Таалайбек МАСАБИРОВ: «Учкунга колдоо керек»

– Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Өкмөт өзүнүн токтому менен Жогорку Кеңештен “Мамлекеттик маанилүү документтер жөнүндө” мыйзам долбоорун чакыртып алган. Аталган мыйзам долбоорду кайра киргизеби же жокпу?

Документтерди жеке менчик фирмалар жасаганда алардын сапаттуулугу, салыктар, соцфонд төлөмдөрү боюнча көптөгөн суроолор жаралууда.

«Мага “Учкун мамлекеттик компаниясынын кызматкерлери кайрылды. КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар боюнча» мыйзамы кабыл алынгандан тартып, компаниянын кирешеси түшүп, тендерлерге катыша албай калган. Анткени жеке фирмалар жеке ишкер (ЧП) формасында иштеп, кирешесин жашырып, салыктан, соцфонддон качышат. Ошондуктан алардын тендерге катышкан баалары да төмөн болуп жатат. Азыр «Учкун» компаниясынын карыздары көбөйүпбанкрот  болуу  коркунучунда  турат  деп жатышат.

Менин Өкмөткө сунушум: “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын 2-беренесинин 3-пунктуна өзгөртүү киргизип, мамлекеттик маанидеги документтерди мамлекеттик үлүшү 50%дан кем болбогон ишканаларда гана жасатууга буйрутма берүү керек.

Эгерде мамлекеттик маанидеги документтер жана ага теңдеш материалдар “Учкун” АКсына берилсе, экономикалык жактан пайда болушу ыктымал. Мамлекеттик маанидеги документтерди жана ага теңдеш материалдарды басып чыгаруу жана аларды жок кылуу коопсуздугу колго алынат.