Мыйзамдуулукка кызмат кылчулардын кылыктары менен былыктары

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир цивилизациялуу мамлекетте адилеттик орнотууда акыркы чекитти сот органдары коет. Ошондуктан акыркы чекитти коюучулар – судьялар өздөрү мыйзам талаптарын кармануу менен кынтыксыз чечимдерди кабыл алууга тийиш. Ансыз өлкөдө коррупция менен күрөш, адам укуктарын сактоо жөн эле фикция болуп калат. Бул жөнүндө Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 27-июндагы кайрылуусунда мындай дейт: “Биринчиден, ар бир адамдын укугун сактаган мамлекетти, ар ким өз укугунун сакталышына терең ишенген коомду курууга тийишпиз. Адам укугун бузам дегендерге аеосуз күрөш жүргүзгөн адилеттүү бийликти түзүү зарыл. Ал үчүн чечкиндүү реформаларга барышыбыз керек. Алардын эң маанилүүсү – сот реформасы. Бул өлкөбүздүн келечегин жана жарандардын жашоосун өзгөртө турган реформа. Адилет коомду түптөй турган реформа”.

Процесс кетти…

Президенттин мыйзамдуулукту орнотуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аракеттери майнабын бере баштады. Башкасын айтпаганда да, акыркы мезгилде мыйзамсыз чечимдерди кабыл алышкан жана өздөрү тартип бузушкан бир катар судьяларга кылмыш иштери козголду. Менин жадымда мынчалык кылмыш иши буга чейинки бийликтер убагында козголо элек болчу. Атүгүл алардын тартиптик жазага тартылышы жана андай жазанын кесепети болгону да сейрек көрүнүш болуп келген.

Айнагүл Жоробаева

Биринчиси– Нарын шаардык сотунун судьясы  Айнагүл Жоробаеванын кызматтан  бошотулуп  жа-зага  тартылышына  анын  үч киши каза бол-гон  жол  кыр-сыгына  айыптууну  7  жылга эркинен  ажы-ратуу  өкүмүн чыгарып,  бирок  жаза  аткарууну  шарттуу  түргө  которуп  салганы  себеп  болгон.  Ал  аздык  кылгансып,  процесс  учурунда  жабырлануучу  тараптагы  төрт адамды  сотко  урматтабагандык  көргөзүүгө айыптоо менен 10 миң сом айып салган чечим чыгарган. Муну менен ал өз ыйгарымдарынан ашып кеткен.

Албетте, бул чечим кийинки инстанциядагы сот тарабынан жокко чыгарылган. Мына ушул жоругу үчүн анын иши Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан каралып, судьяларга болбой турган жагдай боюнча ыйгарымдарынын чегинен чыгып кеткени аныкталган. Учурда судьяга карата кылмыш иши тергелип бүтүп, кароо үчүн сотко берилген.

Экинчиси – Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын  Ленин райондук  сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековго жана  башка  кызмат  адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин  (КЖК) 304-беренеси (“Кызмат  абалынан кыянаттык менен  пайдалануу”) жана  328-беренеси («Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу») боюнча кылмыш иши козголду. Иш К.Касымбеков мурда Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда иштеп жүргөн учурдагы чечимине байланыштуу козголгон.

Кубанычбек Касымбеков

Маалыматта белгиленгендей, 2015-жылы Жалал-Абад облустук прокуратурасы иликтеп жаткан кылмыш ишинин алкагында Чек айыл аймагынын жетекчисине (С.Х.) КЖКнын 171-беренесинин («Кызмат абалынан пай-далануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу»), 315-беренесинин  (“Кызматтык жасалмалоо”) жана Атабек айылдык кеңешинин депутатына (Е.С) 171-беренесинин негизинде айып тагылган.

Тергөөнүн жыйынтыгында депутатка карата кылмыш иши токтотулган. Бирок ага карата кылмыш жоопкерчилиги токтотулганы тууралуу токтом турганына карабай, судья К.Касымбеков 2015-жылдын 24-апрелинде аны айыптаган өкүм чыгарып койгон. Жалал-Абад облустук сотунун 2015-жылдын 2-июлундагы чечими менен ал жокко чыгарылып, жергиликтүү кеңештин депутатына карата кылмыш иши токтотулган.

Азыр бул иш УКМК тарабынан тергелүүдө. Үчүнчү  факт.Кечээ жакында 14 судьяга карата Бирдиктүү салык декларацияларында анык эмес маалыматтарды беришкендиги үчүн Башкы прокуратура Судьялар кеңешине иштеп жаткан тогуз судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жана иштен кеткен беш судьяны административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш киргизди. Анткени алар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн көргөзбөй коюшкан.

