Гүлбү гүлдөй назик жан эле

Даярдаган Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз Туусу»


Гүлбү Орозкул кызы көзү тирүү болгондо ноябрда 42 жашка чыкмак… Анын бул өмүрдө жоктугун тааныган, билген адамдардын бардыгын өкүткө салат. Жакын адамдары жакшы сапаттарын эстеп эскеришет.

Сезим ИМАНАЛИЕВА: “Күндөрүм баягыдай бактылуу эмес…”

Бул жоготуу мен үчүн абдан оор болду. Себеби, апамды өзүмдөн артык жакшы көрчүмүн. Бар жакшынын баарын апама тилечүмүн. Ден соолукта болуп, узак өмүр сүрүп, бактылуу болсо экен дечүмүн. Аттиң, өмүрдөн эрте кетерин билгенде эмне… Күн сайын, секунд сайын жакшы көрөрүмдү айтып, жакшы сөзүмдү арнап, көңүлүн көтөрүп, белектеримди берип, баргысы келген жактарга алып барып калбайт белем… Бул нерсе Кудайдын буйругу экенин билип туруп, азыркыга чейин апамды сактап кала албай калганыбызга өкүнөм. Апам менен болгон акыркы ирмемдерди бирден тизмектеп, а балким деген ойлор менен өмүр сүрүп келатам. Бирок, күндөрүм баягыдай бактылуу эмес капалуу…

Биз апам экөөбүз дайым чогуу уктачубуз. Анын кучагында өзүмдүн 18  ден  ашканымды  унутуп  коер элем. Ал да мени жаш баладай эркелетээр эле. Экөөбүздүн эркелешип, кучакташып жатканыбызды көргөн таенем: “Көптөн бери көрүшпөй сагынышып калыптырсыңарбы?”, – деп тамашалап калчу.

Апам: “Тамакты таттуу, даамдуу кылып барыңды, нарыңды салып жаса. Тамагыңа жараша жашоо күтөсүң. Тамагың канчалык даамдуу болсо, жашоо-турмушуң да ошондой таттуу болот. Эгерде даамы жок, супсак, эптеп-септеген тамак кылсаң, жашооң да супсак болуп калат”, – деп айтар эле. Мен үчүн апамдын ар бир сөзү, ар бир кадамы, жасаган иши үлгү болчу. Себеби, ал бардык несеге кылдат, аяр мамиле жасачу. Үйгө кирип аялдын, эшикке чыгып эркектин кызматын бирдей аткарар эле.

Эненин эң биринчи тилеги, максаты – уул кыздарын тууруна кондуруп, турмуштан өз ордуларын тапса экен дейт тура. Апам байкуш ушул тууралуу көп айтчу. “Сени өз колум менен турмушка узатам. Сен бактылуу болосуң”, – дечү эле. Мен да ата-энемдин колунан, алардын ак батасы менен турмуш жолуна узайм дечүмүн. Бирок, бул тилегим эми эч качан орундалбайт.

Кыздары Сезим, Айзура Иманалиевалар менен

Айзуура ИМАНАЛИЕВА: “Мезгил бизге эмчи боло алган жок”

Эне менен баланын ортосун Кудай башкача кылып жаратат окшобойбу. Апабыз арабыздан кеткен күндөн бери жетимсиреп калдык. Жакында эле жылдык ашын бердик. “Убакыт, мезгил дарылайт”, – деп коюшат. Бирок, биздин жараатыбызга эмчи боло алган жок. Теледен клиптерин көрүп калсам, өзүмдү кармана албайм. Ошондуктан, апамдын эскерүүлөрүн көрбөгөнгө аракет кылам. Апамдын жок экенин моюнга алгым келбейт. Башкалардын апасы менен кобурашып сүйлөшүп жатканын көрсөм ичим күйөт. Кайра алардын кол жеткис бактысына суктанам…

Апамды жоготуп алгандан кийин анын элесин сактап, унутта калтырбоо үчүн, чыгармаларын теле-радио аркылуу дайыма берип турам деп убада кылгам. Кудай буюрса, сөздөн ишке өтүүгө кезек келди.

