Тогуз айда бүткөрүлгөн иштер

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”

Президенттин жарлыгына ылайык үстүбүздөгү жылдын “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланышы өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн башкы багытын аныктаган. Мына жыл аягына болгону 2 ай калды. Бул аралыкта мамлекеттик масштабда жана аймактарда эмне иштер аткарылгандыгы бардыгыбыз үчүн бир жагынан кызыктуу болсо, экинчи жагынан өлкөнү өргө сүрөгөн долбоорлор ишке аштыбы, дегеле кандай аракеттер жасалды деген суроолорду жаратат. Жакында Өкмөт 9 айдын жыйынтыгын чыгарды. Ага караганда бир топ бараандуу иштердин аткарылгандыгы кубантпай койбойт.

Бизнеске өзгөчө көңүл бурулду

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев  үстүбүздөгү  жылдын январь-сентябрь  айларында  социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын караган өкмөттүн кезектеги жыйынында экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүдө баарыдан мурда бизнес жүргүзүүгө басым жасалганын белгилеп, өзгөчө көңүл чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, жумушчу орундарын түзүүгө жана атамекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө бөлүнгөнүн айтып өттү.

Табиятында бизнес изденгич келет. Алардын долбоорун колдоо, көздөгөндөрүн жүзөгө ашырууга шарт түзүү, дем берүү бул өкмөттүн милдети. Дегеле 9 айдын жыйынтыгы боюнча реалдуу экономиканын дээрлик бардык тармактарында өсүш камсыздалганын эске алсак үстүбүздөгү жыл бир топ эле ийгиликтүү аяктап бараткандай.

Белгилүү болгондой аймактарды өнүктүрүү бир эле жылда бүтпөй турган, узак мөөнөттүү долбоор. Бирок, бир да күндү бош кетирбей анын негиздерин калыптандыруу, пайдубалын кура берүү келечекте жемишин бербей койбойт. Ушул өңүттөн алганда өкмөттүн быйылкы жылдагы бизнес менен айкалышкан аракетинин натыйжасы көзгө көрүнөөрлүк десек да болот. Алсак, Чүй облусунда 35 миңден ашык жумуш орундары менен камсыздай турган логистикалык парктын курулушунун башталышы Кыргызстандын жеңил-өнөр жай тармагын кыр ашыра турган кылым долбоору болуп калаары шексиз. Ошондой эле Ош облусунда кубаттуулугу жылына 1 млн. тонналык цемент заводунун, Чүй облусунун Сокулук районундагы бут кийим фабрикасынын ж.б. ишке киргизилиши, өнөр жай тармагындагы бараандуу өнүгүүдөн кабар берет. Мындан тышкары жыл аягына чейин «Кыргыз текстиль», Кичи-Чаарат, «ТМАЙ-инвестмент холдинг» сыяктуу бир катар ири ишканалар ишке кирет экен.

Бул өңдүү аракеттер эл аралык деңгээлде дагы көз жаздымда калган жок. Өкмөттүн «Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” аракети Doing Business рейтинги боюнча Кыргыз Республикасын 70-орунга чыгарды. Бир сөз менен бул өлкөдө бизнес-климаттын жакшырганын ырастап турат. Кеп кезеги келгенде Кыргызстан экономикалык реформаларды жүргүзүү багытында бир катар эл аралык индекстер боюнча өз позициясын жакшыртканын айта кетели.

