«Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия – порнография эмес

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Акыркы жылдарда ыр жазуу карыган адамдардын «хоббисине» айланды. Адабиятка, маданиятка тиешеси бар адамдар жазса да бир жөн, кесиби экономисттер, бухгалтерлер, ветеринарлар, башкармалар, парторгдор, молдолор, парткомдор, парт-секретарлар жапырт ыр жазганга өтүштү. Эми пенсия жашындагы ардагерлердин ыр жазганын түшүнүү менен кабыл алса болот. Эл-жерге, туулуп-өскөн айылына, андагы адамдарга, теңтуштарына арнап, неберелерине арнап, жекжаат, жерге жээгине арнап, же туул ган күндөрүн куттуктап ыр жазган карыялар: «Карыганда үйдө камалып жаткан жаман экен, кемпирге жаман көрүнүп, казан-аякка аралашкандан көрө, ыр жазган эрмек тура», – деп, «бекер жатканча» ыр жазып, эрмек кылганын моюнга алышат. Алар ырдын артынан кууп жазышпайт, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзуна өтүп, ардак наам-сыйлык алууну максат кылышпайт. Ардагер «акындар» өздөрүнүн бул бейкүнөө жоруктарын ырга карылыктын белеги, ары эрмеги катары карашат. Ар бир адамдын башында карылык бар, ыр жазгандын эч күнөөсү жок, үйүндө үңкүйүп, эч кимге кереги жок адамдай, шып тиктеп жатканча ыр жазганга эмне жетсин?!! Ыр адамдын көңүлүн жазга айлантып, жаштыгына кайра апкелген, жаштыгын кайтарып берген керемет дүйнө эмеспи.

Антип, кесиби экономисттерди, бухгалтерлерди…  түшүнөйүн  десең,  кыргыздын төбөсү көрүнгөн жазуучулары да карыган чакта ыр жазганды «хоббиге» айландырып алышты. Алайга, киндик кан тамган айылына кетип калган Кубатбек Жусубалиев көп жылдардан бери кара сөз эмес, ыр жазып жатат. Жазуучу Сейит Жетимишев ырга өтүп кетти. Ошол сапта жазуучу-драматург С.Раев да бар. Ысымдары эсибизден чыгып турат, дагы бир топ жазуучулар жазуучулукту биротоло таштап, ыр жазып жүрүшөт.

Ыр жазгандын эч уяты жок. Ыр жазуу күнөө да, кылмыш да эмес. Жазуучулардын прозадан ырга өтүп алганын, алардын «жалкоолугу» менен эле түшүндүрсө болот. «Жалкоолук» дегенибиз, проза оңбогондой оор эмгекти талап кылат, роман, повестти айтпайлы, бир аңгеме жазуунун өзү канча түйшүк? Окуяны эмнеден баштап, эмнеден аякташ керектиги, окуянын чиелениши, каармандары, алардын ой-кыял, мүнөздөрү, баары татаал. Ага караганда, ыр жазуу «жалкоонун» иши. Отура калып, тура калып, жолдо кетип баратып деле, башка жумуш жасап жатып деле ыр жарата берсе болот. А аны кагазга түшүрүү: уйкаштыктарды тууралап, ийине жеткире иштөө – бул техникалык маселе. Эгер, убакыт категориясынан алып карасак, бир аңгемени жазганга кеткен убакытта мыкты 10 ыр жазып кое алат. Бирок, ал убакытта кандай ыр жаралат, бул башка маселе.

Кердегей акындын гезиттерге жарыяланган ырларын окуп жүрөбүз, жазуучунун акындыгы «хобби» деңгээлинен алда канча жогору көтөрүлүп кеткен. Тимеле укмуш дебесек да, эң башкысы, жазуучу поэзияны жүр-нарыга салып, жөн эле чүргөп койбойт. Жазуучу С.Жетимишев анын ырларына акын Алик Акималиев жогору баа бергенин айтат, эгер А.Акималиевдин өз оозунан чыкканы ырас болсо, анда жазуучунун акындыгынан кине издеп кереги жок.

С.Раевди мактагандар да аз эмес, анын айрым ырларын социалдык түйүндөргө жүктөп: «Султан палвандын ырларын түшүнүү үчүн бизге жүз жыл керек окшойт» деп тамшангандар арбын. Алардын арасында катардагы окурмандар менен катар, колуна жаңыдан калем кармаган ыр ышкыбоздору да аз эмес. Жазуучу-драматург Султан Раевдин акын катары өз окурмандарын тапканы ыр жазымыш этип жүргөн бизге да «интрига» жаратып, «миң уккандан бир көргөн» деп, акын-драматургдун «Антистандартын» барактап көрүп, тамшандыра турган, таңгалтыра турган эч нерсе таба албай, аябай бушайман болдук. Китепке жазылган биз сыйлаган акын жазган баш сөздү окуп, «чыныгы поэзияны түшүнө албайбызбы» деген күдүк ой да жаралды.

Анда, С.Раевдин ырларын окурман менен чогуу окуп көрөлү. Ыр жыйнак «…Анти ойлор огубу чагылгандын?» деген ыр менен ачылат. Ырга комментарий берүүдөн мурда, сюрреализм тууралуу эки ооз сөз. Дүйнөлүк адабиятта Батыш адабиятында 1920-жылдары пайда болуп, 1920-60-жылдарда бүтүндөй Европага, Түндүк жана Түштүк Америкага, Африка, Азияга, 1980-жылдарда Австралияга тараган сюрреализм деген багыт бар. Бул агымга киргендердин арасынан көрүнүктүү калемгерлер чыккан менен, сюрреализм багыты адабиятка кеңири сиңип, тамыр жая алган эмес. Окурмандар деле үзүлүп түшүп кабыл алышкан эмес. Модага айланган кийим сыяктуу өз учурунда уудуу жаратканы менен, бул багыттын күйөрмандары аз.

Уландысы бар

«Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия – порнография эмес: 1 комментарий

Комментарии запрещены.