Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Жыландар уюгуна кире турган маалга али  көп бар. Андыктан Жан шашылбайт. Чээнден чыкчу жазга чейин эмне бар да, эмне жок?! Чыны менен эле Кызмончоктон санаасы тынчып, биротоло бир жаңсыл болуп кеткени жакшы. “А балким…” – Кызмончок ушул кышта чээнге кошо эрчип кетчүдөй, көңүлү жайдарылана түштү. Бул ою канчалык акылга сыйбай турган куру кыял экенин билсе дагы, саамга денеси балкып, өзүн-өзү алдап, бактылуу боло калганын кара. Акыркы убактарда ушинтип курулай эле  ырахаттана калууга үйрөнгөн. Бир жаман жери, кайра эле ошолордун чындыкка айланышын самай берет… «Эмне экен?! – деди оюнда, – Эмне экен?! «Эркектин  өжөр, өктөм болгону жакшы» дечү го Кызмончок! Балким ал менден да ошол касиетти талап кылып, сынап жаткандыр?! Ооба, эмнеси болсо да Бектемирге жолугуум керек! Эгерде адам баласы да Кызмончокту менчелик сүйсө, чындыкты билип көрсүн, түтүп көрсүн!..»

* * *

Ошо убакта Бектемир атасынын күтүрөгөн чоң үйүр жылкысын кайрып, башына чулгай салынган бир байлам кызыл жоолугунун учу желбирей, укуругун сороктото айгай салып, ат жалында бараткан. Анда-санда окуранып, куйрук-жалы сапырылган Актуягы Бетемирдин жандүйнөсүн билген сымак ооздугун качырата чайнап, ай ааламды жаңырта азынап, демейдегиден да бир башкача чамгарактайт, чиркин!

Жигит менен бу, канаттуу куштай зымырап жерде учуп бараткан  жаныбардын кыял-жоругу бири-бирине куп жарашып, окшош дагы. Так ошол Кызмончок менен Жан сыяктуу, бул экөө да бала кезден жанбирге. Кулунунун куйрук-жалын сылап, кош чырактай балбылдаган көздөрүнөн өөп, көкүлүн тарап өскөн. Акыркы кездерде Актуягынын жонунда «учуп» баратып да, өбөктөй калып, айчырайлуу бир кызга ашык экенин айтып, сырдаша берет. Эч кимге айта албаган алгачкы махабатын ошентип, адеп Актуягы уккан. Ошондон бери тулпары уландын канча бир асыл ой-тилектерине күбө болуп келет. Атүгүл кай бир кездерде Бектемирдин көздөрүнөн шүүдүрүмдөй мөлтүлдөп кулап кетчү мончок жаштарды да жалгыз Актуягы билет! Күлүгүнүн маңдайына маңдайын тийгизип, мойнунан кучактап алып үн чыгарбай ыйлаган күндөрдү күлүгү жер чапчый кошкуруп, таноолорун эдиреңдете, башын оңду-солду чулгап, окуранып алуучу. Эмнегедир анысы жигитти намыстантып, кайратына келтирип жаткан сыяктуу туюлчу да, жигит чын эле чыйрала түшчү. Эми да Бектемир Актуягынын сапырылыган жалын бир колу менен кочуштай кармап, ээрге өбөктөп баратып:

– Чү, Актуягым! Чү! – деп өпкөсү көөп, жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй алып учуп, кудум жылкынын төрт аягындай көңүлү удургуп баратты! Жерди солкулдатып, дүпүрөгөн бир үйүр жылкынын туяк алдынан уюлгуган чаң асманга сапырылып, тээ батышта кызарып, уясына батып бараткан күндүн көзүн жаап, адырдын бетин ого бетер сырдуу, сүрдүү кылып барат. Ага кошул-ташыл эси-дартынын баары айыл тарапта болуп ашыккан Бектемирдин айгагы алыска-алыска тарап… Акыры жетчү жерине жетип, үйүрдү адырдын үстүндөгү жылкычынын карамагына кайрып берип, мына эми артына кайта турган болгонунда:

– Э, Бектемир?! Ботом бери кайрылбайсыңбы?! – деди үйдөн чыга калган аяш апасы. Ошондо да: «Эмне кылсам, укмаксан болуп кете берсемби?..» – деп барып анан мойнунан байлагандай ат тизгинин буруп:

– Жакшы турасызбы, аяш апа?! – деди бала ооз учунан.

