Баткенде бийлик өкүлдөрүнө кол салуу күч алды

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Баткен облусунда акыркы убакта коомчулуктун кызыгуусун жараткан окуялар болуп өттү. Алсак, Баткен облусунун прокурору 18-ноябрда киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү белгилүү болду. Ал эми 6-ноябрга караган түнү белгисиз адам атып кеткен Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баянов 17-ноябрда каза тапты.

18-ноябрь күнү Төрт-Көл суу сактагычынын жанында зомбулук менен өлтүрүлгөн Баткен облусунун прокурору Анарбай  Мамажакыповдун  сөөгү  табылган. Андан көп өтпөй аталган кылмышка шектүүлөр кармалып, «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Кененирээк маалымат тергөөнүн жыйынтыгы менен берилет деген үмүттөбүз. Ага чейин чыккан маалыматтарга  көз  чаптырып  көрсөк,  Анарбай Мамажакыпов ушул жылдын март айында Талас облусунан которулуп келген. Алдын ала маалыматтар боюнча ал каза болоор алдында бир канча кесиптеши жана Баткен мэриясында иштеген кызматкер менен бирге аң уулоого чыккан. Муну тастыктаган сүрөттөр да социалдык тармактарга чыгып кетти.

Ал  ортодо  кылмышка  шектүү  катары кармалган адамдын туугандары аны прокурорлор аң уулоого алып чыгып келүүсүн өтүнүшкөнүн жана ал туугандарынын каршы болгонуна карабастан чыгып кеткенин билдиришти. Көп өтпөй коомдук активист Роза Маманова прокурорго 18-октябрда жолукканын билдирген. Ал жолугушууда Мамажакыпов активистке кесиптештери менен тирешип жатканын билдиргенин айтат. Ошондой эле айрым мыйзам бузуулар тууралуу айткан активистке Мамажакыпов баарын көрүп турганын айтып, бирок аны иштетпей жатканын билдирген. Мындан Роза Маманова прокурордун өлүмүнө анын кесиптештери аралашкан болушу мүмкүн экендигин айткан.

Ал аңгыча Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов  Баткен  облусуна  барып,  ички  иштер  органдарынын  жетекчилери, тергөөчүлөр менен жеринде мекемелер аралык оперативдүү чогулуш өткөрдү. Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, учурда облустук прокуратуранын 2 бөлүм башчысы жана Баткен районунун прокурору ээлеген кызматтарынан кызматтык териштирүү аяктаганга чейин убактылуу четтетилген. Ал эми Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Оро Бердибаев дайындалган. 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун артында төрт баласы калган.

Ал эми ушул окуянын алдында, тактап айтканда 6-ноябрга караган түнү белгисиз адам Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду үйүнүн жанынан атып кетишкен. Аны туугандары дароо эле коңшулаш Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткиришип, ошол замат операция жасалган. Бирок, ал 17-ноябрда алган жаратынан улам ооруканада каза болду.

Факт боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козго-луп, тергөө башталган. Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Мына ушул окуялардан улам айрымдар Баткен облусунда бийлик өкүлдөрүнө кол салууну аталган аймактан өтүүчү наркотрафик, контрабанда менен байланыштырышууда. Кыргызстан – наркотрафик боюндагы өлкөлөрдүн бири болуп санала турганы, Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизат Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Европа жана башка аймактарга ташылары айтылып келет. Ошентсе да, өткөн бийлик 2016-жылы баңгизатка каршы күрөш тармагында реформаларды жасоо шылтоосу менен Өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматын толугу менен жоюп таштаган. Анын милдети Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген болчу.