Ч.Айтматовдун планетардык гуманизми менен мекенчилдик демократизми

ХХ кылымдын Т.Манн, Г.Гессе, А.Камю, Г.Г.Маркес,У.Фолкнер, Э.Хемингуей, В.Гавел сыяктуу атактуу гуманисттери өзүлөрүнүн идеялары жана аракеттери боюнча мурдагы кылымдарга караганда өз алдыларына башкача маселелерди коюп, ошолордун айланасында көп иштерди алып барганы белгилүү. Ч. Айтматов дагы булардын арасынан өзүнүн татыктуу ордун алып, ошого жараша опол тоодой иш жасап, XX кылымдын ири жазуучу-гуманисти катары глобалдык жана мамлекеттик деңгээлдеги өтө олуттуу демогуманизм, башкача айтканда, планетардык гуманизм жана мекенчил-демократизм жаатындагы эки маселенин тегерегиндеги демилгелери.

Ойчул-жазуучунун глобалдык гуманизми

Дүйнөнүн саясый, финансы, маданий жана илимий элитасынын Рим клубунун 1987-жылдан баштап мүчөсү болгон Ч. Айтматовдун глобалдык деңгээлдеги иш аракеттери ХХ кылымдын аягында дүйнө коомчулугун  түйшөлтүп,  планетанын  келечегине реалдуу коркунуч туудуруп турган “кансыз согушту” токтотуу жана анын адам цивилизациясына тийе турган залакасына бөгөт коюуга багытталган болчу. Бул ишмердүүлүк глобалдык масштабдагы чоң саясаттын контекстинде жүрүп, курч конфронтациялуу биполярдык негиздеги эл аралык мамилелердин жумшарышына өзүнүн күрдөөлдүү салымын кошкон. Алсак, бул процесске түздөн-түз жана өлчөөсүз оң таасирин тийгизген феномен катары ХХ кылымдын интеллектуалдары менен гуманист, чыгармачыл инсандарын бир максат үчүн бириктирген “Ысык-Көл форумун” айтса болот. Эркин ой жүгүрткөн жана антикоммунисттик позицияны карманган А.Солженицын сыяктуу чыгармачыл – гуманисттерди жээрип  өлкөдөн   сүрүп  чыгарып,  Д.Сахаров сыяктуу демократ-интеллектуалдарды сүргүнгө айдап турган коммунисттердин тоталитардык совет мамлекетинен жана “кансыз согушту” кайнатып турган евроатлантикалык аскердик-саясый диктатурадан тайманбастан жеке демилге көтөрүп, саясатчылардан озунуу менен планетардык деңгээлдеги гуманитардык кызматташтыкка чыйыр салган жана дүйнөнүн интеллектуал-гуманисттеринин цивилизациянын келечеги үчүн кызматташуусуна чоң жол ачкан бул форумду уюштуруш оңой болгон эмес. Мындай ой, демилге жана аракет ой чабыты Ала-Тоодон ашып, ааламды аңыздаган планетардык ойчул Ч.Айтматовдун колунан келгени белгилүү.

Ырас, “Ысык-Көл” форумунун катышуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты франциялык жазуучу Клод Симон сыяктуулар Ч.Айтматовдун бул демилгесин СССР бийлигинин пропагандалык долбоору катары шардана кылып жибергени бар. Ошондой болгон күндө дагы, дүйнөлүк масштабдагы гуманисттерди үндөп, форумга чогултуу вазыйпасын, учу-кыйырына көз жетпеген СССРдин ичинен алыс-жакынга арзый турган авторитети бар Ч.Айтматовго тапшырып, кыргыз элинин жазуучу-гуманистинин эл аралык жөндөмү менен мүмкүнчүлүгүнө ишеним артуунун өзү эле чоң нерсе болгон. Бул биринчиден. Экинчиден, кандай болгондо дагы, “Ысык-Көл” форуму дүйнөлүк масштабда абдан чоң резонанс жаратып, сөз менен интеллектин кудурети аркылуу “Берлин дубалынын”, “Фултондук темир тосмонун” жана акыр аягында конфронтациялуу биполярдык дүйнөлүк системанын кыйрашына чоң идеологиялык түрткү болгону тана алгыс феномен болгон. Чындыгында, интеллектуалдардын дүйнөдөгү өтө абройлуу Рим клубунун башчысы Александр Кинг, “REN-clubдун” президенти Артур Миллер, ошол учурда орун басар болуп, кийин ЮНЕСКОнун Генералдык секретары болгон Федерико Майор, Нобель сыйлыгынын лауреаты Клод Симон, көрүнүктүү футурологдор Олвин жана Хайди Тоффлерлер сыяктуу дүйнөнүн атактуу 18 интеллектуалдарынын 60 сааттан ашык дискуссиясынын жыйынтыгында дүйнөлүк коомчулукка карата алардын биргелешкен кайрылуусу кабыл алынган. Бул документтин лейтмотиви дүйнөнү сактап калуу боюнча “көнүмүш чийинден чыккан жаңыча ой жүгүртүүнүн жана жаңы демилгелердин зарылчылыгы” жөнүндөгү гуманист-интеллектуалдарынын сунушу болчу.

