25 жылда 120 журналисттин көзү өткөн

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


2018-жылы кыргыз журналистикасы үчүн оор жоготуулар болду. Чыгаан калемгер Султан Жумагулов Маданият, маалымат жана туризм министри болуп турганда күтүүсүз дүйнө салды. Жаштыгына карабай, чырмалышкан коррупциянын бетин ачууда курч мате риалдарды даярдаганы менен таанылган “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаев жалпы коомчулуктун кабыргасын кайыштырып кайткыс сапарга кетти. Таланттуу кесиптештерибиз Салтанат Саматова, “Спутниктин” кабарчысы Исмаил Мамытов каза болушту. Эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүнө караганда кабарчылык кесиптегилердин ден соолугу эрте начарлайт жана өмүрүнө кооптуулук тобокелчилиги да жогору. Өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдан бери үй-бүлөлүк, кландык бийликтерге сын айткан журналисттердин арасынан өлтүрүлгөнү, бычакталып жаракат алганы, куугунтукталып чет мамлекетке көчүп кеткендери болду. Айтор, “Кыргыз тилектештиги” журналисттер коому 25 жылдан бери ар кандай себептер менен каза болгон журналисттерди эсептегенде алардын саны 120га жеткен. Жакында Бишкекте ошол чейрек кылымда каза болгон журналисттердин сүрөт галереясы уюштурулуп, аларга куран окутулду. Аталган иш-чаранын демилгечиси, кесиптешибиз Элнура КУЛУЕВА менен ушул тууралуу маек курдук.

– Элнура, кесиптештерди эскерүү кечесин өткөрүү, аларга арнап сүрөт галереяларды уюштуруу идеясы ка-чан пайда болду?

– Журналисттер журту өлкө эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары Кыргызстандын демо кратия аралчасы болуп таанылуусуна, сөз эркиндигинин калыптануусуна зор салым кошту. Журналисттердин “Кыргыз тилектештиги” коомдук уюму көзү өткөн калемдештерди эскерүүнү, алардын сүрөт галереясын уюштурууну Ысык-Көлдө өткөрөлү деп пландаштырып жүргөнбүз. Бирок, ошол максатты кыргыз журналистикасынын кесиптик күнүнө карата ишке ашырууну чечтик. Көзү өтүп кеткен калемдештердин тизмеси түзүлө баштаганда алгач алардын саны 30га жетти. Тизмени фейсбукка жарыяладык. Социалдык тармактардын күчү ушунда экен, чейрек кылымдын аралыгында каза болгон кесиптештерди эскерүүгө кошуу сунуштары түшө берип, алардын саны 120га жетти. Бир жылдары чогуу иштеп, кабинетте маңдай-тескей отурган айрым аксакал журналисттерибиз жалпыбызга билинбей көзү өтүп кетиптир. Теле-радиолордо, гезиттерде, маалымат агенттиктеринде иштеген борбордук жана аймактык кабарчылардын баарын камтып эскерүүгө аракет кылдык. Бир учурда бирөө оппозицияда, бири позицияда иштептир. Бирок, өлүм алдында бардыгыбыз бирдейбиз. Кандай болгон күндө да 120 деген сан жан дүйнөбүздү солк эттирди. Бул эскерүү кечесине үч муун кесиптештерди бириктире алдык деп ойлойм. Мындан ары арабыз бөксөрбөсүн, кесиптик шериктештикти бекемдейли, биримдикти чыңдайлы, тирүүчүлүктө кадырлашалы деген чакырык болду. Ал жерге ооруп, үйүндө отуруп калган карыя кабарчыларды да чакырып алып келдик. Журналисттин коом алдындагы кадырын көтөрүү зыйнатын жасадык. Анткени, нечендеген мыкты макалаларды жазып, мамлекетке, жалпы коомго зор иш жасап жүрүп, өзүнүн эмгеги бааланбай көзү өткөндөр арбын болуп чыкты.

Эскерүү кечесине карата уюштурулган сүрөт галереяны Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин журналистика факультетине өткөрүп бердик. Анткени, жакында 60 жылдык юбилейин белгилеген бул факультеттен далай чыгаан журналисттер окуганын билебиз. Ушул иш-чаралардын негизинде документалдуу тарыхый тасма тартууну дагы колго алып жатабыз. Андан тышкары, 2019-жылы көзү өткөн журналисттер тууралуу китеп чыгарабыз. Иш-чараны уюштурууга “Замандаш” партиясы каржылык колдоо көрсөттү. ЖК депутаты Искендер Гайипкулов сүрөт галереяны каржылап берди. Депутат А.Сулайманов тасма тартууга өз салымын кошту. Жарандык активисттер Аманбол Бабакулов, журналисттер Дана Абдыбекова, Сайрагүл Дулатова, Канышай Мамыркулова, Күнболот Момоконов, Гүлмира Үмөталиева болуп, ушул долбоорду чогуу ишке ашырдык.

– Журналисттердин музейин ачуу демилгеси менен Маданият, маалымат жана турзим министри Азамат Жаманкуловго кайрылып жаттыңар эле. Бул жагы кандай болду?

– Журналисттердин музейин уюштуруу, журналисттер кошунуна өзүнчө имарат алып берүү боюнча жардам берүүсүн министрден өтүндүк. Министр мырза айрыкча музей маселелесин чечүү боюнча ниетин билдирди. Анткени, көптөгөн мамлекеттерде журналисттерге арналган музейлер бар. Бүгүнкү күндө, Кыргызстандын жазуучулар кошунунун, сүрөтчүлөр кошунунун өзүнө тиешелүү имараты бар. Маалымат айдыңында ишке ашыра турган долбоорлор арбын. Журна-листтердин да өз кеңсеси болгондо ошол дол-боорлорду коомчулукка жеткирүүгө, кесиптештер менен чогуу-чаран талкуулоого жана жаңы идеяларды бөлүшүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Журналисттердин калеми аркылуу нечендеген маселелер чечилип жатат. Бирок, биз өзүбүздүн эң жөнөкөй маселебизди чечүүгө чыгынбай келебиз.

– “Президентке кат куржун” акциясын уюштурдуңар эле. Коомчулук муну кандай кабыл алып жатат?

– Биз ушул жылы кесиптик майрамыбыздын символун таптык десем болот. Ата-бабабыз жашап өткөн доорлордо кат кур-жундун өз орду, турмуштук жобосу болуптур. Тоолорду этектей конгон, кокту-колотторду тандап, көчүп жашаган элибиз чабарман жигиттерге кат куржун берип, чакыруу жөнөтүп келишкен тура. Элге керектүү маселелерди ортого салып, чоң жыйындарда чечишчү. Ал эми журналисттин ар бир иш күнү өлкө ичиндеги көйгөйлөрдү чагылдыруудан башталат. Бирок, журналисттер өзүнүн системалуу көйгөйлөрүн же коомдогу урунттуу маселени мамлекет башчыга түз жеткирүүнүн механизмин таппай жүргөнбүз. Ошондуктан Президент менен маалымат каражаттарынын ортосундагы таасирдүү байланышты түзүүнүн бир жолу ушул кат куржун болуп калуусу керек деп ойлойм. Анткени, социалдык тармак-тарда, теле-радиодо, гезиттерде же сайттарда айтылып жаткан маселелердин айрымдары мамлекет башчысына жетсе, айрымдары жетпейт. Журналисттер менен мамлекет башчынын мындай форматта байланышуусу эки тарапка тең пайда алып келиши керек.