Көңүл өйүгөн ойлор

“Жакшыраак болсо экен дегенбиз, кайра эле баягыдай болуп калды,”- деп көзү өткөн орус премьери В.Черномырдин айткандай, мурдагы президент А.Атамбаевдин экс-президенттер А.Акаев менен К.Бакиевден айырмасы болбой калганын көрүп, бийликтен көңүлү калган коомдогу абал түшүнүктүү. Ал аз келгенсип, алардан калган мурас, атап айтканда, каран түн түшүрчүдөй калыңдаган карыз, өлкөнүн чүйгүн жерлерине жөргөмүштөй желелеп алган коррупция жана угулар-угулмаксан кагылып, жүрөктүн үшүн алган дефольттун коңгуроосу да бир жактан улуу-кичүүнү сарсанаага салып турган чагы.

Ушундай социалдык абалдын фонунда Президент С.Жээнбековдун: “… көргөнүңөрдү, билгениңерди тартынбай айткыла, ачык жазгыла. Өлкөнү баарыбыз чогуу өнүктүрөлү”, – дегени – кырдаалды реалдуу баалап, көр тирилик менен алпурушкан жана жаркын үмүттөрдөн жатыркай баштаган коомчулукту чын ниеттен диалогго чакырганы. Бул жарандардын активдешүүсүнө жаңы импульс берүүчү кепилдик таризиндеги жакшы жөрөлгөгө айланып кетер бекен? Ыргылжыңдыкка, кыйкымчылдыкка ык алып алган бүгүнкү кыргыз коомунун түрүн көргөндө, оболу көңүлүңө кылт деп ушул суроо келет. Анан алардын андай скептицизмин айыптайын десең, айрым министрликтерде кызматты жеке кызыкчылыктарына айландырып алгандардын жосунсуз жоруктары жана быкшыган коррупцияны ашкерелеген басма сөздөгү маалыматтар кайра өзүңдү жалтайлаган абалга алып келет. Сыягы аткаруу бийлигиндеги алешем иштер, мамлекеттик башкаруу системасында компетенттүү эмес кадрлардын көбөйүп кеткени жана коррупциянын масштабы өлкө башчынын коомчулукту озунуп диалогго чыгарууга, аны консолидациялоонун жолдорун издөөгө түртүп жаткан окшойт. Ушунун капшабы менен конкреттүү ишке караганда, иштеп жаткандай имитациясы басымдуулук кылган, элдин эсебинен айлык алып, машина минишип, көчүгү оорубас креслолордо отурушкан чиновниктер армиясын кайра уюштуруу ишке ашар бекен? Анткени өлкөбүздөгү коррупциянын тамырлап өнүгүшүнө так ушул аткаруу бийлигиндегилердин жоопкерсиздиги кыртыш даярдап жатпайбы!

Чын эле, аткаруу бийлигинин мобилдүүлүгүнө жетишүү үчүн башкаруу системасына компетенттүү, мамлекеттик масштабда ойлоно алган кадрларды алып келүү – элдин бийликке болгон ишенимин эртеби, кечпи калыбына келтирери талашсыз. Эң негизгиси бул экономиканын өсүп-өнүгүшү, социалдык стабилдүүлүк жана коррупцияга бөгөт коюу менен байланышкан олуттуу маселе. Ошону үчүн Россиянын президенти башкаруу системасынын эффективдүү болушун көздөп, анын ички, тышкы өзгөрүүлөргө тез ылайыкташуусуна жетишүү үчүн региондор деңгээлиндеги башкаруу звеносуна иштин көзүн билген, арам иштерге аралашпаган, аналитикалык ойломго эгедер жаш адистерди тартып, кадрлар корпусуна “жаңы кан куюу” процессин ылдамдатып жатат.

