Быйыл август айында Бишкек ТЭЦинен чыккан күлдү кайра иштетүүчү “Терек-Таш” цемент заводу ишке кирет.
Завод өз ишин баштаса, 450 жумуш оруну пайда болот. Ошондой эле, жылына 1,7 млн. тонна цемент чыгара алат. Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун маалыматына таянсак, аталган завод Чүй облусунда салынууда. Учурда курулуштун 85 пайызы бүтүп калды. Бул үчүн РКӨФ 45 млн. доллар бөлгөн.