Капчыкка эмес, калкка жумшалганда далай иштер бүтмөк

Өткөн жумада УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек Бишкек жылуулук борборунда болгон былтыркы кыштагы кырсыктан 89 миллион 699 миң 230 сом чыгым келтирилгенин айтты. Тактай кетелик, бул ошол кырсыктын кесепеттерин гана жоюуга кеткен чыгымдар. Кыргызстан коррупциянын балчыгына белчесинен батканын чейрек кылымдан бери эле айтып келебиз. 386 миллион долларга жаңыланган Бишкек ЖЭБи – биздеги паракорчулуктун анык үлгүсү болду. Чакалайдын чак түшүндө калктын капчыгын каңтарган мындай акмакчылык кыргыз тарыхында болгон эмес.

Өткөндө “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов “Келечек 4.0” деп аталган жаңыланган программасын жалпыга жар салып жатып:

–  Кыргызстан  сыяктуу  деңизге  чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелген Монголияда “Хушигт” жаңы эл аралык аэропорту курулду. Ал саатына 1100 жүргүнчү же жылына 1,7 миллион адамды тейлейт. Долбоордун баасы 298 миллион доллар… Илон Маск жана анын “SpaceX” компаниясы “Falcon Heavy” аттуу жаңы муундун оор ракетасын космоско учурду. Бул ракета Марс планетасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Аны учуруу90 миллион доллартурат. А бизде болсо, наркы пайыздары менен кошкондо500 миллион дол-ларга жеткен ЖЭБди модернизацияладык, – деди.

Чынында алкымын эмес, калк камын ойлошкондо ошол 386 миллион доллар менен өтө көп иштер бүтмөк. Монголдорго окшоп жаңы аэропорт курбасак дагы, жок дегенде тажиктердей жаңы жылуулук борборун салдырып алмакпыз. Мисалы, Тажикстан ошол эле кытайлык ТВЕА аркылуу 349 миллион долларга жаңы Душанбе – 2 ЖЭБин нөлдөн баштап курдуруп ишке берди. А биздин ЖЭБ 386 миллион долларга бир жолку катуу суук-ка чыдабаган жаңылоодон өттү.

Дагы бир мисал, Арменияда өткөн жылы 285 миллион долларга бааланган жаңы Ереван ЖЭБинин курулушу башталды. Биздикилер деле армяндардан үлгү алып, кичине ынсаптуураак болуп, Бишкектин четине  жаңы  ЖЭБ  салдырып,  арткан  100 миллион долларына социалдык турак жай, мектеп,  бала  бакча  курса  сонун  болбойт беле.

Мындай салыштырууларды издей берсек толуп атат. Билинбей калат деп билгенин кылгандар бүгүн темир тор артында, тийиштүү жазасын алуунун алдында турушат. “14,5 миң долларга камера, 600 долларга аттиш алдык” – деп элди шылдыңдагандардын камакка алынышы каны кайнаган элдин аз да болсо демин суутуп койду. Алардын аты-жөнүн дагы бир ирет тизмектеп, элдин эсине салып коелу:

Жантөрө Сатыбалдиев – 18-июнда камакка алынган. Коррупция боюнча шектелүүдө.

Сапар Исаков – 5-июнда камалган. “Кызмат абалынан пайдаланып, ТВЕАнын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн” – деп айыпталууда.

Кубанычбек Кулматов – 5-июнда камакка алынган. ТВЕА аркылуу келген 2 миллион доллар грантты каалагандай калчаган.

Осмонбек Артыкбаев – 5 июнда камалган. Коррупция боюнча айыпталууда.

Айбек Калиев – 19-апрелде камалган. Коррупция боюнча шектелүүдө.

Ошондой эле “Электр станциялары” ишканасынын  мурдагы  башчылары  Салайдин Авазов, Узак Кыдырбаев, орун басары Бердибек Боркоев жана башкалар учурда камакта.

Тиленбек АЗЫК