Сезон аяктады, көйгөй калды

Кара-Жыгач паркы кросс үчүн аябай ыңгайлуу. Бул жерде кросс 40 жылдан ашуун мезгилден бери өткөрүлүп келатат.

Балким, тээ илгерки согуш жылдарына чейин эле мында жеңил атлеттер жана көп чакырымдык чуркоону сүйүүчүлөр өздөрүнүн чеберчилигин бекемдеп жана ден соолуктарын чыңдап, мелдешип келсе керек. Мында, Кара-Жыгач паркында “спорт королевасынын” ардагерлери: легендарлуу Леонид Иванов, Москва олимпиадасынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаров, олимпиадачылар Ирина Богачева, Насриддин Акылбеков, Ильдар Деникеев, динамовчулар Леонид Пыхтеев, Галина Калинина жана Сергей Руденколор машыкканын билебиз. Кыргызстандын кроссчулары мурдатан эле ар кандай деңгээлдеги мелдештердеги жеңиштери менен күйөрмандарын кубантып, эбегейсиз чоң өлкөнүн күчтүү атлеттери катары таанымал болушкан.

– Республикалык кроссто студенттер дээрлик жок, – дейт кейип-кепчиген ата мекендик жеңил атлетика федерациясынын  генералдык  катчысы  Иван  Захарович Щербаков. – Бизде 70 жогорку окуу жайы бар. Тилекке каршы, бир кроссчу табылбай, болгону 4 чакырымдык аралыкка төрт юниор чыкты. Судьялар медаль, диплом,  эстелик  байгелерин  күнү-түнү даярдап, эмне жан алакетке түшкөн жок. Мындай мелдештер өсүп келаткан муундун жана окуган жаштардын арасында сергек жашоо образын үгүттөө үчүн уюштурулат эмеспи.

Талас  облусунун  жеңил  атлетика  федерациясынын  вице-президенти  Керим Өмүралиев 13 атлет апкелиптир, алардын төртөө  мелдеште  байгелүү  орундарга  ээ болушту.

–  Биздеги  көйгөй  каржынын  жетишсиздиги,  –  дейт  ал.  –  Борборго  ата-энелери жол киресине акча таап бергендер келишти.

Борборго  башка  аймактан  келишкен меймандарда деле ушул көйгөй. Чүйлүктөр, ысыккөлдүктөр таластыктардан алыс узаган  эмес.  Мелдеш  болгон  жерде,  албетте жеңүүчүлөр да болот. Ананьевалык Чолпон Тажибекова, Петровкалык Тилек Калыгулов жана Алмаз Эсенжанов, узак аралыкка 12 чакырымга жарышта КГУСТАнын 3-курсунун студенти Самат Казакбаев чемпионаттын жеңүүчүлөрү болуп калышты. Бирок, сезон аяктаса да, каржы көйгөйү көкөйдү кескен боюнча кала берди.