Этти ЕАЭБге тоскоолдуксуз өткөрүү аракети

Күмөндөр УСУПТЕГИН, «Кыргыз Туусу»


Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) тутумуна киргенден тарта өлкөдө өндүрүлгөн азыктарды сыртка алып чыгууда сапат өзүнөн-өзү биринчи орунду ээледи. Натыйжада мурункудай кыргызча «бармак басты көз кысты» алешемдикте азыктарды өндүрө берүүгө чек коюлууда.

Кечээки доордун «кепсени»

Нарын районундагы Миң-Булак айылынын тургуну, ардагер мал доктур Жумалы Мамыров ата 83 жаштын чайын ичип жатат. Баскан турганы тың аксакал кечээки доордун анык адиси экендигин айткан кептери далилдеп турду.

– Совет Өкмөтү айыл чарбасын биринчи орунга койчу, ветеринарияга абдан катуу көңүл бөлчү. Маселен, бир колхоздо 36 мал доктур штаттык бирдикте турчу. Алардын теңи жогорку билимдүү ветеринарлар болгон. Ушундан улам күл, шарп деген ж.б. оорулар такыр кездешчү эмес. Анан союз тарагандан кийин малды дарылоо дагы каралбай калды. Натыйжада, мурда катталбаган малдын дарттары кайрадан пайда болду. Адамдар арасында бруцеллез менен ооругандар көбөйдү. Атүгүл эхинококкоз, альвеококкоз деген дарттарга чалдыгышты. Бирок үмүтүбүз үзүлгөн эмес. Баары бир мамлекет ветеринарияга көңүл бурат, малды дарылоону катуу көзөмөлдөйт дегенбиз. Ошол үмүтүбүз эми кайтып келди, – дейт Жумалы ата.

А  киши  мындай  жүйөөсүн  Нарын шаарына курулган заманбап имаратка жана жер-жерлерде жаңы салынып, айрымдары түп-тамырынан бери оңдолуп жаткан ветеринариялык лабораторияларга карата келтирди.

Эгемендиктин эң биринчи имараты

Жакында Нарын шаарында Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эки кабаттан турган жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул саамалыкты жергилктүү айыл чарба адистери эгемен жылдардагы мүлдө айыл чарба тармагына мамлекет тарабынан курулган биринчи имарат деп баалашты. Чындыгында бир катар мамлекеттик мекеме-ишканалардын жайлары кулап калуучу кейипке келишсе, айрымдары бир очоктон түтүн булата албай, кызматкерлери көрүнгөн жерге көчүп, «ижарачы» абалда күн кечиришүүдө. Ал эми пайдубалынан тарта курулуп, мамлекеттик бюджеттен дээрлик 8 млн. сомго бүткөрүлүп, жаңы пайдаланууга берилген имаратка чалкалап жетекчилер эле олтурбастан, ар бир кызматкердин алдына компьютер коюлуп, алар толугу менен интернетке кошулуптур. Атайын 20 орундуу окуу залы, эс алуучу жа-на чай ичүүчү бөлмөлөр орун алган.

– Учурда Нарын облусунда айыл аймак-тарда 35 ветеринардык клиника курулду. Биз ар бир айыл аймакка бирден ушундай комплексти кургула деп айыл өкмөттөрдөн, акимдерден талап кылып жатабыз. Себеби азыр малдын ден соолугун карабасак болбойт, – дейт өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов мырза.

Алдыга озгон тармак

Өкмөткө  караштуу  ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын деректири Калысбек Жумаканов ЕАЭБдин алкагында жалпы тамак-аш коопсуздугуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.

– Учурда ЕАЭБдин шартында иште-шибиз зарыл. Бул багытта мамлекет бардык аракеттерди көрүүдө. 4 лаборатория жаңы курулуп, 19 лаборатория капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Эми биздин тармактагы кызматкерлер үчүн жаңы имараттар курула баштады. Мисалы ушул Нарындагы мурунку имарат 1930-жылдары салы-нып, кийин аткана болгон экен, тамак-аш коопсуздугуна жооп берген кызматкерлерге шарт түзүшүбүз керек. Өзүңөр көргөндөй атайын окуу залы бар. Мурда жеке менчик ветеринарлар дечүбүз. Азыр аларды расмий ветеринарлар деп атап жатабыз. Негизи мал доктурлар дагы билимдерин өркүндөтүүлөрү шарт.

Экинчиден, ар бир мамлекеттик гана эмес расмий ветеринардын үйүндө интернет болушу абзел. Бардык маалымат бирдиктүү терезе аркылуу өтөт. Биз азыркы тапта электрондук ветеринарияны 90 пайызга чечтик. Айталы Нарындан мал эти сыртка чыкса, отчету ЕАЭБ өлкөлөргө интернет аркылуу алдын ала белгилүү болушу керек. Малдын кыймылы толук көзөмөлгө алынмакчы. Ал эми дары-дармектен көйгөй жок. Жазгы мезгилде пайдалануучу дарылар толугу менен даяр. Жакында 57 унаа алынат. Ветеринарлар 908 мотоцикль менен камсыздалды. Ар бирине ветеринардык  жабдыктар  алынып  берилди. Эми мындан ары жаңыча иштөө милдети турат. Маселен малдын этинен антибиотиктер чыгууда. Азыр молекула, атомго чейин текшерүүчү жабдыктар бар, алды бизге дагы келе баштады. Алсак эттен антибиотик чыкса эле өтүмдүүлүгү болбой калат. Биз жайлоолорубуз менен сыймыктанып, таза суубуз, айтор экологиялык жактан мыкты жерде турабыз деп мактанганыбыз менен дарылоодон уттуруудабыз. Ошондуктан бара-бара ар ким ачып алган ветдарыка-налар жабылып, алар ветеринарларда гана болот.

Үчүнчүдөн, сыртка сатам деген мал колдон союлбашы керек. Ар ким өзү сойсо союп жей берсин, бирок экспортко кетчү мал сөзсүз атайын союлучу жайларда, ветеринардын көзөмөлү аркылуу союлган тартипке жетишүү милдет, – деди өлкөнүн башкы мал доктуру.