Маевский камакта

Айтылуу Л.Маевский Москва шаарында январь айынын ортосуна чейин камакка алынды. «Интерфакс» агенттиги Мамлекеттик Думанын экс-депутаты бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан 37,5 млн доллар талап кылганы үчүн айыпталып жатканын жазып чыкты.

Л.Маевский РФ Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренесинин 3-бөлүмү менен айыпталып жатат. Эгерде күнөөсү далилденсе, 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эске салсак, Л.Маевский Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ө.Текебаевдин ишинде негизги күбө катары белгилүү. Ошол эле иш боюнча Д.Чотонов да камакта отурат.