Автобустар эскирди, жаңылары качан келет?

Мэриянын басма сөз кызматы Бишкек шаардык мэриясынын жетекчилиги автобустар базасын текшерип чыкканын жана Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын авто базасындагы 2008-2010-жылдары алынган автобустардын дээрлик көпчүлүгү жараксыз экени аныкталганын билдирди.

Коомдук транспорт сатып алуу үчүн бюджеттен 382 млн. сом бөлүнгөн. Жакын арада автобус сатып алуу үчүн тендер жарыяланат. Эске салсак, Бишкек шаарын коомдук транспорт менен жетиштүү камсыз кылыш үчүн 800гө жакын автобус талап кылынат. Ушул тапта 150 автобус гана иштейт, 125и оңдоодо.