Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары. Тышкы саясат

«Президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден тартып Борбордук Азия өлкөлөрү, Россия, Кытай, Түркия, Европа союзу, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын, биринчи кезекте БУУ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ жана КМШ алкагында өз ара кызматташуусунун жогорку динамикасы байкалат», — деп баса белгиледи Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ушул мезгилдин аралыгында Мамлекет башчысынын катышуусу менен 30 визит жасалды, эки тараптуу 77 жана көп тараптуу 414 эл аралык документтерге кол коюлду. Ошондой эле чет өлкөлөр менен өкмөттөр аралык комиссиялардын 7 жыйыны өткөрүлдү. Чет элдик 4 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков бир жылдын аралыгында мамлекеттик жана расмий визиттер менен Борбор Азия аймагынын бардык өлкөлөрүнө — Өзбекстан (2017-ж.13-14 декабры), Казакстан (2017-ж.25-26 декабры), Тажикстан (2018-ж.1-2 февралы), Түркмөнстан (2018-ж.23-августу) барды. Визиттердин жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги жана регионалдык кызматташууну, анын ичинде сода-экономикалык жана инвестиция тармагында кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүү маселелери терең талкууланды.

Мамлекет башчысынын 2018-жылдын 15-мартында Астанада өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусуна катышуусу, ошондой эле 2018-жылдын 24-августунда Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Аралды сактоо Эл аралык Фондунун саммитине конок катары катышуусу маанилүү окуялардан болуп калды.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар регионалдык интеграциянын, Борбор Азиянын дүйнөлүк коомчулуктагы ордун жана ролун аныктоо зарылдыгын түшүнүүгө келишти.

Кыргызстан жана Казакстан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө Макулдашууну жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын режими тууралуу эки өкмөттөр ортосундагы Келишимге кол коюу менен мамлекеттик чек араны тактоону аякташты.

«Президент Сооронбай Жээнбеков биринчи чет өлкөлүк визит менен Россияга барды. Бул Россия Федерациясы менен союздук мамилеллерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө карай тышкы саясаттын багыты өзгөрүлбөстүгүн дагы бир жолу баса көрсөтөт», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Бардыгы болуп бир жылда эки өлкө лидерлери беш ирет жолугушту. Бул динамика эки өлкөлөр ортосундагы мамилелердин канчалык активдүү экенин көрсөтөт. „Ушундай жолугушуулардын биринде биздин жарандарга карата миграциялык амнистияны колдонуу жана аларды ‚кара тизмеден‘ чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды“, — деп белгиледи тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси. Өткөн жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү 19 пайызга өстү. Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү улам өсүүдө», — деп баса белгиледи ал.

Россия менен эки тараптуу аракеттенишүү жалпы ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттешүүнү жакшыртууга өбөлгө болууда.

«Президент Кытай Эл Республикасына алгачкы мамлекеттик визит менен барды жана Циндао шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышты», — деп белгилеп, Данияр Сыдыков Кытай биздин өлкө үчүн эң ири соода өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун бири экенин баса белгиледи.

Кыргыз-кытай кызматташтыгын көп тараптуу жаңы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыккандыгы олуттуу жыйынтыктардан болду. Бул жигердүү соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди активдүү алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле кытай тарап илимий-инновациялык айыл чарба технологиялар паркын түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды жабдуу менен камсыз кылуу жана Бишкек шаарында жол тармактарын өнүктүрүү үчүн, ошондой эле Кыргызстандын алыскы аймактарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү үчүн 600 млн. юань өлчөмүндөгү грант берүү чечимин кабыл алган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 9-11-апрелинде Түркияга жасаган расмий визити эки өлкөнүн тең эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуу ниеттери бар экендигин ырастады.

«Президенттердин ортосундагы жекече мамиленин түзүлүшү, баардык деңгээлдн эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга өз салымын кошту. Эки өлкөнүн лидерлери бул жылы 4 жолу жолугушту, булл жагдай кызматташуунун динамикалуу өнүгүүсүн көрсөтөт. 4 жылдык тыныгуудан кийин Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин IV жыйыны өткөрүлдү», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Европа багытында Кыргызстан менен Европа Союзунун ортосундагы саясий диалогду жана ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөө иши улантылууда. Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын апрель айында Европа Союзунун институттарына жасаган иш визити маанилүү окуялардын бири болду.

«Сапардын жүрүшүндө Европа Союзунун институттарынын жогорку жетекчилиги менен жеке байланыш түзүлдү. Кыргызстан менен Европа Союзунун ортосундагы өз ара мамилелердин бардык багыттарын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстан менен ЕСтин ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу тууралуу жаңы Макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө саясий импульс берилди», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен жолугушуунун жүрүшүндө 86 млн. евро өлчөмүндө жеңилдетилген кредиттик линия бөлүү тууралуу макулдашууга жетишишти. Анын 36 миллиону грант түрүндө, республикабыздын региондорунда жана шаарларында калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорго жана ирригацияны өнүктүрүү долбоорлоруна бөлүнөт.

Кыргызстандын Венгрия менен эки тараптуу өз ара аракеттенишүү деңгээли кеңейип жаткандыгы байкалат. «Кыргызстандын эгемендүүлүгү жылдарында Венгриянын Премьер-министри биринчи жолу Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Анын сентябрь айынын башында ТТМК кезектеги жыйынына жана III Дүйнүлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышуусу тарыхий окуяга айланып, эки элдин жакындашуусунун символу болуп калды. Расмий сапар кыргыз-венгер мамилелерин мындан ары актвдештирүүгө өбөлгө болоору талашсыз», — деп белгиледи бөлүм башчы.