Ал эми Кытай Эл Республикасынын председатели Си Цзиньпин мамлекеттин мурдагы жетекчилериндей чоң кызматтагы колу туткактарга көз жумуп койбой, партиянын ичиндеги кырдаалды жакшыртып, кызматтык абалын байып-бапыраш үчүн пайдалангандардан кылчактабай арылуу маселесин ишке ашырып жатат. Акыркы жылдары жогорку кызматтагы тигил же бул жетекчилерди бошотуунун  себеби  ачыктан  ачык эле коррупциялык белгилерге жана эффективдүү эмес ишке байланыштуу болуп келсе, бүгүнкү күндө КЭРдин башчысы аны масштабдуу кампанияга айландырууга киришти. Муну тышкы себептер, атап айтканда, күн санап курчуп бараткан америкалык-кытайлык мамилелерден улам сагалаган санкциянын коколомо коркунучу шарттап жатат. Кокус ал ишке кирсе, кыйынчылыктардын жаралары турган иш. Си Цзиньпиндин болсо кадрларды кайра даярдап отурганга убактысы жок. Мындай кырдаал аны башкаруу системасына, асыресе эң маанилүү провинциялардагы кызмат орундарына, командасындагы өзү ишенген жана өзүнө берилген жаңы адамдарды коюуну тездеттирип, бийлик аппаратын бекемдөөгө түртүп жатат.

Дүйнөлүк улуу эки державанын башкаруу системасындагы мындай реформатордук кадамдары бекер жеринен чыккан жок. Алар бир жагынан Батыштын санкцияларынын алдын алуу болсо, экинчи жагынан экономикалык кризистин кесепеттеринен сактануу. Финансы аналитиктеринин айтымында бир-эки жыл ичинде 1998- жана 2008-жылдардагыдай дүйнөлүк экономикалык кризис күтүлөт. Алардын божомолуна ишенсек, масштабдуу кризистер 10-12 жылда бир кайталанат экен. Алардын себеби ар кандай болгону менен мындай циклдүүлүк мыйзам ченемдүү көрүнүш дешет. Россия менен Кытайдын жогорудагыдай аракеттери – кризистин соккусун жумшартуучу “финансылык жаздык” даярдоого багытталган. Мунун айкын мисалы катары ушул эки өлкөдө алтындын кору бир эки жылдын ичинде кескин көбөйгөнүн ырастаган маалыматтарды айтса болот.

Камбыл, экономикасы өнүккөн бакубат өлкөлөр кризистен ушундай жол менен чыкса, экономикасы өнүкпөгөн, карызы чачтан көп өлкөлөр ого бетер начарлайт экен. Демек, өлкөнүн башкаруу системасынын эффективдүүлүгүн, мобилдүүлүгүн жогорулатуу маселеси, кайсы жагынан алсаң да актуалдуу болуп турат.

Биздин өлкөдө бул маселе кандай чечилип жатат жана аны эффективдүү иштеген системага айландырууну негиздеген концепциялар же жолдор иштелип чыктыбы, аны билүүгө мүмкүн болбоду. Басма сөздөгү маалыматтарга караганда бийлик көбүнчө коррупцияны жана коррупциялык схемаларды ачуу жана коррупционерлерди жоопко тартуу багытында иш жүргүзүп жаткандай. Арийне, бул кубанта турган аракет. Бирок ушул проблема менен айланышкан билермандар коррупцияны таптакыр жок кылуумүмкүн эмес экенин айтышат. Ал коомду анын өнүгүү процессинде ылаң сыяктуу коштоп жүргөн кубулуш окшойт.

Ошондон улам өнүккөн өлкөлөр ал ылаңдын ашынган дартка айланып кетпеши үчүн мыйзамдык, фунционалдык милдеттердин так аткарылышы жана системдүү көзөмөл сыяктанган механизмдер аркылуу бөгөт коюп, коррупцияны анын азыктанган чөйрөсүнөн ажыратуунун ар кандай амалдарын колдонуп жатышат.