– Ботом, токто! Айылдыктар аман-эсенби? Эмне кеп-сөз бар? Үйгө кирип, чай ичип дегендей, кобурап кетсең боло!

«Карачы эми, шашып жатканда ушинтет…» – деп ичинен күңкүлдөгөнү менен:

– Айылдыктар жакшы эле. Атам-апамдар салам айтышкан, – деди Бектемир.

– Ии, саламат болушсун! Аяш атаң баягы ала бээ жоголуп, ошону издеп кеткен.

«Сурап жатамбы?! – деди ичинен улан, – Шашып жатканда кармай беришет ушинтип!..»

– Ботом түшпөйсүңбү! – аяш апасы эми өктөм үн катты, – Эмне болуп калгансың, тил-ооздон калып?!

– Шашылышмын, апа!

– Кайда шашасың?! Айтмакчы, «укмуштуунун төөсү жорго» деп, өгүнү жакадан келген бирөө: «Кызмончок жыланга айланат экен» деп эле божурап кетти. Ботом, ал эмне деген шумдугу?!

– Эк! – андан аркысын уккусу келбеген Бектемир аттын башын бура тартты да, татырактаткан боюнча чаап кетти. Демейде түшүп даам сызып, ар кайсыдан божурап, шашпай отуруп кетчү баланын бу жолку кылык-жоругуна таң калган аял:

– Апе-ей! Баары эле соо эмес го?!.. – деген боюнча кала берди. Жигит болсо:

– Актуягым, уч ылдам! – деп келатты, – Күн уясына батканы качан?! Кызмончок күтүп калбасын, чү!!!

* * *

Булактан ары анча алыс эмес, жол боюнда асман тиреп, шуулдаган кош чынар бар. Бектемир менен Кызмончок бүгүн ошол жерде жолукмак.

Улам айылга жакындап, айылдын этеги тараптан жылтылдап от көрүнүп, желе жортуп өйүз-бүйүздү аралаган жел менен кошо түтүндүн жыты келип, улам иттердин абалаганы жакындап, а бирок Бектемирге жол ансайын арбыбай, Актуягын оңду-солду камчылап барат. Качан гана тээ илгертен өздөрүндөй кыз-жигиттердин аруу махабат, арзуусуна шерик болгон кош чынары көрүнгөндө гана ат тизгинин тартып, жүрүшүн жайлатты. Өзү менен кошо тең жарышып, тээ ак мөңгүлүү бийик чокудан ылдый чуркап келип, андан ары эми айылды аралап өтчү билектей сууга токтоп, белине чейин чечинип жиберди да, шапшына жуунуп алды. Ошентсе деле эмнегедир жүрөгүнүн бөтөнчө түрсүлү бүтпөй, көңүлү элеп-желеп боло берди.

Ал келгенде кош чынар адатынча бир башкача шуулдап, бариктери дирилдеп ырдап турган.

Аттан түшүп, жака-боюн түзөгөн Бектемир эми айыл тараптан көз албай, Кызмончок келчү тарапты  утурлай карады. Канча ирет алдынан тосуп чыгууга бел байлап, анткен менен ансыз деле Кызмончоктун баскан-турганын эсеп-чоттой берчү кошуна-колоңдордон, айрыкча өзүнүн апасынан жазганды. Анан калса, апасы акыркы убактарда  Бектемирди артынан карап, акмалап карай берчү адат тапкан. Уулун Кызмончоктон коруганы го. Бу саам да апасынын ошол кыялын ойлоп, айылга кирбей эле коюуну эп көрдү да, атын тушап коё берип, өзү чынар терекке жөлөнө, селкисин чыдамы жетпей күтүп турду. Бирок ал Актуягынын кулактарын тикчийте кошкурук атып, жер чапчып, кандайдыр бир белги бере, алда неге тынчсызданып жатканын түшүнгөн да, туйган да жок!.. Башы айылдан башталып, ийрелеңдеп аңызды аралап келип, так ушул теректерге токточу жолдон көзү өтүп: «Кызмончокко эмне болду? Эмнеге кечикти, же кечээ таарынтып алдымбы? А балким ал ойлогондой болбой калдымбы?..» – деп санаасы-санга бөлөнүп, ой-чабыты алда кайда алып учуп, карбаластай баштады. Бакка башын сүйөгөн калыбында:

– Бир, эки, үч… жыйырма… отуз… элүү… жүз… – деп улам кайра санай берди. Бул анын өзүн-өзү алаксытып, жүрөгүнүн элеп-желеп болгонун басуу үчүн жасаган аракети болчу.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.