулар алкымдарын көбүрөөк ачып жатышканын айтышты.

Дыйкандардын айтымында, Ак-Дөбөдөгү ишкананын ээси Миргазы Оморов 5-10 кап төө буурчак менен барган дыйкандарды кабыл албай, бирок, 5-10 КамАЗды шыр эле кабыл алып, акчаны шыр эсептешип жатышыптыр.

М.Оморов  трибунага  көтөрүлүп  ой-пикирин билдирди. “Мен өзүм да дыйканмын, 40 гектарга алма отургузуп, бир миллион долларга төө буурчак кабыл алуучу ишкана ачкан соң мага карата кара пиар болуп көрбөгөндөй күчөдү. Мына, туура эмес иш жасасам бетиме айткыла. Ушунчалык бирөөлөргө зарыл болсо ишти деле токтотуп коёбуз.

Биздин эң ири сатып алуучулар Түркия, Иран мамлекеттери. Түркияда лиранын курсу кескин түшүп кетти. Девальвацияга фирмалар туруштук бере албай жатышат. Ал тургай бутуна туруп калган “Арбель” сыяктуу фирмалар да кыйналышууда. Бааны көтөрүү колдон келбей жатат, Иранда деле улуттук валютанын курсу кескин түшүп кетти. Эгер инвесторлордон керектөө көп болсо, үйүңөрдөн жүктөп кетебиз. Эки жолу ишкана ачканда Президентибиз келип кетсе, көрө албагандар бар. Бул уят иш. Аракет жасап, ийгилик болсо эле ар кандай ушак-айың чыгара берүү адамдык сапатка туура келбейт. Биз бардык эле адамдардан кабыл алып жатабыз, ортомчуларга башкача ылым саноо жок”, – деди ал.

М.Оморов Индия алгач сынамыкка 1000 тонна алганын да айтты.

“Балким Индияга рынок ачышат. Деңиз портторуна өтө көп көлөмдө товар жыйнап, жүктөшөт экен. Транспорт чоң көйгөй – фуралар жетишсиз жана акысы кымбат болууда. Прогноз боюнча лопатка сортуна баа көтөрүлүшү мүмкүн, – дейт.

М.Мураталиев фирма өкүлдөрүнө колдон келишинче бааны көтөрүү аракеттерин көрүүсүн, ашыкбаш ызы-чуулар инвесторлорду кооптондурарын эскертти.

Ишкерлер  да  бир  айдан  кийин  баа көтөрүлгөнчө дыйкандарды сабырдуулукка чакырышты.