Ысык-Көл форумунун катышуучуларын кабыл алып, баарлашуунун жана алардын кайрылуусунун таасири астында 5млн. экземплярда дүйнөнүн 64 тилинде жарыяланып, дүйнөнүн 160 өлкөсүнө таркатылган М.С.Горбачевдун “Кайра куруу жана биздин өлкө менен дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн жаңыча ой жүгүртүү” аттуу китеби глобалдык масштабдагы резонансты жаратып, конфронтациялашкан биполярдык дүйнөлүк системаны кыйратууга олуттуу шарт түзгөн. Анткени, анын негизин дүйнөлүк коомчулук жактырган “дүйнөнүн өз ара байланышы жана өз ара көз карандылыгы”, “таптык кызыкчылыкка караганда жалпы адамзаттык кызыкчылыктын үстөмдүгү”, “конфликттерди согуштук эмес, саясый жол менен чечүү”, “таптык күрөшкө караганда тынчтыкта жанаша жашоо” сыяктуу идеялар жана принциптер түзгөн.

Айтор,  жогорудагылар  жана  XX-XXI кылымдар  тогошуп  тургандагы  цивилизациянын тагдырына байланышкан терең философиялык-футурологиялык чыгармалары менен дүйнө коомчулугун планетанын тагдыры боюнча башкача ой жүгүртүүгө багыттоо менен Ч.Айтматов бул өңүттөгү өзүнүн гуманисттик миссиясын татыктуу аткара алды.

СССРдеги аракеттери руханий протесттен саясый-идеологиялык протестке кадамдар.

Ал эми жазуучу-гуманист Ч. Айтматовдун тоталитардык системага каршы чыгып, руханий эркиндик, саясый демократиялуулук, турмуштагы адилеттүүлүк жана Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн болгон СССР мамлекетинин масштабындагы аракеттерин үч багытка же үч этапка бөлүп карасак болот.

Биринчи багыты же биринчи этабы XX кылымдын  80-жылдарына  чейинки  мезгилди камтыйт. Бул мезгилде Ч. Айтматов өзүнүн адабий чыгармаларында соцреализмдин канондоруна баш ийбеген каармандары жана идеялары аркылуу догмага айланып калган тоталитардык баалуулуктарга, көз караштарга, болумуштар менен кубулуштарга альтернативдүү болгон руханий-идеологиялык дүйнөнүн образын жараткан. Анын чыгармаларында советтик системанын деградациясына, тоталитаризмдин руханий кулчулугуна карата астейдил протест жаралып, ал нерсе эбегейсиз бекем өңдөнгөн Совет мамлекетинин идеялык, нравалык, моралдык жана саясый негиздерин солкулдаткан. Ал консервативдүү стагнацияда уйкусурап жаткан совет коомчулугун түйшөлтүп, татыктуу жашоого талпынган аң-сезимин ойготуу менен алардын аң-сезимин дүрбөлөңгө түшүргөн. Эң негизгиси, Ч. Айтматов Совет коомунда башталган терең кризистик көрүнүштөрдөн биринчилерден болуп кабар берген, анын кесепеттери жөнүндө алдын ала эскерткен жана аларды чечүүнүн жолдорун издеген. Ушул өңүттөн алганда, 2009-жылы жазуучунун 80 жылдыгына карата Санкт-Петербургдагы өткөн эл аралык симпозиумда  россиялык  окумуштуу  С.Есин  койгон “Ч.Айтматов советтик жазуучубу же антисоветтикпи?” деген маселе жана симпозиум тарабынан бул маселенин “антисоветтик” деп чечмелениши бекеринен болгон эмес. Ырас, Ч.Айтматовдун бул учурдагы антисоветтик жана антитоталитардык идеялары менен ара-кеттери тоталитаризмдин радикалдуу опоненттери болуп, мындан запкы жеген жана диссидент катары СССРди таштап кетүүгө мажбур болгон А. Солженицын сыяктуулардын жолун жолдобостон башка, терең философиялык жа-на татаал идеологиялык нукта кеткен. Бирок ошого карабастан, Ч. Айтматовдун идеялары менен иш-аракеттери алда канча рационалдуу болуп тоталитардык системанын идеологиялык негиздерин бир топ бүлгүнгө салган. Өзгөчө улуу державалык шовинизмге каршы туруп, кыргыз тили менен маданиятын коргоп калуу аракеттери абдан маанилүү эле. Бул өңүттөгү жазуучунун 1987-жылы республикалык илимий-практикалык конференцияда жасаган “Эне тил тагдыры” деген баяндамасы Кыргызстан эле эмес бүтүндөй СССРде абдан чоң резонанс жараткан.

