Катардагы уурулукпу же карасанатайлыкпы?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


9-ноябрдын түнүндө белгисиз бирөөлөр белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин үйүнүн короосунда токтоп турган машинаны уурдап кетип, өрттөп ийишиптир. Өрттөнгөн машина Чүй облусунун бир айылында табылган.

Болот  Шамшиевдин  айтымына  караганда, 1989-жылы чыккан «Мерседес» үлгүсүндөгү бул машина тарыхый таберик экен. Анткени ал башы  залкар  жазуучу  Чыңгыз Айтматовго  таандык  болуп, кийин аны Б.Шамшиевге белекке бериптир. Ушул жагдайларды эске алган белгилүү режиссер машинаны «атайлап уурдашкан» деп эсептейт.

Кеп  машинанын  уурдалганында эмес, тарыхый-маданий таберик буюмдун уурдалганында, уурдалып гана тим болбостон өрттөлүп салганында. Буга чейин Бишкекте  машина  уурдалбай жүрүптүрбү? Уурдалып келген, эгер тартип сакчылары машина уурулукка көрмөксөн, билмексен мамиле жасаганын уланта берсе, анда дагы деле уурдала берет.

Биерде, кеп улут сыймыгы болгон Ч.Айтматовдун улуттун дагы бир сыймыктуу улуу Б.Шамшиевге берген белегине кастык жасалгандыгында. Муну уурулук да эмес, кастык деп түшүнүү керек. Бул, биз улуттук табериктерибизге татыктуу мамиле жасай албай турганыбызды билдирет.

Илгери, Сүймөнкул Чокморов катуу ооруп, оору менен алышып жүргөн жылдарда “Волгасын” белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Болот Шамшиев сексенге таяп калды. Аксакал жашындагы адамдын, кыргыз киносунун легендасына кара ниеттик жасоого кимдин дити барды экен? Бул ишке кимдердин катышы болсо, ИИМ жана министр өзү кийлигишип, күнөөлүүлөрдү тез арада табат деп ойлойбуз. Бул мундир намысы эле эмес, бул – улут намысы.

Төбөсү көрүнгөн жигиттерибиздин бири Кубат Болотканов социалдык түйүндөгү өз баракчасына: “Бүгүн СССРдин эл артисти, даңазалуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин унаасын уур-дап барып, өрттөп ийишиптир де-генди укканда, тээ илгери дагы бир СССР эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун «Волгасын» уурдап кетишкенин эстедим. Улугун урматтай албаган улут болуп баратканыбызга капа болдум. Болбосо, Болот агабыз «Кыргыз кереметин» курап, кино дүйнөсүн дүң кылып, кино өнөр тармагынын төрүнөн барып орун алгандардын бири эле го…”, – деп жазды.

Ушул  жерден,  залкар жазуучунун  90  жылдыгы-на арналып Таласта өткөн мааракеси  тууралуу  эки ооз сөз кыстарбай кетүүгө мүмкүн  эмес.  Ырасында, Ч.Айтматовдун мааракесин бир эле Таласта эмес, Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда белгилешти. Жалпы эле Түрк дүйнөсүндө белгилен-ди жана улантылып жатат. Анан эле Таласта өткөн мааракеден кийин “Азаттык” “Таластагы тойго айланган маараке”  деп  мааракенин чыгымын  эсептеп  чыкты. Аларга кошулуп, 90 жылкы союлуптур дегендер чуулдап жатат. Эми мындай да, эгер чындап эле 90 жылкы союлса, ал жылкыларды Айтматов үчүн эмес, мааракеге келген эл үчүн, тирүүлөр үчүн союшту.

Таластыктар тай соёбу, кой соёбу, же келген элге чай бербей  коебу,  Ч.Айтматов – улут сыймыгы болгон жана улут сыймыгы бойдон кала берет. Ал Таластын эмес, бүтүндөй бир улуттун табериги, жалпы адамзаттык деңгээлге көтөрүлгөн жазуучу. А калганынын баары кара курсактын деңгээлиндеги нерселер.  Башкасы  башка, ушул Айтматовго келгенде майдаланбай койсок эмне болор эле?