Кыргызстан үчүн Венгриянын «Эксимбанкы» тарабынан 50 млн долларлык кредиттик линиянын ачылышы жана Венгриянын вуздарында кыргыз студенттерине кошумча квоталардын берилиши тууралуу макулдашуу, туризм тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлушу эң башкы жыйынтыктардан болуп калды.

Кыргызстан Европа багытында кандай кызматташса, Түштүк Чыгыш жана Түштүк Азия мамлекеттери менен дагы ырааттуу мамиле күтүп жатат. Кыргызстандын Япония, Корея Республикасы, Индия, Пакистан, Монголия, араб мамлекеттери жана Азиянын башка өлкөлөрү менен дагы мамилелеринин динамикасын белгилесек болот.

Кыргызстандын улуттук экономикасы үчүн Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында толук форматтуу интеграцияны жылдыруу приоритеттүү багыттардын бири.

«Өткөн жылы эки тараптуу мамилелерди жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында кырдаалды жайгаруу максатында Мамлекет башчысы Казакстандын Президенти Н. Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда ветеринардык контроль маселелерин чечүү боюнча макулдашууга жетишишти», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

2018-жылдын 14-майында Сочиде өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында Россия Федерациясында жана Казакстанда жарандарыбыздын болуу шарттарын этап-этап менен жакшыртуу боюнча жумуштарды улантуу, ЕАЭБ талабына ылайык бажы постторун жана пункттарын жабдуу тууралуу Кыргызстандын позициясы ырасталды.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун АКШга БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73- сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн иш сапары маанилүү окуялардын бири болду. Жогорку трибунадан дүйнө коомчулугун Президенттин жетекчилиги алдында өлкөнүн коомдук-саясий жана экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөр, ошондой эле болжолдонгон реформалар жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары тууралуу маалымдады», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуп, Кыргызстан менен БУУнун мындан ары кызматташуу маселелери, тактап айтканда демократиялык институттарды өнүктүрүү, шайлоо системасын өркүндөтүү, уран калдыктарына байланыштуу экологиялык проблемалар, ошондой эле Борбордук Азия аймагында, айрыкча Фергана өрөөнүндө чек ара маселелери талкууланды.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 73 сесиясынын алкагында Борбордук Азияда мурдагы уран иштетүү ишмердигине байланыштуу коркунучтарга арналган жогорку деңгээлдеги иш чара өткөрүлдү (Нью-Йорк, 27-сентябрь). «Аталган иш чаралар Кыргызстандын аймагындагы жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү уран калдыктарынын көйгөйлөрүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, донордук жардам тартууну көздөгөн», -деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

ЕККУнун парламенттик Ассамблеясынын күзгү жыйыны Бишкекте өткөрүлүшү Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташуусундагы маанилүү окуялардын бири болуп калды. «Кыргызстанда алгачкы ирет эл аралык парламентарийлердин форумун өткөрүлүшү өлкөдө парламентаризмди бекемдөөгө өбөлгө түзүп, ЕККУ катышуучу-мамлекеттердин парламенттик делегацияларына өлкөбүз менен таанышып, демократиянын өнүгүү деңгээлин көрүүгө мүмкүнчүлүк берди», — деп белгиледи бөлүм башчысы.

2018-жылдын 28-сентябрында Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйшөмбүдө КМШ мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышты. Анда КМШ мамлекет башчылары кыргыз тараптын демилгеси менен киргизилген Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу билдирүү кабыл алышты.

2018-жылдын 10-июнунда Циндао шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Саммитине катышты. Жогорку деңгээлдеги жолугушуунун жүрүшүндө Уюмду мындан ары өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги милдеттер каралып, ШКУ алкагында артыкчылыктуу багыттар боюнча бир катар маанилүү документтер кабыл алынды.

«Циндаодо ШКУдагы төрагалык кыргыз тарапка өттү. Мындай жагдай Кыргызстанга келерки жылы эл аралык бул таасирдүү уюмдун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүү боюнча зор жоопкерчилик жүктөйт», -деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

2018-жылдын 3-сентябрында Кыргызстанда өткөрүлгөн Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын Саммити элдерибиздин көп кылымдардан берки достугунун тарыхындагы кезектеги бир баскычы болуп калды. Саммит үч жылдык тыныгуудан кийин уюштурулгандыктан, Президентибиз ТТМК мүчө-мамлекеттеринин бардык лидерлеринин катышуусу менен өткөрүүгө жетишти«, — деди Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

Бул жогорку деңгээлдеги жолугушууга ТТМКга катышуучу-мамлекет башчыларынан тышкары алгачкы ирет ардактуу конок катары Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан катышышты. Саммиттин жүрүшүндө ТТМК төрагалыгы Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

2018-жылдын 8-ноябрында Астанада өткөн ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында бул уюмдагы төрагалык Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Ушуга байланыштуу келерки жылы ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын Бишкекте өткөрүү болжолдонууда.

Кыргызстанда ийгиликтүү өткөрүлгөн эл аралык масштабдагы эң олуттуу окуялардын бири — III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Көчмөндөр оюндарынын ачылышына Казакстандын, Түркиянын, Татарстандын (РФ) президенттери, Венгриянын премьер-министри жана башка көптөгөн мамлекеттерден келген кадырлуу мемандар катышты. Бул Кыргызстандын тышкы саясатын колдоп жаткандыгынын көрсөткүчү десек болот», — деп сөзүн жыйынтыктады Данияр Сыдыков.