Кыргыздын жыл санагы же шакиртим Алишерге кечиккен жообум

Өткөн жылы Нооруз майрамына жакын Бишкектен, КГУСТАнын студенти, шакиртим Алишер Турдалиев чалып: “Нооруз кыргыздарда качантан бери майрамдалат, жылдын башы бизде кайсы айдан башталган” деген суроолорду берди. Телефондогу берген жообум, даярдыгы жок, кыска болуп чыкты, сыягы, ары жакта турган студенттер кужулдашып калганы угулду. Эми жүздөгөн Алишерлерге кенен-чонон жооп болсун үчүн ушул макаланы даярдадым.

Бизге белгилүү маалыматтарды салыштырып көрөйүн деп, 8-класстын “Кыргыз тарыхы” окуу китебин ачсам, “Кыргыздар жыл эсебин жалпы түрк-монгол элдериндей мүчөл тартибинде күн календарына негиздеп жүргүзүшкөн. Жаңы жыл жалган куран (март) айы менен башталган” деп бажырайып жазылып турат.

Байыркы Майя, Иран, Орто Азиянын отурукташкан элдери обсерваториялардын так эсеби менен мүнөт-саатына чейин чоттоп, күн календарын колдонушкан. 10-кылымда Абу Махмуд Хужандий Рей шаарында күндүн нурунун жерге түшүү бурчуна карап, атайын аспап жасап, убакытты тактап берген. 11-кылымдагы Омар Хайям Нооруздун календарын түзгөн эсепчи болгон.

Ал  эми  кыргыздардын  жыл  санагы байыркы убактан бери үч жолу өзгөрүптүр. Ата-бабаларыбыз мындан 27 миң жыл мурда таш кылымында Хакасияда жашап, андан табылган чүкө, томпойлордо 28 жылдыздын асмандагы ордун чекиттер менен чегип коюшуптур. Эгер 20-кылымдын башында Б.Солтоноев элден сурап, бизге 15 жылдыздын атын калтырган болсо, анда биз дагы 13 жылдыздын атын унутуппуз. Өздөрү сыйынган ар бир жылдыздын жашоодо өз мааниси болгон. Алтын казык туруктуулуктун символу, аны карап түндөгү жолоочу өз багытыноңдоп, көздөгөн жерине жеткен. Бабаларыбыз көк жылдыз, кут жылдыз, чолпон жылдызын ыйык тутушкан. Чидер көрүнгөндө, жай аяктайт, Тараза жылдыз жаңы көрүнсө, жер салкындайт деп билишкен. Ай жерге мүрөгүн тамызып, наарын чачып турат деп жүгүнүшкөн.

Элдик эсепчилер Торон Жумаев (Кара-Көл), молдо Дыйкан Жусуп уулу (Лейлек), Боролдой, Кален, Үсөйүн ажы ж.б. бабалар салты менен ай календары боюнча жылды 12 айга, анан ар жердин климатына карап, 36 циклге бөлүшкөн. Ар бир циклде бир нерсе башталып, бирдеме бүткөн. Мисалы, сарыга айдын 15инен (май) канаттуулар балапан басып, кекиликтер “мастек” болуп, түгөй издейт. Ай жер менен үркөрдүн ортосунан өтө турган 2-3 күндү тогоол деп, аны алдын ала билишкен. Тогоолдо ашуу ашпаган, эгин экпеген, көчүп-конбогон. Тогоол кыргыздын ай-жылдыз жыл санагынын өзөгү болгон. Ай 28 күн болсо, ал бүткөндө “ай арасы” болот, ал 2-3 күнгө созулган да, өтүп кеткен айга да, келе жаткан айга кошулбаган, өзүнчө саналган.

Ай-жылдыз календары таш доорунда кыргыздар аңчылык менен алектенип жүргөндө түзүлгөн. Жапайы жаныбарлардын жашоосундагы өзгөрүүлөр, аларды коргоо менен байланышкан эсептер алардын аттарында сакталган. Бабаларыбыз күкүк, куран (март), чаян, жаа (ноябрь), бөкөндүн эркеги – огоно (оона, август, сентябрь), чил (декабрь), кулжа, теке, бугу бардыгы тогуз жаныбардын турмуш-тиричилиги менен айларды байланыштырышкан.

Ал эми дыйканчылык менен алектенип келген Чыгыш элдери жаңы жылдын башталышын Нооруз деп, 21-марттан баштап эсептешкен. 11-кылымда жазылган “жаңы жылнамаада” кыргыздар жылдын башын “баш  ай”,  “нү  ай”,  “маоши  ай”  деп  айтарын жазып калтырышкан (Караңыз: “Кыргыздар”, 8-том, 95-бет). Эски эсепте “баш ай” үчтүн айы делген январга туура келет.

Кийинчерээк ал февралга карай жылып кеткенин Б.Солтоноев сурамжылап билип, анан каттап кеткен. Ноорузду болсо кошуналардан кабыл алган кыргыздар алгач аны “Норуз наама” деп марттын башында белгилешкен (Караңыз: Б.Кененсарин. “Кыргыздын эски майрамдары”, “Кыргыздар”, 1-том, 280-бет).

Фарсылар Ноорузда дасторконго “ш” тамгасы менен башталган 7 түрлүү тамак коюшса, арабдар аны 7 “с” менен башталуучу тамактарга алмаштырышкан. Ал эми кыргыздарда ошол күнү 7 “к” менен башталган тамактар коюлган. Кыргыздарда жыл күн менен түн барабар болгон күнү башталган эмес, кыска күн узун түнгө караганда аз гана узара баштаганы, чилде (январь) айы эске алынган. “Чилдеде күн чил арым узарат” деген сөз бар.

Жыйынтыктап  айтканда,  кыргыздар көчмөн өркөнүят (цивилизация) жаратып, өздөрү жашаган айлана-чөйрөгө ыңгайлашып, таш кылымынан орто кылымдардын аягына чейин ай-жылдыз санагын колдонушкан. Элдик эсепчилер аны жакынкы күндөргө чейин колдонуп келишти. Кыргызда жылдын башы январдын аягына, февралдын башына туура келет. Мында ар бир айдан кийин келүүчү “ай арасы” эске алынып, ары-бери жылышы болот. Биз Нооруздун майрамдалышына да каршы эмеспиз. Ал маданий жаңылануу менен бизге келип кирген элдик майрам, бирок ала кушту өз аты менен атап, түпкү башатта-рыбызды аңдаштырып, артыбыздан келаткан “зет” муунуна объективдүү, так маалыматты калтырсак деген изги тилек.

Кочкор БАТЫРОВ, Лейлек району, №3 гимназиянын тарых мугалими, КР Билим берүүсүнүн мыктысы