Экинчи этабы, XX кылымдын 80-жылдарына туура келет. Ч. Айтматов эки ипостаста аракеттенип, бул жолу советтик тоталитардык бийлик системасынын өзүнөн-өзү кулап, жок болушу үчүн реалдуу негиз даярдаган. Бир жагынан, ал жазуучу – гуманист катары СССРдин тоталитардык саясый системасына каршы чыккан советтик атактуу жазуучулардын сап башында болуп, өлкө менен коомду гумандаштырууга жана демократиялаштырууга чоң салымын кошкон. Белгилүү болгондой, 1985-жылдан кийинки СССРдеги горбачевдук “Кайра каруу” жана “Жаңыча ой жүгүртүү” сыяктуу саясый доктриналар совет мамлекетиндеги көп өзгөрүүлөрдү жараткан. Анын шарданы менен совет коомчулугунун тоталитардык аң сезимин кескин өзгөрткөн жана эркиндик менен акыйкаттык үчүн болгон коомдук көз карашты өзгөчө курчуткан М. Булгаковдун, А. Рыбаковдун, А. Солженицындын, Н. Шмелевдун, А. Приставкиндин, Б. Пастернактын, В. Распутиндин, В. Шаламовдун, Д. Граниндин, А. Платоновдун, В. Гроссмандын, Ф. Искендердин романдары менен повесттери биринен сала бири жарыя ланып, совет коомундагы руханий кайра жаралуу менен руханий бунтту жаратканы белгилүү. Албетте, булардын сап башында, жогоруда белгилегендей, кыргыздын жазуучу-гуманисти Ч. Айтматов болгон.

Ошондой эле, Ч. Айтматов публицист катары О. Лацис, В. Бовин, Ю. Карякин, Ф. Бурлацкий, А. Стреляный, Г. Попов, Ю.Д. Черниченко сыяктуу курч калемдүү журналист-авторлор  менен  бирге  коомдук  –  саясый темадагы “Дүйнөгө жаңыча кароонун зарылчылыгы”, “Негиздерибиз бүлүнүүдөбү?”, “Кайра куруу, маалымдуулук-аман калуунун өзөгү” сыяктуу бир нечелеген “салмактуу” макалаларын советтик ири жана таасирлүү “Правда”, “Известия”, “Литературная газета” сыяктуу газеталар менен “Новый мир”, “Огонек”, “Иностранная литература” сыяктуу авторитеттүү журналдарга жарыялап турган. Муну менен Ч. Айтматов кыргыз коомчулугунда  эле  эмес,  бүтүндөй  совет коомчулугун руханий кулчулуктан бошотуп, демократиянын жана эркиндик-тин идеяларын кенен жайылтуу менен совет өлкөсүндөгү комунисттердин тоталитардык системасынын кыйрашына, анын курамында  болгон  элдердин эгемендүүлүккө  ээ  болушуна зор салымын кошкон.

