Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Жыйырма эсе ашыкча болушунун себептери эмнеде?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Бишкекте  “МувГрин”  коомдук  бирикмесинин өкүлдөрү суук башталгандан кийин абанын булгануусун ченеп көрүшкөн.

Кыргызгидромет белгилеген суткалык норма кубометрине 35 мкг/кубметр. А Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 25 мкг/кубметрди норма деп эсептейт.

Булгануу деңгээлин аныктоочу датчиктер шаардын ар кайсы аймактарына коюлган. Натыйжада 14-ноябрда “Ак-Өргөө” конушунда орточо суткалык норма 280 мкг/кубметр болсо, саат 22:30да 417 мкг/кубметр, “Чыгыш-5” кичи районунда – 257 (254), “Көк-Жар” конушунда – 38 (58) болгон.

Баса, жайында өлчөнгөн учурда “Чыгыш-5те” абанын чаңдалуусу 172 мкг/кубметр, Эркиндик бульварында жана Эмен багында – 20, түштүк кичи райондорунда – 25 мкг/кубметрди түзгөн.

Аталган бирикменин директору Мария Колесникова мурдараак Бишкектеги абанын булгануусу жол берилген нормадан 6 эсе аша турганын билдирген.

Бул борбордогу жыл санап Европада тыюу салынган эски автоунаалардын көбөйүп, аны менен катар бак-дарактарды кыюу өсүп жатканын, ага кошумча шаар айланасындагы жерлердин жеке турак жай курууга берилип (иш жүзүндө сатылып жана аны уюштурган чиновниктердин капчыктарын кампыйтып), жаңы конуштардын санынын көбөйүшүнүн, ал үйлөрдүн жашоочуларынын үйлөрдү көмүр жагып жылытышынын, жеке менчик мончолордо тиричилик калдыктарынын жагылышынын кесепеттерин көргөзүп турат.

Бирок, кыргыз “эртеңки куйрукка караганда бүгүнкү өпкөнү” артык көрөт эмеспи.. Ошондуктан биздин бийликтегилер да, элде-рибиз да бүгүнкү күн менен жашап жатабыз…