Адабиятсыз – маданият болбойт…

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Жакында Маданият, маалымат жана туризм министри жалпы маданият өкүлдөрүнө сыйлык сурабай, сунуштар менен кайрылууну өтүнгөнү, өзгөчө адабиятка кайдыгер карабаган калемгерлерге жем таштаган сыяктанды. Анткени, адабиятсыз – маданиятты, мисалы, ошол эле театрды, кинону, операны, эстраданы элестетүү мүмкүн эмес. Бирок эгемендикти алгандан бери адабият тармагы кароосуз калганы чын.

Эгемендик алганы калпагын көккө ыргытып кубанган маданият өкүлдөрү да алдыда кандай күндөрдү баштан кечирерин билишкен эмес. Сүрөтчүлөр союзу менен жазуучулар союзунун мамлекеттик каржылоодон четтетилиши, маданият тармагынын башкы мекемесине бирде министрлик, бирде агенттик статусу берилиши, мамлекеттик тил комиссиясынын департамент болуп кайра түзүлүшү, эл аралык ЮНЕСКО уюмунун Кыргызстандагы комиссиясынын жоюлушу, Улуттук китеп палатасынан «улуттук» деген статустун алынып салынышы, опера балет жана орус драм театрларында кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынын дээрлик коюлбай калышы, маданияттын кызыкчылыгын коргогон депутаттардын жоктугу – кыргыз маданиятына атайылап кара өзгөйлүк кылуу да сыяктанат.

***

Ошентип, эгемендик алган күндөн тартып эле маданият, анын ичинде адабият айрым “итке минген” же “тишинин кирин соргон”, китеп чыгарууга акча сураган, “маданияттуу кайырчылардын аракетинен улам” “кыйшайган арабасын” дагы деле кылдыратып сүйрөп келет.

Арийне, мурунку жылдары: “Эсил кайран маданият, эми кайдан көрөйүн?!” – деп, бир топ маданияттын, адабияттын өкүлдөрүнүн Өкмөт үйүнө “өкүрүп” келиши да бекеринен эмес. Буга, тек гана Камила Талиеванын министр болгону эмес, жогоруда айтылган, айтылбай жаткан дагы канча себептер аргасыз кылган.

***

Бирок  ушул  аралыкта  мамлекеттик мекеме-уюмдардан  Кыргызпатент кандайдыр бир деңгээлде кыргыз маданиятына “аталык” милдет аткарып, илим-билим, музыка, сүрөтчүлүк ж.б. тармактардын авторлоруна колдоо көрсөтүп, калемгерлердин китептерин пландуу түрдө чыгарып, теле радио ж.б. булактардан калем акыларын чогултуп берип, муну менен кандайдыр бир деңгээлде стимул берип турганын айтпай коюуга мүмкүн эмес.

Албетте, маданиятка меценаттык кылган  жеке  инсандардан  Садык  Шернияздын  ысымы  (айрыкча  кино  жана  манасчылык  өнөрүндө),  ошондой  эле  өткөн жылдын  “Тарых  жана  маданият  жылы” аталышы менен айрым колдоолордун болушун  жакшы  саамалык  катары  баалап коёлу.

Башкасын айтпаганда да, ошол эле улуттук маданиятка кирген – кийинүү маданиятыбыз бир топ көйгөйгө кабылды. Бирибиз арабча, бирибиз – батышча кийинип калдык. Акырында эки тарап болуп тирешип, жаакташуулар башталды. Дилибизге, динибизге ар кандай агымдар аралашып, кимиси-ким  экенин  ажырата  албай  калган  учур келди.

***

“Алдей” ыры менен башталган улуттук педагогикабызды чанып, батыштын “сагыз чайнаган” маданиятын ээрчип калдык. Атасы – кызын зордогон, баласы – ата-энесин кордогон кокуй күнгө туш болдук. Ууру-кески, канкор болдук, денесин саткан, дилин саткан, тилин саткан жоруктарыбыз көбөйдү. Чыңгыз атабыз жазган “маңкурттук” келе баштады.

Мына ушунун баарын жатык жана бал тил менен айткан адабият алсырап, “көзгө сайып” көрсөткөн маданий очоктор туш-тушта атканага же соода түйүндөрүнө, тойканаларга айланып, театрлар болсо, көп учурда көрүүчү каттабаган көйгөй менен ооруп келди…

Ошондуктан, маданиятты өнүктүрөбүз десек, баарыдан мурда мыкты чыгармалардын жазылышына шарт түзүү, адабият өкүлдөрү менен кандайдыр бир деңгээлде иш алып баруу, жок дегенде далыга таптап иштетүү керек. Көркөм сөзсүз ыр да ырдалбайт, спектакль да коюлбайт, кино да болбойт, жада калса саясатчылардын куралы да – сөз.