Ошто аралаш уруш Азия чемпионаты өттү

Ош шаарында А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо аралаш уруш боюнча (ММА) Азия чемпионаты өттү.

Аталган мелдешке алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген конокторго жана спортчуларга ыктыярчы котормочу катары ОшМУнун 27 студенти жардам көрсөтүштү. Алар Кытай, Корея, Иран, Афганистан, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген конокторду тосуп алуу, жайгаштыруу иштерине катышып, мелдеш учурунда ыктыярчы котормочу катары коштоп жүрүштү.

Белгилей кетсек, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин жана эл аралык мамилелер факультетинин 14 студенти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112 бирдиктүү нөөмөттүк диспетчердик кызматына» англис, француз жана араб тилдеринде волонтер-котормочулар катары жардам көрсөтүшкөн.