Эми 50 өнөр жай ишканасын ишке киргизебиз

Баса белгилей кетүүчү нерсе – өнөр жай тармагы салыштырып айтканда өлкө экономикасынын кыр аркасы. Ансыз мамлекеттин өйдөлөп басышы кыйын. Бул жагынан алганда аталган жыйында Премьер-министр учурда токтоп турган 50гө жакын ири ишкананы ишке киргизүү боюнча комплекстүү иш алып баруу зарылдыгын айтып, талапты катуу койду. Өзгөчө Макмал кениндеги өндүрүштү жандандырууну, ошондой эле Кадамжай сурьма комбинатындагы кичи заводду ишке берүүнү тездетүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы 9 айдын аралыгында курулуш тармагында 7,2 пайыздык жогорку өсүш катталганын айтты. Бирок, кураарын куруп алып, тапшыруу процессине келгенде алешемдиктер да бар экендигин жашырган жок. Мындан тышкары, Премьер-министр тышкы көмөктү координациялоо жана бул максатта өз алдынча структура түзүү боюнча ырааттуу жана натыйжалуу иш жүргүзүү зарылды-гын, ошондой эле инвестицияларды тартуу боюнча күч-аракеттерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бизнестин,  ишкерлердин  укугун  жана  алардын  кызыкчылыктарын  коргой турган Бизнес-омбудсмен институтун ишке киргизүүнү тездетүү керек. Биз бул институтту  куру  жерден  түзүп  жатканыбыз жок. Ал натыйжалуу иш алып барышы керек. Буга катар салык тутумун фискалдаштыруу жана башкаруу боюнча активдүү ишти улантуу зарыл», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Экономика министри эмне дейт?

Аталган жыйында экономика министри Олег Панкратов: “Үстүбүздөгү жылдын  январь-сентябрында  ички  дүң продукция нын  өсүү  темпи  1,2%  түздү. Кумтөрдү эсепке албаганда ИДП өсүү темпи 2,4% түздү», – деп билдирди.

Анын айтымына караганда 9 айдын ичинде айыл чарба тармагында бир катар жылыштар болуптур. Мисалга кайрылсак, өлкө боюнча жер-жемиштердин дүң жыйымы 906,9 миң тоннаны түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,8 пайызга көптүк кылат. Кыргызстандын буудайга болгон жылдык керектөөсү 1 млн. тоннадан ашык болсо, быйылкы жылы өзүбүз 661,4 миң тонна буудай алыптырбыз. Калганын адаттагыдай эле коңшулардан сатып алабыз. Баарынан да быйылкы жылы картөшкөнү арбын өндүрүптүрбүз. Башкача айтканда өткөн жылга салыштырмалуу картөшкөнүн түшүмү 3,4 пайыз жогору болгон, же болбосо 1012,2 миң тонна картөшкө өндүргөнбүз.

Айта кетүүчү нерсе картөшкөнү жылдагыдан арбын өстүргөнүбүз менен баасы түшүп кетип, көпчүлүк дыйкандарыбыздын мээнети кайтпай калчудай көрүндү эле, Өкмөт тиешелүү министрликтердин жонуна камчы басып алды окшойт, акыры сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзбекстан 500 миң тонна картөшкө алууга макулдугун берип, абийрибиз жабылды. Азыр бул өлкөгө 50дөн ашык компания картөшкө  киргизип,  картөшкөнүн  баасы да өсө баштады. Ал эми эт өндүрүүгө келсек отчеттук мезгилде 283,8 миң тонна эт өндүрүлгөн. Же болбосо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга өскөн.

Ошондой  эле  текстилдик  өндүрүштүн көлөмүнүн көрсөткүчтөрү да көңүл жубатарлык. Мисалы, кийим-кече, бут кийим, тери жана башка тери буюмдарын өндүрүү 17,3 пайызга өскөн. Министр О.Панкратов муну Кыргызстандын негизги өнөктөштөрү болгон Россия менен Казакстандагы сатып алуунун жогорулашына же болбосо тигүү буюмдарына карата керектөөлөрдүн өсүшүнө байланыштуу болгондугу менен түшүндүрдү. Алып айтсак, айына 225 тонна пахтадан жасалган токулган кездемелерди өндүрүү боюнча «Текстиль Транс» ЖЧКнын ишмердигинин эсебинен оң өсүш камсыздалган.

Ошону менен Кыргызстандын 9 айдын ичиндеги  (январь-августь)  тышкы  соода жүгүртүүсү 4276,8 млн. долларды түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,5%га өскөн.