Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Араб адисинен кеңеш. Кыргыз ойлонобу?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Бишкекте өткөн “Ислам азыркы светтик мамлекетте” II эл аралык конференциясында Бириккен Араб Эмираттарынан Абу-Дабинин Агартуу жана билим-дер департаментинин башчысы доктор Али Рашида Абдуллы Али Альнуайми биздеги айрымдарды эсине келтирчүдөй сөз айтыптыр.

«Цивилизациялуу дүйнөдө биз тынчтыкта жанаша жашообуз керек. Менин сиздерге кеңешим, биринчиси: сиздер биринчи класстан сүйүүгө жана толеранттуулукка тарбиялоону жана окутууну башташыңыздар үчүн, сиздерде экстремизм менен күрөшүү боюнча планыңыздар болушу үчүн анда бардык жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар активдүү катышкан улуттук мамлекет болуш керек.

Өзүңүздөрдүн кыргыз исламын түзүңүздөр. Дагы кайталайм, мамлекеттин ичинде мамлекет болбошу үчүн, бул бирдиктүү бүтүн орган болушу үчүн улуттук иденттүүлүктү жана лоялдуулукту сиңирүү – бул Кыргызстандын аалымдарына тиешелүү жоопкерчилик», — дептир ал. Доктор эч кимге Кыргызстанга келип өз исламын жайылтууга жол бербөөгө үндөгөн.

Анын сөзүнө баам салсак, азыркы биздин өлкөдөгү диний кырдаалдын абалынан алганда, көрүп тургандай эле сүйлөптүр. Бирок, биз анын кеңешин угабызбы? Кеп ошондо. Азыртадан эле айрым чала сабат динчилдер анын сөзүнө каршы сүйлөй башташты.