Алыска барбай эле өзүбүздүн өнөктөшүбүз Россияны алалы. Ашынган коррупция менен алышып айласы кеткенде мамлекеттик башкаруу системасын чыңдоого киришип, мыйзамдарын жаңылап, жаңыларын жазып ишке киргизди. Ошого ылайык ар бир мамлекеттик чиновник иштеген иши жөнүндө отчет, кирешеси жөнүндө декларация берет, өтө кымбат нерсе сатып алса, аны кайсы акчага алганын расмий түшүндүрөт, үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын киреше- чыгашалары да, зарылдык чыкканда, текшерилет.

Эң негизгиси чиновниктин ичип-жегендери далилденсе, ал, кызмат рангасына карабай, камалат, үй-мүлкү конфискацияланат, андай процедурадан бала-чакасы жана жакындары да өтөт. Азыр офшорго, башка өлкөлөргө чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу, көзөмөлдөө ишине байланышкан мыйзамдык жана келишимдик демилгелер ишке ашканы турат. Кыскасы, Россияда коррупциянын фундаменталдык негизи жок кылынбай жатат, ошол рактын шишиги сымал коррупцияны мамлекеттик жана коомдук организм өзү иштеп чыгарат. Анда-санда коррупцияны көрсөтүмүш болуп, талкууга алганы менен, ал көпчүлүк убакта акталат, легалдашат, ал түгүл романтизацияланып да кетет. Ошондон улам Россияда пара албаган кишини апендидей көрүшөт деген кескин сындардан В.Путиндин командасы олуттуу жыйынтык чыгарууга киришкени көрүнүп

турат.

Ал эми Кытай Эл Республикасында коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүүлүгүн 6 жыл ичинде 1 млн. 300 миң кишиге козголгон иштерден, алардын ар кандай жаза алганынан көрсө болот. Кытай жетекчилиги коррупция маселесине бийликтин өлүмү же өмүрү деген маселе катары карашат жана аны №1 жалпы улуттук проблема деп эсептешет. Бирок казынаны уурдагандарды атып, асып жок кылууга болбосуна көзү жеткен бийлик эми камчы менен тап берип, момпосуй менен соороткон саясатка өттү жана бул маселени чечүүнүн реалдуу механизмдерин иштеп чыгууга багыт алды.

Маселен, Россия илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун башчысы Д.Мосяковдун айтымында Кытайда прокуратура, соттор системасы ж.б. тышкары эң кубаттуу эки комитет бар. Биринчиси партиялык көзөмөл боюнча комитет. Ал коррупция, жашоонун деңгээли, чыгашалар жана партия мүчөлөрүнүн жүрүм-турумдук мүнөзү сыяктуу маселелер менен алектенет.

Экинчиси – жарандык көзөмөл комитети. Ал тергеп – териштирүүнү башка тарабынан жүргүзөт. Компаниялардын, жарандык уюмдардын ишмердигин, алардын бийликтегилер менен чырмалышкан коррупциялык байланыштарын, капиталды чыгарып кетүү схемаларын анализдейт.

Ушул эки органдын тең иш козгогонго, ошондой эле бюджеттик каражаттарды чыгымдаган көп миллиарддаган келишимдерге тергөө жүргүзгөнгө укуктары бар. Кытайда мындай иштер бонус, сыйлык, пара берүү менен коштолуп кетерин жакшы билишет.

Эң кызыгы кытайда коррупционер дегендин баарын “чымын,” “жолборс” жана “түлкү” деп үч топко бөлөт экен. “Чымындары”- майда паракорлор, “жолборстору” – партиялык төбөлдөрдүн колу туткак уурулары, “түлкүлөрү”- капиталын куулук кылып чет өлкөгө чыгарып кеткендер. Ошондуктан мында бийликтин аброюн кетирип, мамлекетке зыян келтиргендер менен акыйнек айтышып отурбай, чечкиндүү чара көрүшөт. Кытайлыктардын түшүнүгүндө коррупция деген жөн эле мыйзам бузуу эмес, ал — мамлекеттүүлүктүн негизин урата турган коркунуч. Ушундай коркунучтун реалдуу сөлөкөтүн биз, Кыргызстандыктар, ЖЭБди (ТЭЦти) модеринизациялоо, Датка-Кемин электр линиясын тартуу үчүн карыз алынган, элдин мойнуна илине турган жүздөгөн миллион долларлардын кандай ысырапталганынан, “Дастан” ишканасындагы, жол курулушундагы чеке-башы ачылып жаткан ж.б. иштерден көрүп жатабыз го.