Экинчи  жагынан,  XX  кылымдын 80-жылдарындагы Ч.Айтматовдун СССРдеги коомдук – саясый ишмердүүлүгү өзгөчө маанилүү болгон жана КПССтын тоталитардык бийлигинин жоюлушунда, СССРдин империялык системасынын алсырашында, Кыргызстанга жана СССРдин башка элдерине демократия, эгемендүүлүк, эркиндик алып келүүдө реалдуу роль ойногон. Ушул өңүттөн алганда, Ч.Айтматовдун 1989-жылы май – июнь айларында өткөн СССРдин Эл депутаттарынын Биринчи съездиндеги граждандык активдүүлүгүнүн, демократ-лидерлигинин жана коомдук-саясый ишмердүүлүгүнүн тарыхый мааниси өзгөчө болгон. Кыргызстандын гана эмес бүтүндөй Совет мамлекетинин, М.С.Горбачевдун, КПССтин тагдырын чечкен бул съездде, бир жагынан, демократиялык маанайдагы “Региондор аралык топтор”, экинчи жагынан, либералдык позициядагы коммунисттер чөйрөсү Ч.Айтматовго чоң ишеним артышып, айрым өтө маанилүү жана опурталдуу маселелерди бүтүндөй СССР боюнча атактуу жана авторитеттүү деп эсептелген ушул жазуучу-гуманистке тапшырышкан. Мисалы, СССРди коммунисттик тоталитардык системадан бошотуп, демократиялык түзүлүшкө конструктивдүү жана ийкемдүү жол менен өткөрүү үчүн бул өлкөнүн саясый конфигурациясын өзгөртүп, компартиянын гегемондук ролун жок кылуу аракеттерин съезддин трибунасынан ачык айтып, сунуш киргизүү миссиясы Ч. Айтматовго тапшырылган болчу. Алсак, КПССтын узурпаторлук- тоталитардык бийлигин алсыратып, келечекте СССРдеги мамлекеттик бийликти Конституция боюнча анын нак ээси болгон СССР Жогорку советине акырындык менен алып берүү максатында М.С.Горбачевду СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы кылып шайлоо үчүн анын талапкерлигин алып чыгып, жарыялоо жана депутаттарды добуш берүүгө ынандыруу миссиясы Ч.Айтматовго ыйгарылганы белгилүү. Ошол кездеги СССРде башталган демократиялык эйфориянын шартында, авторитети аябай жогорулап турган Б.Ельциндин фонунда баркы түшүп бара жаткан М.С.Горбачевду сүрөп чыгыш өтө оор жана ар кимдин эле колунан келе турган иш эмес эле. Совет коомунун демократиялык өнүгүүгө багыт алуусунда жана өлкөнү КПССтин тоталитардык бийлигинен акырындатып бошотуу маселесинде бул аракет маанилүү да, опурталдуу да кадам болгон. Түбөлүктүүдөй болуп сезилген коммунис-тердин тоталитардык бийлигинин кулашы жана Совет мамлекетинин өзүнөн өзү жоюулуп кетиши боюнча көп себептер айтылат. Мына ошол себептердин бири, керек болсо эң маанилүүлөрүнүн бири жазуучу-гуманист Ч.Айтматовдун аракеттери болгону тарыхый чындык.

Ал эми кийинки кадам СССРдин президенти  кызматынын  негизделиши  жана СССРдин Конституциясындагы КПССтин гегомондук бийлигин мыйзамдаштырып келген №6 беренени жоюп салуу болгон. СССР Эл депутаттарынын кезексиз III съездди 1990-ж. 12-15-мартта өткөрүлүп, анын жүрүшүндө ушул нерсеге кадам ташталган. Бул иште дагы СССР Эл депутаттарынын ичинен кыргызстандык Ч.Айтматов менен А.Акаев колдогон добуштарын биринчилерден болуп беришип, ал түгүл демилгечилердин арасында болуу менен айырмаланышканы белгилүү. Бул иштердеги негизги идея жана реалдуу кадам СССРдеги реалдуу бийликти КПССтин узурпациясынан куткарып, аны Советтерге кайра кайтарып берүү эле. Натыйжада, КПСС БКнын Генералдык секретары М. С.Горбачев 1989-жылы СССР Жогорку Советинин төрагасы болуу менен алгач, КПССтин үстөмдүк бийлиги менен Советтердин элдик бийлигин теңдесе, 15- март 1990-жылы ал СССР Эл депутаттарынын кезексиз III съездинде 60% добуш менен СССРдин Президенти болуп шайланган жана 1991-жылы 24-августта КПССтин Борбордук комитетинин Генералдык секретары кызматынан баш тартып, коммунисттердин тоталитардык бийлигине чек койгону белгилүү. Ушунун баардыгында Ч.Айтматовдун салымы көп болгон.

