16-ноябрга карата аба ырайы

16-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүп, жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5,

Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз -2…-4 градус суук болушу ыктымал.