Баса, жол демекчи. Борбор калаабыздын көчөлөрүн көптөн бери реконструкциялоо жүрүп жатат. Анча-мынча эле ыңгайсыздыгы болбосо, бул кубана турган иш. Иштин күнүмдүк нормасынын аткарылышы – экономикалык өсүштү аныктай турган категория. Ал аткарылбаса, пландалган

каражат өз мөөнөтүндө өздөштүрүлбөсө жарытылуу айлык болбойт, айлампага каражат түшпөйт. Натыйжада майда, чакан жана башка ишканалар өндүргөн товар өлүк мүлккө айланып, экономика алсыроо абалына кабылат. Эсиңердедир, өткөндөгү чоң кризисте АКШнын, Япониянын, Швециянын өкмөттөрү чакан жана орто ишканалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн жарандарына 200-300 доллардан бекер берди. Ушундай жол менен алар экономиканын иштеп турушун камсыз кылышкан. Ал эми экономиканын салттуу эрежелерин сактабаган өлкөнүн абалы кандай болорун өз көзүбүз менен көрүп жатабыз.

Арийне,  капиталисттик  чарба жүргүзүүдө  экономика  либералдуу болуш керек, мамлекеттик органдар алардын ишине киришпегени дурус. Бирок ондогон миллион бюджеттик каражат менен келишимдик негизде иштеп жаткан ишкананын келишимдеги милдеттерин кандай аткарып жатканын, каражатты кандай жумшаганын жана аткарган ишинин сапатын мамлекет текшериш керекпи же жөн коюш керекпи? Эл арасындагы сөздөргө кулак салсаң, жол курууда, курулушта иштегендердин алган айлыгы алда канча аз, бул тармакта “серый схемалар” көп дешет. Алардын арасында эмгек китепчеси дегенди көрбөгөндөр бар экен. Анда булардын пенсиялары кандай болот? Кайрат күчкө толгон жигит-кыздарыбыздын кыйынчылыктарга кайыл болуп, туш-тушка жумуш издеп кетип жатканынын себеби ушунданбы деген да ойго кетесиң. Анын айынан эмгектик резервибиз жардыланып, демографиялык кризиске да кабылганы турабыз.

Арийне, мындай катмарланган маселе жарандык коом жапырт киришкенде гана чечилиши мүмкүн. Президент мырза, балким, ошон үчүн коомчулук менен диалогго шашылып жатса керек. Ошентсе да эл байлыгын, ошондон күн көрүүчү, бүгүн төрөлгөн жана эртең төрөлө турган наристелердин, бүгүнкү жана эртеңки кары-картаңдардан ырыскысын талап, тоноп, ошонун эсебинен бала-чакасы да, өзү да бети чымырабай жабыла жыргап жаткан коррупционер сотторду, прокурорлорду, бажы кызматкерлерин жана башка чиновниктерди, каржалып карайлаган калың элди көргөндө өзөгүң өрттөнүп, сай сөөгүң сыздап кетет. Эсиңе орустун улуу жазуучусу Ф.М.Достоевскийдин бир катындагы: “Европалыктар бизди сүйбөйт деп баарыбыз наалып калабыз, адегенде өзүбүздү өзүбүз сүйгөндү үйрөнөлүчү. Биз ошону да билбей жатпайбызбы”, – деген сөздөрү түшөт.

Биз,  кыргыздар,  өзүбүздү,  элибизди,  мекенибизди сүйгөндү качан үйрөнөбүз?!

Абдил ШЕРМАТОВ, И.Арабаев атындагы КМУ