Баса, Президент биз жогоруда цитата келтирген кайрылуусунда 1-июлдан баштап Президенттин аппаратынын, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын текшерүү баштала тургандыгын эскерткен. Судьялардын жоопкерчиликке тартылышын бул текшерүүнүн баштапкы жыйынтыктары катары караса да болот.

Анткени, “Бул коррупцияга каршы кадамдын олуттуу компоненти. Ар бир чиновник таман акы, маңдай тери менен тапкан кирешесине жараша жашасын. Жакындарына жаздырып, мыйзамсыз байлыгын жашыргандардын чыгымдары ачык болуп, чиновниктин таза иштөөсүн камсыз кылчу механизмдерди киргизүү зарыл”, – деген мамлекет башчы кайрылуусунда.

Авчиге ал жетпейби, же анын калкалоочусу күчтүүбү?

Авчи Алиев

Азыр Октябрь райондук сотунун судьясы Авчи Алиев  Түп  райондук  сотунун  судьясынын  милдетин аткарып турган учурда  бир  иш  боюнча “боткону”  чалган. Ал  Бүбүкан  Алтымышеванын арызы боюнча анын Токталы  Мүлкубатовдон 22 миң доллар алганы жөнүндө тилкатын акчасыз деп тааныган жана андан 991 643 сом карызды өндүрүү жөнүндө 28.04.2016-ж. чечимин чыгарган.

Эми  окуянын  кандай  болгонун  айта  кетели. 23.07.2010-ж. Т.Мүлкубатов өзүнө тиешелүү “Эмка”  айыл чарба кооперативинин документтерин күрөөгө  коюу менен бир айга Б.Алтымышевадан 650 миң сом карызга алган. 27.09.2011-ж. Т.Мүлкубатов Б.Алтымышевага карыздын үстөк пайыздарын кошуу менен 22 миң доллар төлөп берүүгө милдеттенген тилкат берген.

Андан кийин Б.Алтымышева Т.Мүлкубатов кооперативдин документтери жоголду деген шылтоо менен анын дубликатын алганын айтып Ысык-Көл облустук ИИБга кайрылган. ИИБнын ага тергөөчүсү К.Кабылбеков ишти караган учурда Т.Мүлкубатов дубликат жасатуу менен сатып алуучуларды издеп, табылса, аны сатуу менен Б.Алтымышевага акчасын кайтарып бермек болгондугун билдирген. Бирок, Б.Алтымышева кооперативге камак салдырып койгондуктан эч нерсе кыла алган эмес.

Анан кардар табышып, Б.Алтымышева андан өзүнүн 22 миң долларын алгандан кийин Т.Мүлкубатовго эч кандай дооматы жок экенин жана айыптоону колдоодон баш тарта турганы жөнүндө тосмо арыз жазуу менен бул материалды кароону токтотууну өтүнгөн. Натыйжада тергөөчү К.Кабылбеков 18.05.2013-ж. кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарган.

Мына ушул юридикалык документтин бардыгына карабастан, судья А.Алиев жогорудагы чечимди чыгарып берген. Албетте, ал мыйзамсыз жана абсурд чечим Ысык-Көл облустук сотунун, Жогорку соттун соттук коллегияларынын чечимдери менен жокко чыгарылган.

Эң башында эле судьяга гана эмес, юридикалык сабаты бар ар бир адам үчүн айкын болуп турган иште теңирден тескери чечим чыгарууга А.Алиевге эмне себеп болду экен? Ушундай элементарлуу иште негиздүү жана мыйзамдуу чечим чыгара албаган А.Алиевдин буга чейин жана мындан ары да судья болуп иштөөгө моралдык укугу барбы? Балким, ал башка иштерде да ушундай “ботко” чалуу менен чечим чыгарып жатса, анын чечимдери канчалаган адамдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарына кесепетин тийгизди экен?

Мына ушул иш боюнча эми акыркы мезгилде “мундирдин кызыкчылыгын коргобой”, адилет чечимдерди чыгара баштаган Судьялар кеңеши өз баасын берет деп ишене туралы. Анткени, Т.Мүлкубатов судья А.Алиевдин үстүнөн арызданып ушул мекемеге кайрылды…

Биз да окуянын жүрүшүнө көз салып турмакчыбыз.