Балдардын “Карек” кинофестивалы

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Балдар жана өспүрүмдөрдүн “Карек” үчүнчү республикалык кинофестивалы 16-ноябрда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында жыйынтыкталды. Тактап айтканда, – “Бул менин дүйнөм” деп аталган теманын алкагында он жаштан он жети жашка чейинки балдардын тарткан тасмалары калыстар тобунун сынынан өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

“Бул – менин дүйнөм”

Балдар кино-фестивалынын директору Толкун Дайырбекованын айтымында, аталган фестивалга Кыргызстандын булуң-бурчунан он жаштан он жети жашка чейинки балдар катышып, 40 драмалык, 15 даректүү, 3 анимациялык, 1 мультфильм, 7 социалдык ролик, 4 слайд-шоу, жалпы ар кыл жанрдагы 75 тасма келип түшкөн жана калыстар тобунун чечими менен мыкты деп табылган 19 тасма тандалып алынган.

Т.Дайырбекова балдар жана өспүрүмдөр кино-фестивалы «Аймактарды өнүктүрүү жылына» жана 17-ноябрь – кыргыз кино чеберлеринин кесиптик күнүнө арналганын маалым кылды. Ал эми балдарга эмне үчүн “Бул – менин дүйнөм” аттуу тема сунушталганы тууралуу сураганыбызда: “Бул фестиваль балдар арасында үчүнчү жолу өтүп жаткандыктан, балдарды кандай тема көбүрөөк кызыктырары тууралуу маалым болуп калды. Алар көбүнчө өздөрүнүн жандүйнөсүндө болуп жаткан, өздөрү көрүп, аралашып жүргөн, өздөрүн ойлонткон темага көбүрөөк кызыгышат жана аны чагылдырып берүү балдарга кызыктуу жана оңой болот. Ошондуктан ушул теманы тандадык. Алар өз дүйнөсү эмнени каалап турса, мына ошону сыртка алып чыга алышат”, – дейт. Толкун айымдын айтымында, бул балдарды режиссер же сценарист катары калыптандыруу максат эмес. Кино-фестивалдын максаты – балдарды коомчулукка аралаштыруу, алардын өз оюн айтып, өз дүйнөсүн ачып берип, керек болсо пикирин сыртка сунуштай алуусуна шарт түзүү. Ал эми бул мүмкүнчүлүктүн өзү эле балдарга көп ачылыштарды алып келүүсү, атүгүл коомчулукка да кандайдыр бир деңгээлде пайдалуу болуп калышы мүмкүн. Анткени, балдардын жомок дүйнөсүндө эмнелер катылып жатканын чоңдор дайыма эле аңдап, биле беришпейт.

Жаш киночулардын алгачкы ийгиликтери

Балдардын  эмгектерин  баалоодо Э.Абдыжапаров, Г.Төлөмүшова, Т.Кулмендеев, А.Максүтов, Ы.Окенова, С.Откеев, А.Бекболотов өңдүү искусствонун мыктылары калыстык кылышкан.

Натыйжада, “Калыстардын атайын диплому” менен Кочкор районунан 13 жаштагы режиссер Уланбек уулу Кайрат “Акыркы кат” аттуу тасмасы жана “Тагдырдын сыноосу” тасмасы үчүн бишкектик 15 жаштагы режиссерлор Тыныбек уулу Кайрат, Нурмаматов Турсунбек сыйланды. Ал эми “Мыкты актриса” сыйлыгы менен – токто-гулдук 14 жаштагы режиссёр Аяна Солтоева тарткан “Кичинекей чоң кыз” тасмасында ойногон Бердалиева Канышай, “Мыкты актер” сыйлыгына – “Максатыма жетем деп” ойногон Дюшеев Байэл (режиссеру Дайырбеков Дастан, 14 жаш, Токтогул шаары), “Мыкты монтажер” – “Акыркы дем алуу” тасмасынын монтажеру жана режиссеру, Биш-кектен 16 жаштагы Осконбаева Айдана, “Мыкты оператор” — “Оюнчу” тасмасынын оператору жана режиссеру, Нарындан келген 15 жаштагы Кубанычбек уулу Элдияр, “Мыкты сценарист” сыйлыгы менен – “1000 сом” тасмасынын сценаристи жана режиссеру, 14 жаштагы бишкектик Таалай-бек  кызы  Алтынай,   “Мыкты режиссер” – “Шерлок Холмс” тасмасынын   режиссерлору, Бишкек шаарынан 16 жаштагы Абдразаков Максат, 17 жаштагы Будаков Темирлан ээ бол-ду. Мындан сырткары “Мыкты даректүү тасма” үчүн “Ренат” тасмасынын режиссеру Бишкек шаарынан 13 жаштагы Алмазбеков Элмырза, “Мыкты анимациялык тасма” – “Аягына чейин”, бишкектик 15 жаштагы Пратов Бектемир, “Мыкты көркөм тасма” сыйлыгы менен “LIFE” тасмасынын режиссеру, Бишкектен 17 жаштагы Адыраңова Сезим сыйланды.

Элмырза АЛМАЗБЕКОВ, “Ренат” даректүү тасмасынын режиссеру:

– Мен  Военно-Антоновка мектеп-гимназиясында 6-класста окуйм. Быйыл жайкы каникулда “Карек” кино лагерине барып, кино тартууга кызыгып калгам. Бир күнү апам фестиваль тууралуу угуп келип: “Катышып көрбөйсүңбү?” –  деп  калды. Тема  тууралуу көпкө  ойлонуп, акыры Ренат байкем тууралуу  тартууну туура  көрдүм. Буюрса,  тасмабыз  ийгиликке жетишип, “Мыкты даректүү тасма”  деген  номинацияга ээ болду. Эми анимациялык фильм тартсамбы деп кызыгып жатам.

Асылбек ЭСЕНГУЛ уулу,  “Келечек” тасмасынын режиссеру:

– Мен  Нарындын  Таш-Башат айылындагы  Мамбет  уулу Дурөлөң орто мектебинин 11-классынын окуучусумун. “Келечек” аттуу тасма аркылуу  биздин  чыгармачыл  топ  жаш муундардын келечеги тууралуу ой толгоолорубузду  тартканбыз.  Финалга чыкканыбызды угуп сүйүндүк эле, бирок атайын сыйлыкка ээ боло  албай  калдык. Антсе да кийинки жолу  мыкты  ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм.  Бирок  эмки жылы 18ге чыгып кетет экемин, ошого кичине ойлонуп турам.