Канатбек АБДЫКЕРИМОВ: «Тогуз айда 5 млн. 205 миң тонна жүк ташыдык»

Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович – “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында он жылдан бери эмгектенет. Транспорт тармагында уюштуруу жана башкаруу иштери боюнча инженер-адис. Транспорт тармагы боюнча Эл аралык сертификаттын ээси. Кыргыз Өкмөтүндө транспорт жана коммуникация багыттары боюнча эмгектенип, темир жолдорду куруу боюнча эл аралык долбоорду иштеп чыгууга салымын кошкон. 2018-жылдын 1-октябрынан баштап «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын башкы директору.

– Кыргызстандын темир жол тармагында тогуз ай ичинде ири көлөмдөгү жүктөр ташылыптыр. Темир жолчулардын ушул ийгилигин чечмелеп берсеңиз.

– Биздин негизги милдеттерибиздин бири – жүктөрдү ташуу. Ишкана 2018-жылдын тогуз айында 5 млн. 205 миң тонна жүк ташыды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 104,8%га көптүк кылат. Башкача айтканда, 2017-жылдын тогуз айында 4 млн. тоннадан ашык жүк ташылган. Быйыл көрсөткүчтөрүбүз жакшы. Бул канчалаган курулуш материалдары, күйүүчү майлар жана өнөр жай жабдуулары өз убагында белгиленген жерге чейин жеткирилди дегенди билдирет. Мында ишканадагы жүктөрдү ташуу башкармалыгынын салымы чоң.

– Кыргызстандын ичинде кандай жүктөрдү ташыйсыздар?

– Азыр биз үчүн иш кызыган учур. Ташылып жаткан жүктөрдүн басымдуу бөлүгүн таш көмүр менен кант кызылчасы түзөт. Бишкек жылуулук борборуна поезд менен көмүр ташып жеткирүүнү биз камсыз кылабыз. Балыкчыдан жүктөлгөн көмүр Аламүдүн темир жол бекетине келип, анан жылуулук борборуна жеткирилет. 2018-жылдын тогуз айында 1 млн. 417 миң тонна таш көмүр ташылды. Ал эми дыйкандарыбыз өндүргөн кант кызылчасын “Кошой” жана “Кайыңды-кант” ишканаларына ташып жеткиребиз. Тээ Маймактан тартып, Кант, Токмокко чейин кант кызылчасы жүктөлөт. Учурда 88 миң 500 тонна кант кызылчасын ташып жеткирдик. Бул үчүн вагондор өз убагында берилип, уюштуруу иштери такай камсыз болуп турат. Мындан тышкары Россиядан келген күйүүчү май, курулуш материалдары жана эл керектөөчү товарлардын баарын биздин темир жолчулар ташып келишет.

– Темир жолдо коопсуздук маселесинин абалы кандай?

– Темир жолдо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте жолдорубуз жакшы болушу керек. Темир жолун модернизациялоо иштери 2011-жылы башталган. Ошондон бери 195 чакырым жолго жаңы темир бетон шпалдары жайгаштырылды. Быйыл да шпалдарды, рельстерди алмаштыруу боюнча көп иштер жасалды.

– Жүргүнчүлөрдү ташуу багытында көрсөткүчтөр кандай?

–  Тогуз  ай  ичинде  жалпысынан  246 миң 961 жүргүнчү ташылып жеткирилген. Бул  көрсөткүч  өткөн  жылга  караганда  6 миң 921 адамга көп. Учурда “Бишкек–Казань”  поезд  каттамы  ачылып,  иштеп  жатат. Азыр жүргүнчүлөр тарабынан жылуу пикирлер  айтылууда.  Ошондой  эле  Москва, Новокузнецк багыты боюнча каттамдар бар. Мындан ташкары Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы “Узбекистан темир йуллари” АКсы менен сүйлөшүүлөрдү та-кай жүргүзүп, “Ташкент – Балыкчы – Ташкент” поезд каттамын ачууга жетишти. Келечекте  вагон  паркын  модернизациялоо максатыбыз бар. Вагондорубуздун эскили-ги жетип, аларды жаңылоо маселеси курч турат. Бул иш аткарылганда жүргүнчүлөргө жакшы шарттар түзүлүп, тейлөөнүн сапаты жакшырат.

– Эми каржы-экономикалык абал боюнча маалымат берсеңиз.

– “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания”  мамлекеттик  ишканасы  Кыргызстанда ири салык төлөөчү ишканалардын катарында турат. Тогуз айдын жыйынтыгында, салык түрүндө 262 млн. 843 миң сом, ал эми социалдык фондго 304 млн. 415 миң сом акча каражатын өз убагында төлөдүк. Кирешебиз  өткөн  жылга  караганда  азыр көбүрөөк.

– Келечекте “Кыргыз темир жолу” кайсыл багыттар боюнча өнүгөт? Темир жолду өнүктүрүүнүн пландары кандай?.

– “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасын 2018–2021-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары” боюнча көлөмдүү документ кабыл алынууда. Анда бардык багыттар боюнча алдыдагы өнүгүү иш-чаралары так белгиленген. Негизги эки багытына токтолоюн. Биринчиси – жол чарбасын модернизациялоо. Бул – темир жолго жаңы шпалдарды, рельстерди төшөө, жалпысынан алганда, темир жолдогу капиталдык оңдоо иштери. Булар түздөн-түз темир жолдогу коопсуздук маселеси менен байланышкан. Экинчиси – жүк ташууга зарыл болгон вагон жана локомотивдерди камсыз кылуу. Мында жаңы вагон, тепловоздорду сатып алып, калктын жүк ташууга болгон талабын жүзөгө ашыруу – башкы максатыбыз. Акыркы эки жылда вагон паркыбыз жаңыланды. Бирок ал жетишсиз. Бул маселе бүгүнкү күндө да курч боюнча калып жатат. Маселелерди чечип, темир жолду өнүктүрүү, элдин талабына ылайык, аларга кызмат кылуу башкы максаттарыбыз.

Маектешкен Сагын ОРОЗОБЕКОВ