Булардан сырткары Совет мамлекетинде бир жагынан солчул-радикалдар, экинчи жагынан ончул-консерваторлор реформаторлук курсту кысмаккка алып турганда дагы жазуучу-гуманист Ч.Айтматовдун анти-тоталитардык позициясы, ролу жана салымы сезилип турган. Өзгөчө, СССРдин президентинин кеңешчиси, андан кийин СССРдин Президенттик  кеңешинин  мүчөсү  болуп турганда.

Мекенчил гуманисттин этносаясый демилгелери

СССР Эл депутаттарынын Биринчи съезддинде Ч. Айтматовдун гуманист, коомдук-саясый ишмер катары жүргүзгөн аракеттерин өзгөчө маанилүү кылган башка жагдайлары дагы болгон. Мисалы, Ч.Айтматовдун 1986-жылы декабрь айында Алматыда казак жаштарынын шовинисттик Москванын текеберчилик саясатына каршы нааразычылык акцияларына карата 1987- жылы июль айында КПСС БКнын “казак улутчулдугу” жөнүндөгү адилетсиз токтомун жок кылуу маселесин көтөрүп чыкканын, Өзбекстандагы “пахта мафиясынын” кылмыштуу иштеринен улам жаралган (1970-ж. аягы 1980-жылдар) жана алардын айынан бүтүндөй өзбек элин каралап келген “өзбектердин иши” аттуу түшүнүктөрдү токтотууну талап кылганын айтсак болот. Муну менен жазуучу-гуманист Ч.Айтматов эки улуу элди саясый жактан реаблитациялоого жол ачкан болчу. Али да болсо тоталитардык бийлигин жүргүзүп турган КПССтын тушунда, али да болсо СССРди тескеп турган Москванын советтик бийлигинин алдында дээрлик бир чөлкөмдүн, ал чөлкөмдөгү элдердин кызыкчылыгын коргоп, улутчул, регионалист деген жаманаттылыктан коркпой Москвага каяша айтууга Ч. Айтма-товдон башкалары ал учурда даай алышкан эмес. Айта кете турган нерсе, Ч. Айтматовдон кийин М. Шаханов СССР Эл депутаттарынын трибунасынан саясый Кайрылуу жасап, жогорууда айткан КПСС БКнын “казак улутчул-дугу” боюнча адилетсиз токтому 1990-жылы май айында КПСС БКнын саясый бюросунун токтому менен саясый катачылык катары жоюлган болчу.

Албетте, Ч.Айтматовдун бул этаптагы коомдук-саясый ишмердүүлүгү коммунисттик тоталитаризмдин идеологиялык негизи катары кызмат кылган “великодержавиелик шовинизмдин” мизин майтарып, СССР элдеринин, ошонун ичинде кыргыз элинин дагы, мамлекеттик тили менен маданий өз алдынчалыгын сактоого жана өнүктүрүүгө байланышкан аракеттери дагы Москванын үстөмдүгү жоюла элек шартта оңой нерсе эмес болчу.

Ч.Айтматовдун  тоталитаризмге  каршы аракеттеринин, демократия үчүн, эркин жана эгемен Кыргызстан үчүн багытталган ишмердүүлүгүнүн үчүнчү этабы- эгемен Кыргыз Республикасынын жаралышы, эгемен Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү жана анын демократиялык багытта өсүп-өнүгө башташы менен байланышып, XX кылымдын 90 – жылдарына жаңы XXI кылымдын башталышына туура келет. Бул жылдары, биринчиден, Кыргыз эли кылымдардан бери көксөп келген жана ага жетиш үчүн нечендеген эр азаматтарынын өмүрүн берген эркин, эгемен, мамлекетүүлүккө ээ болду. Ал эми, экинчиден, мурунку СССРдин чыгыш-мусулман өлкөлөрүнүн ичинен коммунисттердин бийлигинен дароо баш тарткан бирден бир демократиялык Кыргыз мамлекети жаралды. Бул тарыхый иштерде дагы мекенчил, жазуучу-гуманист, коомдук-саясый жана мамлекеттик ишмер Ч. Айтматовдун кошкон  салымы  чоң  экендиги  айныгыс чындык.

Т.А.АБДЫРАХМАНОВ т.и.д проф.И.Арабаев атындагы КМУнун ректору