Кыргызстан менен Чех парламенттери өз ара тажрыйба алмашат

Кыргызстан менен Чех парламенттеринин аппарат кызматкерлери арасында тажрыйба алмашуу өнөктүгүн колго алуу зарыл. Ошондой эле ара кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында тармактык комитеттер менен фракциялардын байланыштарын күчөтүп, депутаттык достук топторунун ишин да өнүктүрүү башкы максат болушу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чех Республикасынын Сенатынын Төрагасы Милан Штех менен жолугушууда айтты.

Эки тараптуу жолугушууда тараптар кыргыз-чех алакаларынын азыркы абалына токтолуп, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Сенат Төрагасына жогорку деӊгээлде уюштурулган жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди.