Калпак, чапан эмес, Айтматовду бербейлиби?

Бүгүн улуттун башын бириктире турган уңгулуу тиректер, түркүктөр экөө. Бири – Манас, бири – Чыңгыз.

Чыңгыз өзүнүн космосун, өзүнүн ааламын тапкан, өзүнүн ааламын жараткан жазуучу болгон. Ошол аалам аркылуу биз, анын окурмандары, өз космосубузду таптык, өз ааламыбызды жараттык. Бүгүн ошол аалам тууралуу, Чынгыз аганын чыгармачылыгы, андагы каармандар тууралуу канчалык айтылган сайын, ошончолук көп нерселер айтыла электей туюлат. “Айтматов дүйнөсүнө канчалык тереңдеп кирген сайын, ал сени ошончолук чакыра берет. Айтматов ааламы дегенибиз мына ошо бүтпөгөн, учу-кыйры көрүнбөгөн чексиз дүйнө”.

Али күнгө эсимде турат, 1963-жылы Ч.Айтматов СССРдин Лениндик сый-лыгына татыктуу болду. Ошондо ал бар болгону 35 гана жашта эле. Эсил кайран СССРди жамандайбыз, анын деле акыйкат жактары көп болгон тура. Азыр 35 жаштагы жигит эмгек эмиграциясында жүрөт. Не деген менен, СССР таланттуу жазуучунун акыл генийинен жаралган эмгекке калыс баа бериптир.

Мен жазуучунун «Саманчынын жолу» повестин көп жолу кайталап окудум. Не деген керемет чыгарма. Советтик адабияттагы Айтматов мууну жана андан улуу муундагы акын-жазуучулардын дээрлик баарысы согуш темасына кайрылып, кан күйгөн алаамат жөнүндө, анын адам баласына алып келген кайгысы, трагедиясы тууралуу өздөрүнүн дүйнө таанымы, мамилеси жөнүндө билдиргилери келишкен. Бирок да, согуш туурасында, Айтматовдун дүйнө таанымы жана кан күйгөн алааматка болгон мамилеси таптакыр башка.

Менин жеке түшүнүгүмдө «Саман-чынын жолу» – бүтүндөй адамзатын жарык дүйнөгө алып келген Эненин жолу. Сүйүү менен бактыга, эмгек менен анын кубанчына тойбогон жол. Бирок, ушул жол күндөрдүн бир күндөрүндө арман менен кайгыга алып келет. Түйшүктүү күндөр, бүлбүлдөгөн үмүттүү жашоо башталат. Бул деле жол. Бирок, бул жол – жашоодон түңүлө жаздап, бу жарык дүйнөдөн кечип койсом деген жол. Адамдын адамдык касиетин, нарк-насилин, эркин, кайратын да сынаган жол. Мына ушунун баары Жер эне менен Эненин диалогу аркылуу кызыктуу баяндалат. Элестетиңизчи, Субанкулу менен Касымынан катары менен айрылып, канаты сынып, Майсалбегин моокуму канганча жыттай албай, жыттамак турсун, жүзүн бир көрүүгө зарылып, уулунун ордуна таштан муздак темир жолду кучактап, анан акырында соңку үмүттөрү болгон Жайнак менен Алимандан айрылган Эненин трагедиясы — оптимисттик трагедия эмей эмине. Болгондо да, реалдуу турмушта болгон оптимисттик трагедия.

Эми Гүлсарат тууралуу. «Гүлсарат» мага бир чети эң чоң чыгармачылык алып келсе, бир чети аябагандай машакат да чектирди десем болор. Бул повестте мурунку чыгармаларымда козголбогон башкача бир ойлорду айткым келди…» – деген жазуучу өзү. Адабиятчы Акматалиев айткандай: «Гүлсарат» – бул чабандын эмгеги жөнүндө гана чыгарма эмес, адамдын турмушу, жашоосу, бийик идеалы жөнүндөгү ой жүгүртүү». Танабайдын образы татаал образ. Бирде Танабайга нааразы болсоң, кыжырың келсе, бирде аяйсың, бооруң ооруйт. “Гүлсараттагы” Танабайдын түн катып, жаан жаап жаткан чагылгандуу түндө чапкылап, үйгө барганын жазгандыгын аттуу-баштуу жазуучуларыбыз, сынчыларыбыз партиялык жыйналыштарда “тепкилешкендерин” басмалардан китеп кылып чыгарбай коюшкандан кийин, орус тилинде жазып чыгарбады беле? Алаамат жылдар – согуш мезгилинде атасыз, никесиз төрөлгөн уул-кыздар болгон жок беле? Болгон.

Айтматовдун улутташы – кыргыз болуп жаралып калганым үчүн сыймыктанам. Анткени, кыргыз эли улуу эл. Касиеттүү эл. Ошол үчүн Айтматовдой асыл адам жаралды. Аны далилдеп кереги жок. Кыргыз байыркы эл, баатыр эл, таланттуу эл, кыргыз эли улуу бой-дон кала берет.

Ошентип, улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата белгиленген иш-чаралар аяктап баратат. Эсте каларлык бир топ иш жасалды, эми ага кошумча, дагы кандай иштерди жасаш керек?

Чыкебиз болсо эл-жеринен түбөлүк кетти,  атасынын  жанынан  “Ата-Бейиттен” түбөлүк орун алды. Өз жеринен топурак буюрду. Буга да тирүүлүктө каниет кылалы, эми Айтматов алдындагы карызыбыз тууралуу эки ооз сөз. Бул жеке пикирим, бирок, эл алдында колдоого алынат деген ой бар. Атап айтсам: Чыкенин монументалдык эстеликтери “Ата-Бейитке” орнотулса дейм. Дегеним, эл-жерибизге келген меймандар, расмий делегациялар сөзсүз залкар жазуучубуз жаткан жайга барып, зыярат кылары айтпаса да түшүнүктүү. Ошон үчүн Айтматовго айкел тургузсак, аны атка мингизсек кандай болор эле?! Жок дегенде эле, Ч.Айтматовго Гүлсаратты жетелетип, ал монументте Айтматовдун каармандары Жамийла менен Даниярдын, дезертир Ысмайыл менен жубайы Сейденин, Танабай менен Бүбүжандын, Эмрайн менен Мылтундун, же энесине жаа кезеген Дөнөнбай маңкурттун элестери бюст-барельеф түрүндө болсо да жасалса деп ойлойм. Мына ошондо бул монументти көргөн адам Айтматовдун дүйнөсүнө кайрадан бир кайрылып келгендей болот. Мындай монумент Айтматовдун чыгармаларындай кылым карытат деген ойдомун.

Экинчиден, Ч.Айтматовдун китептери дүйнөнүн көп тилдерине которулду дейбиз. Анда жазуучунун дүйнөнүн тилдерине  которулган  китептеринин музейин уюштуруу зарыл. Муну Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда, улуттук  китепканада,  улуттук  тарых  музейинде, Ата-Бейиттеги музейде, же Таластагы Айтматов борборунда уюштурсак да болот. Ошондой эле Айтматовдун кол башындай бюстун чыгарып, чет элдик туристтерге, мамлекеттик делегацияларга сый иретинде, белек иретинде берсек жарашмак. Болбосо, мамлекеттик делегацияларга калпак, чапанды белек кылып жүрүшөт. А баш кийимди белекке берүү салт боюнча туура эмес. Мындан тышкары, өлкөнүн бардык китепканаларында Ч.Айтматовдун томдуктары сөзсүз түрдө болушу керек деп эсептейм. Муну Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында уюштурсак болмок. Бирок эми деле кеч эмес. Муну менен катар Айтма-тов атындагы адабий сыйлык жана жыл сайын Айтматовдук окуулар уюштурулушу абзел.

“Той  да  болор,  тойдун  эртеси  да болор” дегендей, 90 жылдыктан кийин  Чыңгыз  Айтматовду  унутуп  койбой, Айтматов таануу жана даңазалоо иштери улантыла бериши зарыл, бул ишти КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту ырааттуу түрдө алып барышы керек деген ойдомун.

Жүзүмов Молдогазы Шайдылда уулу, Талас району, Көпүрө-Базар айылы