Имаратын тарттырып карайлаган «Кайзер»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу»


Ушул жылдын 17-сентябрында Президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында бизнес чөйрөсүнүн жетекчилерин кабыл алган. Ошол жыйында мамлекеттик органдардын арасында бизнести кысымга алган окуялар токтобой, инвестордун укугу корголбой жатканы катышуучулар тарабынан ачык айтылган. Улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын катчылыгынын жетекчиси Сталбек Акматов зер буюмдар өндүрүшүндө ишмердүүлүк жүргүзгөн “Кайзер” ЖЧКнын көйгөйүн мисал келтирген. Анда “Кайзер” ЖЧКнын 1 млн. 500 миң долларга сатып алган имаратын мамлекет тартып алып койгонун Сооронбай Жээнбековго айтып берген. Бишкектин Шопоков көчөсүндөгү № 121 имаратында зер буюмдарды жасоо цехи жана дүкөнү ачылмак. Ал жерде кошумча жумушчу орундар түзүлмөк. Бюджетке салыктар төлөнмөк. Бирок, ишкер имаратын кайра алалбай же имаратты сатып алууга кеткен акчасын төлөтүүгө күчү жетпей төрт жылдан бери аргасы кетип жүргөнү маалымдалган болчу.

Ушул  сыяктуу  чыр-чатактардан инвес тордун укугун коргоодо мамлекет алсыз болуп жаткандыгы айтылган. “Бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы соттошуулардын 80 пайызында ишкерлер жеңилип калууда. Соттошуп жаткан эки тараптын бирөөсү мамлекеттик орган болуп жатса соттун чечиминде канчалык акыйкаттык бар экени суроо туудуруп келет. Ошондуктан мамлекет менен бизнестин ортосундагы талашты көз карандысыз үчүнчү арбитраж карашы керек”, – деген пикирин КР Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Марат Шаршекеев билдирген. Мындай көрүнүш өлкө экономикасына балта чабуу менен барабар экени талашсыз. Инвесторлордун сыртка агылуусу токтобой жатканы айтылган.

Эми зер буюмдарды иштетүү, сатуу  компаниясы  “Кайзердин” имаратынын тагдырына токтололу. 2009-жылы “Кайзер” ЖАКсы аталган имаратты “Айрус” ЖАКсынан сатып алат. Тараптардын өз ара келишими боюнча имараттын акчасы бөлүп төлөнүп, 1,5 жыл ичинде банк аркылуу которуп берилген. Сатып алуу ачык-айкын өткөн. Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу жеке менчиктин укугун тастыктаган кызыл китеп, имараттын техникалык паспорту, сатуу, сатып алуу боюнча келишим сыяктуу документтерине “Кайзер” ээ болгон. 2014-жылы мурдагы Бишкек мэри Нариман Тулеев жана анын командасынын башынан кара туман айланып, коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, мүлктөрүн конфискациялоо иштери жүрүп жаткан. Конфискацияланууга кирген мүлктөрдүн тизмесине түшүнүксүз себептер менен жогорудагы имарат да киргизилип калат. Мындай маалыматты “Кайзердин” жамааты гезиттен окуп алып, таң калып, чуу түшүп жатып калышат. Аңгыча Бишкек шаарынын Ленин райондук соту аталган имаратты конфискацияланган имараттардын тизмесине киргизген чечимин чыгарып таштаган. Тулеевдерге бул имараттын эч тиешеси жок экенин далилдөө үчүн «Кайзердин» уюштуруучулары 2014-жылдын 29-октябрында Бишкек шаардык сотуна кайрылышат. Конфискацияланган мүлктөрдүн тизмесинен «Кайзердин» имаратын чыгарып берүү боюнча алардын өтүнүч арызы каралмак түгүл, сот өндүрүшүнө кабыл алынбай койгон. Анын себебин сот мындайча түшүндүргөн: ”Кайзер” ЖЧК кылмыш иши боюнча сот процессинин катышуучусу катары саналбайт. Ошондуктан өтүнүч менен кайрыла албайт». Бул имарат КР мыйзамдарынын чегинде сатып алынгандыгын жана Тулеевге эч тиешеси жогун далилдөөгө соттор эч мүмкүнчүлүк бербей коюшкан. Инвестор бир нече жылдан бери имаратты кайра кайтарып алганды же имараттын акчасын төлөткөндү мындай кой, кандай себептен улам конфискацияланып калганын түшүнө албай мамлекет башчыга чейин кайрылып чуркап жүрүшкөн чагы.

