Айтматовдун Токиодогу 90 жылдыгы

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Япониянын борбору Токио шаарында да белгиленди.

Иш-чарада  Чыңгыз  Айтматовдун чыгармачылык артыкчылыктары, бийик тиктери тууралуу Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин жана Япониянын Ибараки шаарындагы Цукуба университетинин окутуучусу Сей Матсушита доклад жасашты. Ошондой эле, Ч. Айтматов тууралуу даректүү фильм көрсөтүлдү. Андан сырткары, маараке түрк дүйнөсүнүн таланттарынын башын кошкон ТҮРКСОЙ эл аспаптар оркестринин чоң программадагы концерти менен коштолду.

Улуу жазуучунун урматына даярдалган концертте кыргызстандык өнөрпоздордун да ыр-күүлөрү жаңырды. “Сымбат” тобунун бийлери, “Акак” комузчулар ансамблининкүүлөрү, көп улуттуу солисттер тарабынан ат-карылган кыргыздын “Оп майда”элдик ыры-нын хору япон көрүүчүлөрүнүн көңүлүнө то-луп, кол чабууларына арзыды.

“Ырас, япондор түрк дүйнөсүнө кирбейт. Бирок биздин, ТҮРКСОЙдун мурдатан ке-латкан салты бар – түрк дүйнөсүн сыртка таа-нытуу деген. Ошондуктан, башканы айтпаганда да, мурунку жылдары ТҮРКСОЙдун эл  аралык  концерттери  Парижде  – ЮНЕСКОнун залында, Нью-Йоркто – БУУнун залында бир нече жолудан берилгенин айтсам жетиштүүдүр. Азыр эми Чыңгыз Айтматовдун арты менен биринчи жолу Японияга иш-чара өткөргөнү келип олтурабыз”, – дейт ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов.

Иш-чараны уюштурууну жана өткөрүүнү Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын,  Түркиянын,  Түркмөнстандын, Өзбекстандын  Япониядагы  элчиликтери колго алды.

А. АКИМБАЕВА