15-ноябрга карата аба ырайы

15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым аймактарда кар жаап, туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1;

Таласта түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Бийик тоолордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -6…-11;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абаны температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2.