Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Элден мурун бузабыз, анан ойлонобуз

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Мурдагы  мэр  Албек  Ибраимовдун убагында 7 миллион долларга сатылып, 50 миллион доллар инвестиция салынат деп талкаланган «Нарын» ресторанынын тагдырына азыркы мэр Азиз Суракматов кейип, кайра калыбына келтирүүгө үмүттөнүп турган учуру.

Мурдагы мэрдин чечимине комментарий бере албасын айтып, А.Суракматов эгерде ээси участоктун тагдырын талкуулоону кааласа, мэрия коллегиалдуу чечим кабыл алууга даярдыгын билдирген.

Ал жерге кытайлык инвестор 20 кабаттуу «Хуалинь» деген отель салмак болгон. Участок сатылып, ресторан талкалангандан кийин А.Ибраимов отелдин ордуна сквер түзүү чечими кабыл алынганын билдирген.

Биздин экс-мэрдин кечигип эсине келгени таң калтырат. Эми анын “катачылыгын” жаңы мэр кантип оңдой алмак? Ал ортодо менчик ээлери алмашылып кеткени айтылууда. Андан да кызыгы шаардын башкы планы боюнча ал жерде дал ресторан курулмак экен. Анда эмнеге инвесторлорду кооптондуруп жатабыз?

Ал ортодо швейцариялык архитекторлор “Нарын” ресторанынын архитектуралык тарыхый баалуулугу жөнүндө айтышып, аны сактап калуу боюнча ошол кездеги Бишкектин бийлигине да кайрылышкан экен.