Мирзат МУКАНОВ, диктор: “Өзүм төрөп алган балам”, – деп эркелетчү

Апам мага дайыма өз баласындай мамиле кылчу. Ал тургай “Өзүм төрөп алган балам”, – деп эркелетчү. Айзуураны тамашалап: “Кокус экөөңөр урушуп кетсеңер, кандай болгон күндө дагы мен Мирзат тарапта болом”,- деп айтар эле. Көп иштерин мага ишенип тапшырчу. Бир өзгөчөлүгү – эч кимге карыздар болуп калгысы келчү эмес. Бир жака жумшаса: “Бензин куюп ал”, – деп тыйын берчү. Албайм дегениңе карабай чөнтөгүмө салып коер эле. Кийинчерээк тапшырган ишин аткарып бүтүп, телефон аркылуу эле отчет берип качып кетчү болгом…

Кичинекей баладай кылып дүкөнгө ээрчитип барып кийим-кече алып берген күндөрү болгон. Апам алып берген формаларымды маанилүү күндөрү гана кием. Мага дегеле чаң жугузчу эмес. Качан болбосун таламымды талашып турчу. Бир жолу, кой союш керек болуп, касапчы жалдап келдик. Апамдын курбусу: “Күйөө балаң кой сойгонду билбейт экен”, – деп койсо керек – “Кой сойгонду билбегени менен, менин күйөө баламдай эч ким отун жарып, тизе албайт”, – деп мактап атканын угуп калгам. Эң өкүнүчтүүсү – ушунун баарын өткөн чак менен айтып отурганым. Мындан да узак, мындан да көп жашаганда эмне. Тагдырга, буйрукка моюн сунбаска айлабыз жок экен.

Гүлзат БАЙЗАКОВА, ырчы: “Жоготуунун орду толо ый экен”

Жараткан кимди алат, качан алат өзүнө  гана  маалым  турбайбы. Маңдайыбызга жазылган нерседен да качып кутула албайт экенбиз. Гүлбү сиңдибиздин иш десе ишке, күлкү десе күлкүгө тойбой жалындап, жалбырттап, алоолоп тур-ган убагында жапжаш бойдон асылган оорунун айынан кете берди. Кээ бирөөлөр үчүн кыргыздын бир карапайым кызы каза тапкан болсо, биз үчүн күтүүсүз, аябагандай оор жоготуу болду. Кой-Ташта концерт менен жүргөм. Телефон чалып жаман кабар айтып калышты. Уккан кулагыма ишенгим келбей, алып  учуп  үйүн  көздөй  жөнөдүм. Жолдо баратып баары жалган болуп калса экен деп тиледим. Бирок, суук кабар чындык болуп чыкпадыбы… Гүлбүнү жерге бергенибизге бир жылдан ашыптыр. Бирок, шашып-бушуп азыр эле эшиктен кирип келчүдөй сезиле берет. Дайыма шышып жүрөр эле. Тойдон, концерттен чыккандан кийин деле жаны тынчу эмес. “Жаным эже, эшикке чыга калыңыз, болуңуз. Мен баратам. Формаларыбызды көрүп келели, бүтүп калса алып келели. Тигинтели, минтели”, – деп түндөсү эле топтун далай жумушун бүтүрүп салчу. Көрсө, ушунун баарын жасап жетишейин деген окшойт шордуу.

Гүлбү  кайрымдуулук  иштерин аябай көп жасачу. Анын кыска өмүрүндө жасап жетишкен соопчулук иштерин биз али жасай элекпиз. Ушунчалык аруу, таза, назик ошол эле учурда күчтүү аял эле. Улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, ар бир адамдын тилин таба билген касиети бар болчу. Кудай таалам Гүлбүдөн эч нерсесин аяган эмес. Өң десе өңү, үн десе үнү бар болчу. Сулуулук, берешендик, жөнөкөйлүк, кең пейилдик айтор бардык сапаттар бар эле. Ак көңүлдүгү чиркин… Жараткан бир гана өмүрдү ченеп берген экен. “Эже, кыздарга көз сала жүрүңүз ээ”, – деп айта берчү мурда эле. Көрсө, көп жылдар мурун эле кыздарын аманат кыла берчү экен. Эң өкүнүчтүүсү баркталбаган жар бойдон өтүп кетти. Ал бактылуу жар, бактылуу эне болууга татыктуу инсан эле.

Жан кейитип кир калтырбай көңүлгө,
Жашасак дейм бул бир келген өмүрдө.
Жоготуунун орду толо ый экен,
Жакшы көргөн адамыңдан бөлүнбө. – деп Күмөндөр байкенин сөзүнө жазылган ырды шатыра-шатман аткарып, анын сөзүнө, маанисине анча маани бербептирбиз. Көрсө, Гүлбү сиңдибизге арналып жазылгандай экен. Жакында Гүлбүнүн жаркын элесине арнап, жакшы клип тартсакпы деп жатабыз.