Өкмөт башчы рамазан айы менен куттуктады

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргызстандыктарды рамазан айы менен куттуктады. Бул
тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Орозо айы адамдарды бири-бирине кайрымдуу болууга чакырат, ар бир момун мусулман ниетин, пейилин тазартууга аракет кылып, Жараткандан жакшылык сурайт. Баардыгыңыздарга бекем ден-соолук каалайм, ниет кылган тилектериңиздер орундалышын Кудайдан тилейм. Кыргызстаныбызда тынчтык, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык жана жакшылыктар көп болсун«,-деп айтылат өкмөт башчынын  куттуктоосунда.

Эске салсак, 26-майдан 27 майга караган түнү орозо айы башталды.