Китеп текчеңизге: «Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы (1949-1978)». «Жунго таануу»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


“Orion Bishkek” мейманканасынын конференц залында Кытай Эл Республикасынын “Улуттар” басмасынын жетекчисинин орун басары Лао Лейдин катышуусунда “Кытай коммунисттик партиясынын тарыхынын (1949–1978)” 2-китебинин 3 томдугунун жана “Жунго таануу” китебинин бет ачары болуп өттү.

Үч томдук тарыхый китептин 1-томунда Кытай Эл Республикасынын негизделиши жана социализмге өтүү мезгилинде (1949–1956-жж.) Кытай Коммунисттик партиясы дуушар болгон кыйынчылыктар, аны жеңип чыгуу-да партиянын жүргүзгөн иштери, ККПнын жетекчиси Мао Цзедундун кабыл алган чечимдеринин негизинде эл аралык кырдаалды жөнгө салууга, жаңы Кытайга тышкы саясаттагы стратегиялык багытты өз колуна алууга мүмкүндүк бергендиги кеңири баяндалган.

Өткөөл мезгилде Кытайдын экономикасы пландуу курулушту баштаган, Кытай Эл Республикасынын Конституциясы кабыл алынган, өлкөдө социалисттик система орногон. Кытай элинин тарыхында эң маанилүү өзгөрүүлөр экендиги жөнүндө маалымат берилген. Китеп окумуштууларга, студенттерге жана чет өлкөлөрдүн тарыхына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Ал эми Су Шу Яңдын “Жунго таануу” китеби 12 бөлүмдөн туруп, анда учу-кыйрына көз жетпеген Кытай мамлекети тууралуу кеңири маалымат берилген. “Жунго таануу” китебинде дүйнөнүн жаралуусунан азыркы Кытайга чейин сөз болуп, “Кытай деги кандай мамлекет? Ал кандай жолдорду басып өттү? Узак тарыхка ээ кандай цивилизациясы бар?” деген соболдорго жооп табасыздар. Бул китепти окуу — Кытайды, жаңы дүйнөнү бир жолу саякаттаган менен тете.

Кытай тууралуу Европага, Европа аркылуу дүйнө элине алгачкы маалыматтарды алып чыккан – айтылуу саякатчы Марко Поло. Ал Кытайда 17 жыл жашаган жана көргөн-билгендерин урпактан урпакка жалгашып келе жаткан «Чы-гыштан көргөн-билгендерим» («Марко Полонун саякат эстелиги») деген эмгегинде баяндаган. Анын бул эмгеги менен «Чыгыш таануу илими» дүйнөгө келип,  европалыктардын  Чыгышты,  асыресе  Кытайды таануу жөнүндөгү тилеги ишке ашкан. Айтылуу чыгарманы окугандан кийин 1492-жылы Испания падышасынын Кытай падышасына жөнөткөн мамлекет катын алып, Кытай менен Индияга келе жаткан Колумб ойдо жоктон Америкага барып калганы тарыхтан белгилүү. Кырс мүнөз саякатчы өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин өзү барган кургактык — Индия, чыккан аралы (Куба) — Япония экенине ишенип өткөн. Шордуу Колумб Марко Полонун жол баштоосу менен жаңы кургактыкты ойдо жоктон ушундайча тапкан.

Кыргыз окурмандарынын арасында улуу кошунабыз Кытайды Марко Полодон да терең түшүнсөк деген арман-тилектер, эңсөөлөр көп экендиги талашсыз, китеп окурман-дардын ошол чөйрөсүнө арналат.