Беш манжа бириксе кол болот, беш коңшу бириксе зор болот

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


Борбор Азиянын кийинки чейрек кылымдагы өнүгүү тарыхына көз жүгүртсөк, аймактагы өлкөлөр өз ара карым-катнашы бекем, бир-бири менен тыгыз алака түзгөн мамлекеттер шериктештиги боло албай жатат. Кийинки жылдары гана муз ордунан жылып, өз ара интеграциялык процесстерди жандандырууга мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Өз таасиринде болтурууну көздөп, жардамын берип жаткан алыскы «туугандардан» кылымдар бою чогуу жашап келе жаткан боордош, жакынкы коңшулардын артык экенин аймактагы журт башчылары да, карапайым эл да учурда таасын сезип калды.

Дүйнөлүк экономикалык жана саясый мейкиндикте аймактагы мамлекеттер ынтымакташып эмес, өз алдынча жеке аракет көрүп келе жатышат. Биргелешип аракеттешүүгө өлкөлөрдүн карманган багыттарынын, эко-номикалык стратегияларынын ар түрдүүлүгү бөгөт болууда. Кыргызстандын өнүгүүсүндө жеке адамдык ресурстардын жөндөмдүүлүгү күч, мамлекет тараптын коомдук, экономи-калык процесстерди жөнгө салуу функциясы төмөндөдү. Казакстанда экономиканы өнүктүрүү үчүн мамлекеттик түзүмдөр менен жеке сектордун биргелешкен ишмердиги күч алды. Өзбекстанда жаңы бийлик келген соң, өлкөдө болуп жаткан бардык процесстерге көзөмөлдү күчөттү. «Коррупция га каршы күрөшүп жатабыз» деп жар салбай эле, ичип­жегендин желин чыгарууда, өлкөдө адилеттүүлүктүн өкүм сүрүүсү үчүн аеосуз күрөштү жүргүзүп жатышат. Өлкөгө инвестиция тартуу үчүн эркин экономикалык аймактар курулууда. Жаратылыш ресурстарына ишенген Түркмөнстандын экономикалык өнүгүүсү басаңдады.

Ал эми тышкы күчтөрдүн Борбор Азияга көз артуусу күчөдү. Ага аймактын геосаясый орду, таза экологиясы, арбын суу ресурсу, жер астындагы байлыктары, бул өлкөлөрдүн Батыш менен Чыгыштагы ири державалардын – Россия менен Кытайдын ортосунда жайгашканы, ал эми түштүк жагы туруктуулугу жок Ооганстан, араб өлкөлөрү болгону себеп болууда. Ооганстан менен Тажикстандын чек аралары шуру сымал үзүлүп кетүүсү ыктымал болуп калууда. Борбор Азия өлкөлөрү чет өлкөлөр менен өзүнүн күнүмдүк кызыкчылыгын гана көздөп, каалаганындай мамиле түзүүдө. Алака түзүүчүлөр утурумдук каржы көйгөйлөрүн чечебиз деп, келечекте натыйжанын кандай болоорун баамдоого чама­чаркы жок. Россия, АКШ, Евробиримдик, Кытай жана араб өлкөлөрүнүн ар бири Борбор Азия мамлекеттери өз тааси-ринде болуусу үчүн атаандашууда. Мындай жагдайда аймактагы мамлекеттер өз ара бириге алышпайт, кайра ар кимиси өзүнүн жеке пайдасын көздөп бөлүнүп кетип жатышат. Өткөн кылымдын акыркы он жылдыгында, ушул кылымдын башында иштеп турган Борбор Азиялык экономикалык шериктештик ынтымактын аздыгынан баралына келе ал-бай, акырында ЕАЭБге жутулуп, жок болду.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилелеринде Казакстандын ролу биринчи позицияда турат. Анткени аймактын Европага карай транспорттук жолу жана газ куурлары Казакстан аркылуу өтөт. Ошондой эл Казакстандын чийки зат ресурстарын, аштыгын, өсүмдүк майын бүткүл Борбор Азия пайдаланууда. Казакстанда курулуп жаткан ири өндүрүштүк жана курулуштук долбоорлорго жумушчу күчтөрү керектелүүдө. Казакстан өз жарандарын гана эмес тышкы мигранттарды да иш менен камсыз кылууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын экономикасын өркүндөтүүгө совет мезгилинде жетиштүү көңүл бурулган эмес, ошондуктан бул эки өлкөгө эгемендик жылдарынан баштап айыл чарбасын, туризмди жана энергетика тармагын өнүктүрүү ыңгайлуу болуп келди. Суу башында турган Кыргызстан менен Тажикстандын суу электр станцияларын пайдалануусу, жаңыларын ишке киргизүүсү ылдыйдагы Казакстан, Өзбекстан менен арадагы карым­катнаштарына тескери таасирин тийгизди. Учурда бул боюнча түшүнүүчүлүк маанай калыптанууда.

Бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы тарыхый тамыры өз ара байланган, коңшу орнош кон беш мамлекетке биригип аракеттешүү аба менен суудай зарыл. Асыресе, экономика жана коопсуздук тармактарында. Ынтымакташып бир экономикалык мейкиндикти, бирдикти коопсуздук тутумун түзүү абдан керек. Албетте, беш мамлекеттин мартабасы колдун  беш  манжасындай бирдей эмес, бирок бар-дыгын жер өрөөнү, бир туугандыгы, кылымдар бою калыптанган алакасы (деги эле түрк элдерине кирбеген тажик калкы менен Манас доорунан берки кыз алышып, кыз беришүү, анын үлгүсү – Каныкей – Санрабига) бир колго бириктирип турат. Ошондуктан бир колдон жең, бир жака-дан баш чыгарар мезгил эбак эле жетти.

Учурда  дүйнөлүк экономика  Төртүнчү өн дүрүштүк  революцияны (ТӨР) баштады. Бул өңүт төн алып караганда, дүйнөлүк өндү рүштүк мейкиндикке Борбор Азия мамлекеттери чогуу кирсе болот. Ага шарттар бар. Жогорку бийлик учурда мамлекеттер ортосунда  түзүлгөн  ынак  мамилени  пайдалануусу абзел. ТӨРдүн артыкчылыгы – өндүрүш, энергетика, айыл чарбасы, бардык инфратүзүмдөрүн кошо алганда, акылдуу  («смарт»)  дол боор лорго  айланууда. Өндүрүштү башкарууну санариптештирүү, жасалма интеллектти кийирүү улуттук экономиканын негизги үч секторундагы (өндүрүүгө даярдык көрүүнү, өндүрүштү жана сервисти) абалды түп­тамыры менен өзгөртүп, адамдардын турмушуна, социалдык жагдайына, билимине өзгөрүштөрдү алып келүүдө. ТӨР экономикада гана эмес адамдын аң­сезиминде рационалдык, жаңыча ой жүгүртүүнү калыптандырууда. Санариптештирүүгө негизделген ТӨР аймакта интеграциялык алаканы жан-дантууга жол ачып берет.