Мамтилди тоготпогон бостор, мыйзамды буйлалаган соттор

Жээнбай ТҮРК, «Кыргыз Туусу»


Каракол мэриясы 4-апрелдеги кезектеги отурумунда «Каракол шаарында мамлекеттик тил саясатынын жүргүзүлүшү жөнүндө» маселени талкууга алып, облус борборундагы мамлекеттик мекеме-уюмдарда, өзгөчө коомдук жана жеке менчик ишканаларда маалыматтар расмий гана тилде жазылып, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын талаптары бузулуп жаткандыгы боюнча аларга алдын-ала эскертүү берген.

Бул отурумда шаардагы бардык көрнөк-жарнактарды мыйзамдын талаптарына ылайык тартипке келтирүү жагы мэриянын алдындагы мамлекеттик тил боюнча катары 9 кишиден турган, төрайымы вице-мэр Гүлназ Орозова болгон комиссияга жүктөө, ар бир 20 күн сайын шаарда мамлекеттик тил саясатын аткаруу боюнча текшерүүлөрдү, ошону менен бирге жогорудагы мыйзамдардын талаптары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы да тапшырылган.

Ысык-Көл облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Б.Мырзахматов тил комиссиясынын төрайымы Гүлназ Орозованы Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 400-беренесинин  1-бөлүмүнүн  негизинде күнөөлүү деп таап, административдик укук бузуу  өндүрүшүн  козгоо  токтомун  кабыл алып Каракол шаардык сотунун кароосуна жөнөтөт. Ишти ачык сот отурумунда 26.04.18-ж. караган судья И.Иманбеков процессти баштан-аяк расмий тилде жүргүздү. Прокурор Б.Мырзахматов өз баянында Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам, Президенттин 02.06. 2014-ж. №119 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2014–2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программасынын, Каракол шаарынын мэринин 12.02. 2018-ж. №50 тескемесинин негизинде мамлекеттик тил боюнча атайын комиссия түзүлүп, 2018-жылга анын иш планы бекитилгенин билдирди, бирок шаардык тил комиссиясынын «Азия центр» ЖЧК борборунун ички-тышкы жарнамасынын мамлекеттик тилде жазылбаганына гана талап коюлганына карабастан, «Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө» мыйзамы боюнча анын аткарылышын көзөмөлдөй турган прокурор лам деп ооз ачпады. Кайсы бир Кудрявцев В.В. ж.б. коллективдүү арызы боюнча чогул-ган материалдарды карап, Өкмөттүн 03.04. 2017-ж. №195 токтому менен жактырылган «Ишкерлик субъектилерди текшерүүгө укук алган ыйгарымдуу органдардын» тизмесиндеги талаптардын катарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кирбей турганын, ошондуктан алар ишкерлик субъектилерин текшерүүгө укуктары жок экенин, киргендер видеокөзөмөлгө жазылып калып, интернетке, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып кеткенине нааразы болгону үчүн кайрылышканын билдирди.

Судья  күнөөкөрлөрдүн  орундугунда отурган Г.Орозовага сөз кезегин бергенде, ал: «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана «Жарнама жөнүндө» мыйзамдарын аткарууда алдын-ала белгиленген иш чаралар боюнча шаардын бардык мамлекеттик да, мамлекеттик эмес дагы мекеме-уюмдарда алардын менчигинин түрүнө карабай алгач түшүндүрүп, анан эскертип, кемчиликтерди оңдоого беш-он күнчө убакыт берип, кемчиликтер четтетилбесе, монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин облустагы бөлүмүнүн адистери жардамга келерин, ал эми «Азия центр» ЖЧКсы мамлекеттик тил боюнча мыйзамды, 2014-2020-жыл-дары мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын аткарылышы боюнча талаптарды таптакыр тоготпогону аз келгенсип, эми прокурор Мырзахматовдун жардамы менен, тескерисинче Президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын биздин алдыбызга койгон талаптарын ак ниеттүүлүктө аткарып келаткан биз айыпсыз айыпка жыгылганы турабыз. Жогоруда урматтуу прокурор бизди айыпка жыгууга негиз кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкерлерди текшерүүгө укугу жок дегендей, тил комиссиясынын мүчөлөрү ишкерлердин финансылык кириш-чыгыш жагын же ишкерликтин кесиптик-өндүрүштүк жаг-дайларын текшерүүгө алганыбыз жок да”, – деди.

Ал күнкү соттук отурумга «Азия центрден» эч кимиси катышкан жок. Судья И.Иманбеков прокурор менен айыпкердин сөздөрүн анда-санда суроо берип коюп уккандан кийин, адаттагыдай ички бөлмөсүнө кеңешүүгө кирип чыгып, толук бойдон прокурордун ою боюнча: мамлекеттик кыргыз тилин тааныгысы келбеген, «Мамлекеттик тил жөнүндө», “Жарнама жөнүндө» мыйзамдарын, Президенттин жарлыгы менен бекитилген Улуттук программага түкүргөн «Кудрявцева В.В. ж.б.» деп прокурор Б.Мырзахматовдун токтомунда жазылып калганы менен, караандары көрүнбөгөндөрдүн пайдасына чечилип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили үчүн күйгөн Г.Орозова 10 000 сом айыпка жыгылды.

Акыры чыркыраган чындык чыгаар деген илгери үмүт менен облустук сотко кайрылганда курамында судьялар Г.Кудабаева, У.Суранчиева, А.Омуралиева болгон соттук коллегиянын отурумуна обл прокуратурадан келип катышкан К.Айтбаев мурдагы кесиптеши Б.Мырзахматовдун шаардык сотто келтирген айыптарын тоту куштай толук кайталап берди. Бу сапар да арыз жазгандар келген жок.

Сөз берилгенде, Г.Орозова бул иште эч бир мыйзам бузбагандыгын, Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткаруудан башка жеке ишкерлерге эч дооматы жоктугун, облустук сот акты – ак, караны – кара деп так аныктап берерине алдын-ала зор үмүт арткандыктан Мамлекеттик тил комиссиясынын төрайымы, кыргыз тилинин күйөрманы катарында кайрылгандыгын айтты.

Бирок, «Карга карганын көзүн чокубайт» экен, баягы чечимдеги «Каракол шаардык соту» дегендин ордуна «Ысык-Көл облустук соту» деп жазылганы эле болбосо, башкасы өзгөрүлгөн жок.

Ал эми ушул чиеленишкен иштин «буламыгын» даярдаган облустук прокуратуранын кызматкери Б.Мырзахматов ошондон кийин кызматы боюнча жогорулап, борбор жакка кетиптир дейт…