Төрт жыл аралыгында “Кайзер” ЖЧК жетекчиси Галина Степанова баштаган жамаат бардык сот инстанцияларына, Жогорку Кеңештин профилдүү комитетине, мурдагы Президент А.Атамбаевге, Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко ж.б. бардык органдарга кайрылган. Тилекке каршы, бардык жерден булардын арызын карашкан эмес же футбол тобундай бири-бирине түртө беришкен. Айрым мамлекеттик органдар “ак” же “көк” деп жооп беришпеген. “Кайзер” “конфискацияланган мүлктөрдүн ичинен имаратымды чыгарып бергиле”, – деп жүгүрүп жүргөнүнө карабай, 2016-жылы Шопоков көчөсүндөгү №121 аталган имарат камакка алынган. Сот аткаруучулар келип, булардын буюм-тайымдарын сыртка чыгарып, иштегендердин баарын зар какшатып туруп, кууп чыгышкан. Көрүнүп тургандай, жеке менчиктин кол тийбестиги тууралуу Конституциянын кепилдиги бул жерде тыйынга турбай калган. Жарандын жеке менчик мүлкүн каратып туруп тартып алуу, бизнести бир заматта тизелетип коюу кадыресе көрүнүш болгон коомдо укуктук мамлекетти түптөө кыйын. Ал инвестордун укугу тебеленген ушул мисалдан кашкайып көрүнүп турат.

Ырас, Шопоков көчөсүндөгү №121 эки кабаттуу имарат совет мезгилинде бала бакча болгон экен. Ал рынок заманы келип, “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты”, болуп, ар ким алы жеткенин алып жатканда, жапайы менчиктештирүүнүн шарданы менен менчикке чыгарылган. Ал боюнча 2010-жылдын 23-апрелинде мыйзамсыз менчиктештирилген деп, кылмыш иши козголгон. Бирок, ошол жылдардагы документтерде ал кайсы жетекчи өзүнүн  кызматтык  абалынан  пайдаланып, ким тарабынан менчиктештирилгени ачык көрсөтүлгөн эмес. Ал тергөө иштеринин бардык жагдайында да, соттук териштирүүлөрдө да менчиктештирүүгөкүнөөлүү  адамдын  ысымы  аталбаган. Тергөө иштери жана соттук териштирүүлөр анын мыйзамсыз менчиктештирилгенин далилденген эмес. Тескерисинче, 1995-жылдын 30-октябрында КР Өкмөтүнүн № 460 токтому менен аталган имарат Бишкек шаарынын мэриясына караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу структурасынын карамагына турак-жай эмес фонд катары өткөрүлүп берилген. Ошондон бери ал бала бакча эмес, айрым учурда Свердлов районунун прокуратурасы, кээ бир жылдары ушул эле райондун Соцфонду болуп ижарага берилип келген. Андан тышкары, 2008-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарынын вице-мэри А.Филатовдун төрагалыгы алдында аталган имаратты ижарага берүү жана андан кийин сатууга уруксат берүү боюнча комиссиянын чечими чыгыптыр. Эгерде акыйкат карай турган болсок, мамлекеттин мүлкүн ижарага берүүгө жана сатууга уруксат берген аталган комиссия да жоопкерчиликке тартылышы керек болчу. Айтор, “Айрус” ЖЧК аталган имаратты шаар мэриясынан мыйзамдуу негизде сатып алган сыяктуу эле 2009-жылы “Кайзер” ЖЧК “Айрустан” мыйзамдуу сатып алганы айдан ачык болуп турбайбы. Учурда аталган имарат кайрадан Свердлов райондук прокуратурасына берилген боюнча турат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун сентябрь айындагы бизнес коомчулугу менен болгон жолугушуусунан кийин, ЕАЭБдин зергер-лер ассоциациясынын президенти Антонина Бабосюкту аталган маселе боюнча Коопсуздук кеңешинин жетекчилиги кабыл алган. Анда имараттын  талаштуу  жагдайын кайрадан териштирүү боюнча сөз болгон. Бирок, ушул кезге чейин жооп жок.

– Ак эмгек менен сатып алган имаратыбызды  рейдердик  жол менен тарттырып жиберип, абдан азап чегип келе жатабыз. Ошондой болсо да жакшылыктан үмүт үзө элекпиз. Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасын реформалоо талабын катуу коюуда. Айрым соттук чечимдер кайра каралып жатат. Биз Башкы прокуратуранын өкүлдөрү, Коопсуздук кеңешинин жетекчилиги менен жолгуштук. Мамлекет башчы С.Жээнбековго кат аркылуу дагы кайрылдык. Ушуга байланыштуу өлкөдө болуп жаткан реформалардын  алкагында  биз  имаратыбызды же акчабызды кайтарып аларыбызга ишенгим келет. Эң башкысы, Конституциянын кепили болгон Президент Сооронбай Жээнбеков көйгөйүбүздү өз көзөмөлүнө аларына жамааттыбыздын үмүтү чоң. Биз жаңы жумушчу орундарды түзөбүз. Салыктарды төлөө аркылуу мамлекеттин бюджетине өз салымыбызды кошобуз. Салык демекчи, 2011-жылы “Кайзер” ЖЧК Кыргызстандагы  эң  мыкты  салык  төлөөчүлөрдүн алдыңкы сабында болуп таанылганбыз, – дейт Антонина Бабосюк.