Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Партиядан го чыгарышты, а фракцияданчы?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

КСДПнын  саясий  кеңешинин  Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жана фракциядан чыгаруу сунушу жөнүндө чечими күмөн ойлорду жаратты.

Алардын  биринчиси  –  бул  чечимдин легитимдүүлүк маселеси. Анткени, партиянын саясий кеңешинин 35 мүчөсүнүн (азыр канчасы калганын КСДПчылардын айрымдары да билишпейт экен) көпчүлүгү, анын ичинде И.Өмүркулов да кеңештин отурумуна чакырылган эмес.

Экинчиден, партия менен парламенттик фракциянын ортосундагы мамиле азыр кандай абалда? Фракция саясий кеңештин чечими менен макул болобу же Кожобек Рыспаев жөнүндөгү чечимдей моюн толгоп коюшабы?

Бирок, бир нерсе айкын – ал партиянын жана  анын  лидеринин  кадыр-баркынын төмөн түшүп бара жатканы. Башка партиялардын айрымдары эртелеп 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярданып жатышканда, КСДПнын ич ара тирешүүсүнүн аягы эмне менен бүтмөкчү?