Жумабек МАДЕМИЛОВ, актер: «Маң» спектакли Астанага, Ташкентке чейин барып, ийгилик жаратты»

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


12-17-ноябрь күндөрү Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматов жана театр» атындагы эл аралык театр фестивалы болуп өттү. Ага Россиядан, Азербайжандан, Казакстандан, Өзбекстандан келген театрлар катышышты. Фестивалдын ачылышы Нарын драма театры койгон Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде жазылган Султан Раевдин «Маң» спектакли менен болду. Мына ошол театрдын актеру Жумабек Мадеминов менен кабарчыбыз маектешип кайтты.

– Бул спектаклди Султан Раев инверсия кылып жазган. Анын маңызы Казангаптын өлүмү жана анын коюлушу. Ошол жердеги каза болгондон кийин коюлганга чейинки окуяны камтып барабыз. Мына ушу окуянын ичинде театрдын сөзү менен айтканда ар түрдүү типаждар бар. Аталган спектакль менен республикалык деңгээлде гран-прини утуп алганбыз. Андан соң Астанага барып келдик. Мындан кийин Ташкент шаарына барып, 2 күн катары менен койдук. Өзбек туугандар абдан сагынып калган экен. Алар менен 25 жылдан бери маданий катнаштарыбыз абдан солгундап бара жаткан. Ошол маданий алаканын жакшыруусуна өбөлгө түзүп Самаркандга барып, эл-жери менен таанышып келдик. Мына ошол бир нече ийгиликтерди жараткан спектакль менен “Айтматов жана театр” фестивалы ачылсын деп Бишкектин көрөрмандарына тартууладык.

–  Республикалык  театрларда көйгөй абдан көп. Ал эми аймактык театрлардачы?

– Нарын облустук драма театрында азыр абал шүгүр, каражат бөлүнгөн. Андан тышкары Темирлан Сманбеков, Жалил Мидинов деген агаларыбыз келип, өзүлөрүнүн болгон күчүн, аркетин жумшап, ушундай деңгээлге көтөрүлүп жатабыз. Азыр театрдын ичи бир ажайып болуп жасалгаланды. Чыгармачылык жактан да көп ийгиликтерге жетишип жатабыз. Артисттерге мындан өткөн жакшы нерсе жок болуш керек.

– Нарында театр көрүүчүлөр көп элеби?

– Нарын театралдык шаар деп эсептелет негизи. Бирок союз ыдырагандан тарта театр сүйүүчүлөр азайып калган болчу. Азыр көрүүчүлөрдүн кайрадан кайтып келе баштаганы байкалууда.

– Кепти жеке өзүңүзгө бурсак. Актердук кесипке кандайча келип калдыңыз эле?

–1981-жылы республикалык маданий-агартуу окуу жайын аяктагандан кийин актерлук кесипти аркалап калгам. Негизи өзүм музыкантмын.

– Алгачкы ролуңуз тууралуу айтсаңыз?

– Театрдан бир актер байкебиз ролун ойнобой калып, ал ролго бир аптанын ичинде даярданып, мен ойноп калдым. Премьера учурунда чайнекти, анан чыныны талкалап алгам. Сценарий боюнча андай сюжет жок болчу. Ошол сыныктарды ойноп жаткан актерлордун башынан айлантып туруп ыргытып жиберип, алгачкы актерлук тушоом кесилген.

–  “Жигитке  жетимиш  өнөр  аздык кылат” деген сөз бар эмеспи. Актерлуктан башка дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?

– Актерлуктан тышкары тамадалык менен алектенем. Аккордеон тартам, баян, фортепианодо ойнойм, гитара чертем. Комедиялык  жанрдагы  ролдорду  аткарып  жүрүп, 1996-жылы “Супер куудул” болуп, гран-при алгам. 2000-жылы чоңко куудулдар ордосу деген сынакта да баш байгени утуп алгам. 2010-жылы Жалил Сыдыков агабыздын “Мен арызданам” деген спектаклинде баш каарман арызчынын ролун жаратып, эл аралык Рыскулов сыйлыгы, Ардак грамота алгам.

Ал эми күнүмдүк турмушта эркектерге тийиштүү иштерди бүт эле жасайм. Электр жагын өздөштүрүп алгам.

– Артистти анан таксистти күйөөм дебе деп коюшчу беле?

– Менин келинчегим Айгүл Сатыбалдиева да ушул чөйрөдөн. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын аяктаган. Ал ырдайт, роль ойнойт. Тойлорго дагы чогуу чыгып, үй-бүлөлүк казынага чогуу салым кошуп, бири-бирибиздин чыгармачылыгыбызды түшүнүү менен жашап, 1988-жылдан бери 4 балалуу болуп калдык. Биз жаш кездерде “актер болсоң, бузулуп кетесиң, арак ичип кетесиң, көп аял аласың” деп айтып калышчу. Антпей эле бир аял менен бактылуу-таалайлуу өмүр сүрүп келе жатабыз.

– Устат, шакирттериңиз бар чыгар?

– Устаттарым көп десем болот. Негизинен чоң залкарлар менен иштешип, ошолордун акыл-насаат, тажрыйбаларынын жакшы жактарын өзүм үйрөнүп алууга аракет кылып келем. Алсак, Капар Медетбеков, Сейитказы Андабеков, Тамара Жумакаева, Бакирдин Алиев, Күмөндөр Абылов, эң биринчи агайым маркум Алмазбек Зарлыкбеков, Султан Раев, Темирлан Сманбеков, Жалил Мидинов. Алардан үйрөнүп ушул деңгээлге жеттим.

Ал эми шакирттер тууралуу айта турган болсом, өзүмдөн кичүүлөргө өз тажрыйба, акыл-насаат, кеп-кеңешимди бөлүшүп турууга далалат жасайм. Мисалы: акын Жеңишбек Жумакадыр, Аман Мамбетакунов, Данияр Турдумамбет деген жигиттерибиз бар. Мындай алганда көп эле жаштарга улуулардан алгандарыбызды өткөрүп берип, ортодо көпүрө катары болуп жатабыз десем болот.

– “Аккан арыктан суу агат” деп коюшчу эле, сиздин кесибиңизди жолдогон уул-кыздарыңыз барбы? Сиз кимдердин жолун жолдоп калгансыз?

– Апам эрте кайтыш болуп калган. Атам убагында тамашакөй киши болгон. Бир тууган байкем да обон чыгарып ырдаган кишилерден болчу. Анан таятам Султанаалы Асанов залкар комузчулардан экен. Тоңдун Кара-Талаа деген айылынан болчу. Азыр көзү өтүп кеткен. Мына ушулардын шарапаты тийди окшойт. Ал эми өзүмдүн үч кыз, бир уулум бар. Алардын экөө өз турмуштарын куруп калган. Бир кызым аспирантурада окуйт. Ал эми кичүү уулум студент. Бирок баарынын тең кесиптери башка.