Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Кыргызга эле жыл сайын кыш айттырбай келет окшойт

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Биринчи эле жааган кар жана суук Бишкектин жашоочуларын жана мэриясын сыноодон өткөрүп, же тагыраагы өткөрбөй койду.

Анткени, бир жагынан жолдор толук тазаланылбай, “тыгындар” көбөйсө, экинчи жагынан муниципалдык да, жеке менчик да коом дук транспорт каражаттары каттамга чыкпай жүргүнчүлөр үчүн чоң машакат жаратты. Дагы жакшы, бизде жеке адамдар жана фирмалар айрым алдыңкы өлкөлөрдөгүдөй болуп, коомдук транспорттун начар иштегенинен тарткан чыгымдарын доолап муниципалдык кызматтарды сотко беришпейт. Андай болгондо, мэрия турган жерден “банкрот” болмок.

Эми мэриянын актануу жана күнөөнү башкаларга оодара салуу аракетине көңүл бөлөлү. Анын расмий өкүлү жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген жеке менчик фирмалардын айдоочуларынын 80 пайызы автоунааларынын дөңгөлөктөрүн өз убагында кышкыга алмаштырбаганы үчүн аларды айыптады. Ал эми көчөлөрдүн толук тазаланбагандыгына да машиналарын туш келди коё беришкен айдоочулар күнөөлүү экен. Ошол эле учурда муниципалдык транспорт кызматынын жетекчилери муниципалдык унаалар үчүн кышкы дөңгөлөктөрдү алууга жетишпей калышканын айтып жатышат.

Мына ошентип, жыйынтыгында алдын-ала кабарлабай келип алган кыш күнөөлүү болуп чыкты. Бирок, эмне башка өлкөлөрдө кыш алдын-ала СМС жиберип, анан келеби? Баса, биздин гидрометереология кызматы деле аба ырайынын бузулушу жөнүндө алдын-ала маалымат берген.

Ошондуктан, өз ишиндеги кемчиликтер үчүн күнөөнү башкаларга жүктөгөнгө ара-кеттенбей, мэрия жана анын кызматтары ар жылы кыш, жаз келе турганы анык болгондуктан, алдын-ала даярдык көрүшкөнү туура эмеспи?!