Максат Дамир уулу Туризм департаментинин директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Дамир уулу Максат Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – министрдин орун басары болуп дайындалды.

33 жаштагы Максат Дамир уулу АКШ жана Япониядан билим алган. Буга чейин жергиликтүү жана эл аралык компанияларда эмгектенип келген.

Эскерте кетсек, Туризм департаментинин мурдагы директору Азамат Жаманкулов 26-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган болчу.