Жолго чыгуу коркунучу, «Коопсуз шаарга» артылган үмүт

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”

12-ноябрда Бишкекте Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана россиялык “Вега” компаниясы ортосунда «Коопсуз шаар» долбоору боюнча келишимге кол коюлду. Андагы шарттарга ылайык, «Вега” компаниясы 90 күндөн кеч калбай алгачкы аппараттык-программа комплекстерди монтаж жасоого милдеттенет. Тактап айтканда кээ бир долбоорлор 90 күндүн ичинде ишке киргизилсе, калгандары 180 күндүн ичинде ишке ашат. Мамкомитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев: «Бул жерде көп нерсе маморгандар тарабынан берилген документтерден көз каранды”, — деп билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрь күнү “баасын түшүрүү” онлайн аукциону өтүп, эки айлампа боюнча тең эң төмөн бааны аталган россиялык компания сунуштаган. Коллегиянын жыйынтыгы менен эки айлампанын  жеңүүчүсү  деп  «Вега»  «Радиоуктуруу концерни» россиялык компаниясы башында турган консорциум аталган. Сынактык документацияга ылайык Мамлекеттик комитеттин депозиттик эсебине келишимди аткарууга кепилдик катары россиялык компания тарабынан 245 млн. 713 миң 944 рубль (3 млн. доллардан ашык) каражат которулган.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 110 аппараттык-программалык комплекс ишке киргизилет. Алардын ичинен 38 көчөлөрдүн кесилишине, 4 ылдамдыгы жогорулатылган аймактардын жолдоруна, 48 Бишкек – Ош, Бишкек – Чалдовар, Бишкек – Нарын – Торугарт, Бишкек – “Манас” эл аралык аэропорту жана Бишкек – “Ак-Жол” чек-ара бекетине чейинки аралыктарга орнотулуусу каралып жатат. Андан тышкары, долбоордун 20 жылдырып жүрүүчү комплекси менен камсыздалуусу пландашылып жатканы айтылган.

Ар кандай жагдайлардан улам алты жылдан бери ишке ашпай келген “Коопсуз шаар” долбооруна  артылып  жаткан  үмүт  абдан чоң. «Коопсуз шаар» долбоору боюнча ачык аукциондун жыйынтыгы боюнча жумушчу кеңешмеде Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Жолдордо коопсуздукту камсыздоо жана «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси – өлкө өкмөтүнүн ишмердигиндеги башкы артыкчылыктардын бири. Биз долбоорду мүмкүн болушунча ыкчам ишке ашырып, оң натыйжаларга жетишүүгө тийишпиз. Мамлекеттик органдардын жетекчилери бул иш үчүн жеке жоопкерчилик алышат. Мында башаламандыкка жол бербөө керек», – деп баса белгилеген болчу.

Өкмөт бул долбоорду приоритеттүү тизмесине киргизип жатышы – Кыргызстандын жолдорундагы адам өмүрүн алган кырсыктардын санын азайтууга болгон далалат. Анткени 2018-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 5 миң 118 жол кырсыгы болуп, 458 киши көз жумган. Андан мурунку жылдагы көрсөткүч деле көңүл жубатарлык эмес. Алсак, 2017-жылдын тогуз айында 4 миң 463 жол кырсыгы катталып, 603 адам каза тапкан. Бул жааттагы маселелер коомчулук тарабынан, парламенттик трибунадан, ал тургай Президент көтөргөнгө чейин жетип, карапайым элдин жолго чыгуусу да коркунучтуу болуп калды. Себеби, эрежени сактап айдаган айдоочу деле башка бирөөнүн айынан жол кырсыгына туш болуп калышы ыктымал.

“Коопсуз шаар” долбоору ишке кирсе, мына ушул “кан жыттанып” калган жолдордогу абалды оңдоого, жол эрежелеринин бузулушун азайтууга мүмкүн болот. Мындан тышкары жол коопсуздугун көзөмөлдөө жаатында коррупциянын гүлдөп кеткени эч кимге деле жашыруун эмес. Жолдон МАИ кызматкерлеринин сол чөнтөгүнө акча кыстарып, эч кандай жоопкерчилик тартпай эле мас абалда унаа айдап же эрежелерди бузуп жүрө берсе боло турганы коомчулукка белгилүү эмеспи. Мына ошол коррупциялык, эң негизгиси адамдык факторду жокко чыгарган бул долбоор мамлекеттин чөнтөгүнө да бир аз пайда келтирет деген үмүт бар.

Дагы бир нерсе – “Коопсуз шаар” долбоору аты айтып тургандай жарандардын коопсуздугун камсыздоочу жакшы курал болуп саналат. Анда орнотулган камералардын жардамы менен кылмыштардын ачылышы жана анын алдын алуу деңгээли жогоруламакчы.