Журналисттин жүгү жеңил болбойт

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Ардагер журналист, котормочу Ниязалы УСУПБЕКОВ жана жубайы, жаштардын насаттчы-агартуучусу Жыпаркүл БОСТЕКОВА менен маек.

– Ниязалы ата, Жыпаркүл апа экөөңүздөр жакын-да  эле  Сокулук  районунун «Кеменгер» сыйлыгын алган экенсиздер, мындай сыймык бекер жеринен келбеси белгилүү. Жаштарга өрнөк болчу өмүрдү айта жүргөн жакшы эмеспи, адегенде өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

– Биз Сокулук районунун Шопоков шаарында жашайбыз. Өзүм Кайназарова айыл өкмөтүнө караш-туу Белек айылынан болом. Менин филолог, журналист болуп калы-шыма ошол апамдын эмгеги чоң. Байбичем Күн-Туу айылында туулуп, В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун аяктаган. Эмгек жолун Сокулук районундагы Белогорка токойлуу санатория мектебинде 1973-жылы тарбиячы, мугалим болуп баштап, андан кийин Сокулуктагы кыйналып сүйлөгөн балдар  үчүн  атайын  жатак  мектебинде  тарбиячы,  А.Куттубаев, Д.Шопоков атындагы мектептерде башталгыч класстардын мугалими болуп 1991-жылга чейин иштеген.

– Бактылуу карылыкка кантип жеткениңиздер тууралуу Жыпаркүл апа кеп кылып берер?

Жыпаркүл апа:

– Кудайдын буйругу, нике кай-ып экен, көңүлүбүз туура келип, 1968-жылы  баш  коштук.  Ошондон  бери  50  жылдан  ашык  убакыт өтүп кетиптир, ысык-суукту бирге  көрүп,  бала-чакалуу  бо-луп,  ынтымактуу  жашап  келе жатабыз.

Агайыңар  узак  жылдар  бою райондук «Элдик трибуна» гезитинде котормочу, адабий кызматкерден баштап, башкы редакторго чейин кызматтарда жүрдү. Ушул силер иштеп жаткан «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо» гезиттеринде да эмгектенип, чыгармачыл журналист катары окурмандарга таанылып, СССР жана Кыргыз Республикасынын журналистер Союзунун мүчөсү болду.

– Уул-кыздарыңыз да сиздер каалагандай, сиздер күткөндөй чыгыштыбы?

Жыпаркүл апа:

– Бир кыз, эки уулду тарбия-лап, жогорку билимге ээ кылдык. Кызым  Фарида,  уулдарым  Мелис,  Канат  жооптуу  кызматтарда иштеп жатышат, тогуз небере бар.

–  Ниязбек  ата,  журналист катары калемгерлик учурларыңызды сагынат чыгарсыз. Эстейсизби?

– Эстебай анан… Журналисттик кесипти 1976-жылы Сокулук райондук «Народная трибуна», «Элдик трибуна» гезитинде котормочулук кесиптен баштадым. Бир топ убакыт жазып которуп, кыйналдым, бара-бара өздөштүрүп дасыгып кеттим. Ошол учурда биздин газета жумасы-на үч жолу орусча-кыргызча болуп чыкчу.

– «Кыргыз Туусунда» да иштеген  экенсиз,  алгачкы макалаңыз эсиңиздеби?

– Эсимде. 1979-жылы Панфилов райондук «Эмгек даңкы» газетасы ачылган, ошол газетанын редакторунун орун басары болуп иштеп калдым. 1980-жылы «Советтик Кыргызстан» («Кыргыз Туусу») гезитине которулдум. Менин партиялык, комсомолдук, журналистик кесиптерде иштегенимдин пайдасы тийип, камчы салдырбай иштеп кеттим. Бөлүмдө тажрыйбалуу журналист Абас Балтабаевден обзор жазууну үйрөндүм. Эң биринчи макалам – «Өрттөн жалтанбаган жигит» деген очерк болду. Бир канча жолу рейддик материалдарды республика боюнча кыдырып уюштурдум. Бир жылдан кийин Талас облусу уюштурулганда облус боюнча өз кабарчы кылып дайындашты. «Эчки кыздын эркеси» деген фельетонум жарыяланып, чоң талкууну жараткан. 1984-жылдан баштап узак жылдар «Народная трибуна»

–  «Элдик  трибуна»  газетасында редактордун орун басары, башкы редактор болуп иштеп, газетанын дэңгээлин түшүрбөй, жаш журналисттерди тарбиялоого көп эмгек жумшадым. Ошолордун ичинен Туруспек Солтобаев, Данияр Бабакулов. Сейит Сасыбаев, Муса Чечеев жана башкалар райондук, республикалык гезиттерде башкы редактор, редактордун орун басарлары болуп иштешти.