Айтматовду даңазалоону уланта берели

Дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында өткөрүлгөн “Ысык-Көл” форумунан кийинки ой-сунушумду бөлүшөйүн дедим.

Мындан ары Айтматовдун адабий мурасын чет мамлекеттерге азыркыдан дагы кеңири таратуубуз керек деп эсептейм. Кытайлар улуу философ, ойчул Конфуцийди дүйнөгө даңазалап жатып, ондогон мамлекеттерде Конфуций атындагы институттар ачылды. Конфуций институту Кыргызстанда да бар. Жакынкы келечекте Айтматов институттары чет мамлекеттерде ачылышы керек деген пикирдемин. Ч.Айтматов институттарын ачуу бир эле кыргыз элине эмес, бүткүл ааламга кызмат кыларына шегим жок. Себеби, бүгүнкү күндө дүйнө калкын экологияны коргоо, тынчтыкта жанаша жашоо ж.б. улуу жазуучубуз көтөргөн маселелер абдан кызыктырып жатпайбы. Ал үчүн улуу жазуучубуздун көркөм дөөлөтүн даңазалоону 90 жылдык менен чектебей уланта беришибиз кажет. Жүз жылдыктар өзгөртө албас улутубуздун сыймыгына айлан-ган Айтматовду даңазалоо үчүн төмөндөгүдөй иш-чараларды өткөрүүнү сунуштайм.

Мисалы, парламент депутаты, жазуучу Каныбек Иманалиев баштаган жазуучулардын, акындардын, окумуштуулардын тобу Кытайга барып, анын чыгармаларынан университеттерде дарс окулуп, ырлар окулуп, кинолор көрсөтүлсө дейм. Өздөрү менен кошо манасчыларды, бир фольклордук музыкалык ансамблди ала кетишсе болот. Ушундай эле максат менен белгилүү саясатчы Жумагул Сааданбеков баштаган топ Америкага, адабиятчы-окумуштуу Абдыганы Эркебаев баштаган топ Түркияга, драматург Бексултан Жакиев баштаган топ Казакстанга, Өзбекстанга, белгилүү жазуучу, драматург Султан Раев баштаган топ Европага ж.б. болуп барышса эмнеге болбосун?

Айтматовдун көркөм мурасын ааламга даңазалоону улантуу үчүн “Ч.Айтматов жана учур чакырыктары” деген өзүнчө коомдук фонд түзүп, Айтматов атындагы институттарды чет мамлекеттерде жана өз мекенибизде ачууга өбөлгө түзүшүбүз керек. Улуу Айтматов үчүн фондго эл акча чогултуп берерине ишенем. Мен өзүм биринчилерден болуп, салым кошууга даярмын.

Касы КАРИМОВ, Ош шаары, журналисттер кошунунун мүчөсү